# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 23-марты № 104 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 1-мартындагы № 65 "Жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларынын жана алардын орун басарларынын кызмат орундарына кадрлар резервин түзүү жана аттестациялоо маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 23-марты № 104 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 1-мартындагы № 65 "Жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларынын жана алардын орун басарларынын кызмат орундарына кадрлар резервин түзүү жана аттестациялоо маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 104
- Кабыл алынган күнү: 23.03.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.03.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/158123>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-20827/edition/1088022/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/158123.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.03.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 23-марты № 104 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 1-мартындагы № 65 "Жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларынын жана алардын орун басарларынын кызмат орундарына кадрлар резервин түзүү жана аттестациялоо маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (23.03.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/158123

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

2021-жылдын 23-марты № 104 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 1-мартындагы № 65 "Жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларынын жана алардын орун басарларынын кызмат орундарына кадрлар резервин түзүү жана аттестациялоо маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларын жана алардын орун басарларын аттестациядан өткөрүүнү камсыздоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 1-мартындагы № 65 "Жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларынын жана алардын орун басарларынын кызмат орундарына кадрлар резервин түзүү жана аттестациялоо маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларын жана алардын орун басарларын аттестациялоо боюнча аттестациялык комиссиянын курамына төмөнкүлөр киргизилсин:

- Кожоев Мирбек Кокулбаевич, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын мамлекеттик башкаруу саясаты жана уюштуруу-инспектордук иштер бөлүмүнүн башчысынын орун басары, өнүктүрүүгө мониторинг жүргүзүү секторунун башчысы (макулдашуу боюнча);

- Рысалиев Сейит Максутович, Кыргыз Республикасынын экономика жана финансы министринин орун басары;

2) А.А.Орозалиев, Д.Ш.Иманалиев аттестациялык комиссиянын курамынан чыгарылсын.

2. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2021-жылдын 11-мартынан тартып күчүнө кирет.

Премьер-министр

У.А. Марипов
