# КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 23-мартындагы № 110 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-ноябрындагы № 723 "Республикалык бюджеттин долбоорун түзүүнүн жана республикалык бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн тартиби жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 23-мартындагы № 110 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-ноябрындагы № 723 "Республикалык бюджеттин долбоорун түзүүнүн жана республикалык бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн тартиби жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 110
- Кабыл алынган күнү: 23.03.2021
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 15.05.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/158129>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-20833/edition/1252276/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/158129.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.05.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 23-мартындагы № 110 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-ноябрындагы № 723 "Республикалык бюджеттин долбоорун түзүүнүн жана республикалык бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн тартиби жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (15.05.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/158129

---

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 15-майындагы № 248 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

2021-жылдын 23-марты № 110 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-ноябрындагы № 723 "Республикалык бюджеттин долбоорун түзүүнүн жана республикалык бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн тартиби жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун даярдоону каржылоо фондунун каражаттарынын эсебинен мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун даярдоону каржылоо механизмин жөнөкөйлөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-ноябрындагы № 723 "Республикалык бюджеттин долбоорун түзүүнүн жана республикалык бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн тартиби жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Республикалык бюджеттин долбоорун түзүүнүн жана республикалык бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн тартибинде:

- 19-пункту төмөнкүдөй мазмундагы он жетинчи абзац менен толукталсын:

"- Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун даярдоону каржылоо фонду;";

- төмөнкүдөй мазмундагы 25-1-пункт менен толукталсын:

"25-1. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун даярдоону каржылоо фондунун каражаттарынын эсебинен мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун даярдоого чыгымдарды каржылоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-мартындагы № 147 "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун даярдоону каржылоо жөнүндө" токтомунун 3-пунктуна ылайык Фонддун Байкоочу кеңешинин чечиминин негизинде жүргүзүлөт.".

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр

У.А. Марипов
