Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Жазык кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров Кыргызской Республики от 13 января 2023 года № 13 "О признании утратившими силу некоторых решений Правительства Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2023-01-13.
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ 2021-жылдын 24-марты № 114 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Жазык кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Жазык кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр
У.А. Марипов
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Жазык кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 1-берене. Кыргыз Республикасынын Жазык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 2 (2), 79-бер.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 314-беренесинде:
а) 1-бөлүгү "Иши улуттук, этностук, расалык," деген сөздөрдөн кийин "саясий," деген сөз менен толукталсын;
б) 2-бөлүгү "жарандарды анын ишине" деген сөздөрдөн кийин "көндүрүү, азгыруу же" деген сөздөр менен толукталсын.
2) 43-главасы төмөнкүдөй мазмундагы 315-1-берене менен толукталсын:
"315-1-берене. Экстремисттик ишти каржылоо
1. Кыргыз Республикасынын аймагында экстремисттик ишти уюштурууну, даярдоону же жүзөгө ашырууну каржылоо ниетинде же каражаттардын ушул максаттарга толук же жарым жартылай колдонула тургандыгын түшүнүү менен каалагандай методдор же ыкмалар менен, түз же кыйыр (үчүнчү жактар аркылуу) түрдө каражаттарды берүү, финансылык кызматтарды көрсөтүү же каражаттарды чогултуу, -
II категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
2. Төмөнкүдөй жасалган ошол эле жосундар:
1) алдын ала сүйлөшүү боюнча адамдардын тобу тарабынан;
2) өзүнүн кызматтык абалын пайдалануу менен адам тарабынан, -
III категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат. Эскертүү.
1. Ушул беренеде каралган кылмышты биринчи жолу жасаган адам, эгерде ал экстремисттик ишти каржылоо жөнүндө өз ыктыяры менен билдирсе жана (же) кылмышты ачууга жана алдын алууга көмөк көрсөтсө, эгерде анын иш-аракеттеринде кылмыштын башка курамы жок болсо жазык жоопкерчилигинен бошотулат.
2. Ушул беренеде экстремисттик мүнөздөгү кылмышты жасоого даярданып жаткан же жасашкан адамдарга таандык каражаттарды же экстремисттик уюмдун контролундагы каражаттарды алуу же сактоо, же болбосо мындай каражаттар менен операцияларды (бүтүмдөрдү) жасоо же аларды башкаруу финансылык кызмат көрсөтүү болуп таанылат.".
2-берене. Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 2 (2), 80-бер.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 153-беренесинин 9-бөлүгү "313, 315" деген цифралардан кийин ", 315-1" деген цифралар менен толукталсын. 3-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 3
Цитата келтиргендер (4)
- КР Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 27-майындагы № 4581-VI "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Жазык кодексине, Кыргыз Республикасынын…Постановление · 27.05.2021 · № 4581-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 21-апрелиндеги № 4516-VI "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Жазык кодексине, Кыргыз Республикасынын…Постановление · 21.04.2021 · № 4516
- Постановление Жогорку Кенеш Кыргызской Республики 2021-жылдын 16 июнундагы № 4639-VI "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Жазык кодексине…Постановление · 16.06.2021 · № 4639-VI
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 13.01.2023 · № 13
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 13.01.2023 · № 13
- Кылмыш ЖазаКодекс · 01.10.1997 · № 68 · Күчүн жоготкон
- ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИКодекс · 30.06.1999 · № 62 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (3)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик КодексиКодекс · 02.02.2017 · № 20 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Жазык кодексиКодекс · 02.02.2017 · № 19 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон