# КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 25-мартындагы № 115 "2021-жылдын 1-январынан тартып мөөнөттүү кызматтагы солдаттардын жана матростордун ичинен аскер кызматчыларына майыптыгы боюнча пенсиянын минималдуу өлчөмүн жана Чернобыль АЭСиндеги жана жарандык же аскердик багыттагы башка атомдук объекттердеги авариянын кесепеттерин жоюуга катышуучулардын пенсияларына компенсациялык төлөөлөрдү белгилөө жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 25-мартындагы № 115 "2021-жылдын 1-январынан тартып мөөнөттүү кызматтагы солдаттардын жана матростордун ичинен аскер кызматчыларына майыптыгы боюнча пенсиянын минималдуу өлчөмүн жана Чернобыль АЭСиндеги жана жарандык же аскердик багыттагы башка атомдук объекттердеги авариянын кесепеттерин жоюуга катышуучулардын пенсияларына компенсациялык төлөөлөрдү белгилөө жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 115
- Кабыл алынган күнү: 25.03.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.03.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/158134>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-20837/edition/1056154/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/158134.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.03.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 25-мартындагы № 115 "2021-жылдын 1-январынан тартып мөөнөттүү кызматтагы солдаттардын жана матростордун ичинен аскер кызматчыларына майыптыгы боюнча пенсиянын минималдуу өлчөмүн жана Чернобыль АЭСиндеги жана жарандык же аскердик багыттагы башка атомдук объекттердеги авариянын кесепеттерин жоюуга катышуучулардын пенсияларына компенсациялык төлөөлөрдү белгилөө жөнүндө" токтому (25.03.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/158134

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ 2021-жылдын 25-марты № 115 2021-жылдын 1-январынан тартып мөөнөттүү кызматтагы солдаттардын жана матростордун ичинен аскер кызматчыларына майыптыгы боюнча пенсиянын минималдуу өлчөмүн жана Чернобыль АЭСиндеги жана жарандык же аскердик багыттагы башка атомдук объекттердеги авариянын кесепеттерин жоюуга катышуучулардын пенсияларына компенсациялык төлөөлөрдү белгилөө жөнүндө "Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 23-беренесин ишке ашыруу жана пенсионерлерге мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында, Чернобыль АЭСиндеги авариянын кесепеттерин жоюу иштерине Кыргыз Республикасынын жарандарынын олуттуу салымын таануу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 23-беренесинин "в" пунктунда каралган мөөнөттүү кызматтагы солдаттардын жана матростордун ичинен аскер кызматчыларына майыптыгы боюнча пенсиянын минималдуу өлчөмү 2021-жылдын 1-январынан тартып 4800 сом өлчөмүндө белгиленсин.

2. 2021-жылдын 1-январынан тартып Чернобыль АЭСиндеги жана жарандык же аскердик маанидеги башка атомдук объекттердеги авариянын кесепеттерин жоюуга катышуучулардын "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" жана "Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген пенсияларына ар айлык компенсациялык төлөөлөр төмөнкүдөй өлчөмдөрдө белгиленсин:

1) пенсияларынын өлчөмдөрү 4800 сомдон ашкан адамдарга 400 сомго;

2) пенсияларынын өлчөмдөрү 4800 сомго жетпеген адамдарга 4800 сом менен алуучу пенсиясынын өлчөмүнүн ортосундагы айырма катарында аныкталуучу, бирок 400 сомдон кем эмес өлчөмдө.

3. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги ушул токтомго ылайык пенсияларды жана компенсациялык төлөөлөрдү төлөп берүү үчүн республикалык бюджеттен кошумча каражат караштырсын.

4. Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду ушул токтомдун 1 жана 2-пункттарында каралган пенсияларды жана компенсациялык төлөөлөрдү белгиленген тартипте кайра эсептөө жүргүзсүн жана төлөп берсин.

5. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2021-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

У.А. Марипов
