Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 1-мартындагы № 65 „Жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларынын жана алардын орун басарларынын кызмат орундарына кадрлар резервин түзүү жана аттестациялоо маселелери жөнүндө“ токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2021-жылдын 23-марты № 104 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 1-мартындагы № 65 "Жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларынын жана алардын орун басарларынын кызмат орундарына кадрлар резервин түзүү жана аттестациялоо маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларын жана алардын орун басарларын аттестациядан өткөрүүнү камсыздоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 1-мартындагы № 65 "Жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларынын жана алардын орун басарларынын кызмат орундарына кадрлар резервин түзүү жана аттестациялоо маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларын жана алардын орун басарларын аттестациялоо боюнча аттестациялык комиссиянын курамына төмөнкүлөр киргизилсин:
- Кожоев Мирбек Кокулбаевич, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын мамлекеттик башкаруу саясаты жана уюштуруу-инспектордук иштер бөлүмүнүн башчысынын орун басары, өнүктүрүүгө мониторинг жүргүзүү секторунун башчысы (макулдашуу боюнча);
- Рысалиев Сейит Максутович, Кыргыз Республикасынын экономика жана финансы министринин орун басары;
2) А.А.Орозалиев, Д.Ш.Иманалиев аттестациялык комиссиянын курамынан чыгарылсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2021-жылдын 11-мартынан тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр
У.А. Марипов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 1-мартындагы № 65 "Жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларынын жана алардын орун басарларынын кызмат орундарына кадрлар…Постановление · 01.03.2021 · № 65 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 1-мартындагы № 65 "Жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларынын жана алардын орун басарларынын кызмат орундарына кадрлар…Постановление · 01.03.2021 · № 65 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон