# КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 31-мартындагы № 123 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн салык жол-жоболорун фискалдаштыруунун электрондук системасын киргизүү маселелери боюнча айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө"

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 31-мартындагы № 123 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн салык жол-жоболорун фискалдаштыруунун электрондук системасын киргизүү маселелери боюнча айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө"
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 123
- Кабыл алынган күнү: 31.03.2021
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.12.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/158141>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-20844/edition/1192105/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/158141.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.12.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 31-мартындагы № 123 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн салык жол-жоболорун фискалдаштыруунун электрондук системасын киргизүү маселелери боюнча айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" (13.12.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/158141

---

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ 2021-жылдын 31-марты № 123 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн салык жол-жоболорун фискалдаштыруунун электрондук системасын киргизүү маселелери боюнча айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги № 193 , 2022-жылдын 18-октябрындагы № 570 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

Салык жол-жоболорун фискалдаштыруунун электрондук системасын киргизүүнүн алкагында жүргүзүлүп жаткан салык саясатынын ырааттуулугун камсыз кылуу, айрым товарларды идентификациялоо каражаттары менен маркалоону натыйжалуу киргизүү жана маалыматтарды реалдуу убакыт режиминде берүү функциясы менен контролдук-кассалык машиналарды колдонуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-октябрындагы № 570 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 17-декабрындагы № 690 "Товарлардын айрым түрлөрүн санариптик идентификациялоо каражаттары менен маркалоо боюнча пилоттук (эксперименттик) долбоорду өткөрүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 2 жана 8-пункттарындагы "31-мартына" деген сөздөр "30-июнуна" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлүүчү же импорттолуучу/ташылып келүүчү жана сатылуучу товарлардын идентификациялоо каражаттары менен ыктыярдуу маркаланууга тийиш айрым түрлөрүнүн тизмегинде:

- 3-пункту күчүн жоготту деп таанылсын.

3. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги № 193 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

4. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2021-жылдын 1-апрелинен тартып күчүнө кирет.

Премьер-министр

У.А. Марипов
