Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигине караштуу Энергетика, тоо-кен көзөмөлү жана өнөр жай коопсуздугу боюнча мамлекеттик инспекция жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна)
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров Кыргызской Республики от 24 декабря 2021 года № 338 "О вопросах подведомственных подразделений Министерства природных ресурсов, экологии и технического надзора Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2021-12-24.
Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 338 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
7-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-мартындагы № 80 токтомуна)
Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигине караштуу Энергетика, тоо-кен көзөмөлү жана өнөр жай коопсуздугу боюнча мамлекеттик инспекция жөнүндө жобо
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигине караштуу Энергетика, тоо-кен көзөмөлү жана өнөр жай коопсуздугу боюнча мамлекеттик инспекция Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин энергетика, өнөр жай коопсуздугу, геологиялык иштерди жүргүзүү жана жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү мыйзамдарды, ошондой эле мунайзаттарынын коопсуздугун камсыздоо боюнча милдеттүү талаптарды сактоо боюнча контролдоо жана көзөмөлдөө функцияларын ишке ашырууга ыйгарым укуктуу ведомстволук бөлүмү болуп саналат.
2. Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигине караштуу Энергетика, тоо-кен көзөмөлү жана өнөр жай коопсуздугу боюнча мамлекеттик инспекция (мындан ары - Маминспекция) энергетика, өнөр жай коопсуздугу, геологиялык иштерди жүргүзүү жана жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү мыйзамдарды, ошондой эле мунайзаттарынын коопсуздугун камсыздоо боюнча милдеттүү талаптарды сактоо боюнча контролдоо жана көзөмөлдөө функциялары бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын укук улантуучусу болуп саналат.
3. Маминспекция өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын, техникалык регламенттерди жана Кыргыз Республикасы катышкан эл аралык келишимдерди, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
4. Маминспекция юридикалык жак болуп саналат, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн, мамлекеттик жана расмий тилдерде аталышы жазылган мөөрү, ошондой эле башка мөөрлөрү, штамптары, белгиленген үлгүдөгү бланктары жана казыналык системасындагы башка эсептери бар.
5. Мамлекеттик инспекциянын расмий аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигине караштуу Энергетика, тоо-кен көзөмөлү жана өнөр жай коопсуздугу боюнча мамлекеттик инспекция";
- расмий тилде: "Государственная инспекция по энергетическому, горному надзору и промышленной безопасности при Министерстве энергетики и промышленности Кыргызской Республики".
6. Юридикалык дареги: 720055, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Ахунбаев көч., 119.
2-глава. Маминспекциянын максаты
7. Маминспекциянын максаты энергетика, өнөр жай коопсуздугу, геологиялык иштерди жүргүзүү жана жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү мыйзамдардын ченемдеринин жана талаптарынын, ошондой эле мунайзаттарынын коопсуздугун камсыздоо боюнча милдеттүү талаптардын сакталышына мамлекеттик контроль жана көзөмөл жүргүзүү болуп саналат.
3-глава. Маминспекциянын негизги милдеттери
8. Төмөнкүлөр Маминспекциянын негизги милдеттери болуп саналат:
- юридикалык жана жеке жактар тарабынан энергетика, өнөр жай коопсуздугу, геологиялык иштерди жүргүзүү жана жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актылардын жана техникалык регламенттердин талаптарынын, ошондой эле мунайзаттарынын коопсуздугун камсыздоо боюнча милдеттүү талаптардын сакталышына мамлекеттик контроль жана көзөмөл жүргүзүү;
- энергетика, өнөр жай жана жер казынасын пайдалануу секторунда авариялардын жана кырсыктардын кесепеттеринен мамлекеттин, менчигинин түрүнө карабастан уюмдардын жана жарандардын кызыкчылыктарын коргоо.
3-глава. Маминспекциянын функциялары
9. Маминспекция белгиленген иш чөйрөсүндө төмөнкүдөй функцияларды аткарат:
1) энергетика жаатындагы мамлекеттик контролдоо жана көзөмөлдөө функцияларын:
- белгиленген тартипте төмөнкүлөрдү контролдойт жана көзөмөлдөйт:
электр жана жылуулук тармактарын, энергетикалык жабдууларды монтаждоодо жана жөндөөдө коопсуз эксплуатациялоо эрежелеринин талаптарын сактоону; өндүрүүчү, берүүчү жана бөлүштүрүүчү энергетикалык компаниялар, өнөр жай жана башка ишканалар, уюмдар, мекемелер жана турмуш-тиричиликтик керектөөчүлөр тарабынан электр орнотмолорунун түзүлүшүнүн эрежелеринин, электр жана жылуулук тармактарын техникалык эксплуатациялоо эрежелеринин, коопсуздук техникасынын эрежелеринин, электр жана жылуулук энергиясын пайдалануу эрежелеринин талаптарынын, техникалык талаптардын жана башка ченемдик укуктук актылардын сакталышын; өндүрүүчү, берүүчү жана бөлүштүрүүчү энергетикалык компаниялар, лицензиаттар жана керектөөчүлөр тарабынан электр жана жылуулук орнотмолорун жана жабдууларын эксплуатациялоодо техникалык талаптардын техникалык регламенттеринин сакталышын; электр жана жылуулук энергиясын өндүрүүдө, берүүдө, бөлүштүрүүдө жана керектөөдө алардын сарамжалдуу пайдаланылышын; жаңы даярдалган, реконструкцияланган, оңдолгон жана жеткирип берилген энергетикалык жабдуулардын натыйжалуулугу жана эксплуатациялоо коопсуздугу бөлүгүндө ченемдерге, техникалык регламенттерге жана башка ченемдик укуктук актыларга шайкештигин; колдонуудагы жана колдонууга киргизилген, ошондой эле реконструкцияланган жана модернизацияланган энергия сыйымдуу орнотмолорго жана жабдууларга ишканалар, уюмдар жана мекемелер тарабынан энергетикалык сыноолордун жүргүзүлүшүн; өндүрүүчү, берүүчү жана бөлүштүрүүчү энергетикалык компаниялар, ошондой эле лицензиаттар тарабынан электр энергетика уюмдарында персонал менен иштөө эрежелеринин талаптарынын аткарылышын; техникалык шарттарда көрсөтүлгөн иш-чаралардын аткарылышын, ченемдик укуктук актыларга ылайык жаңыдан ишке киргизилген жана реконструкцияланган электр, жылуулук орнотмолорун эксплуатациялоого уруксат берилишин;
2) тоо-кен иштери жаатында мамлекеттик контролдоо жана көзөмөлдөө функцияларын:
- белгиленген тартипте төмөнкүлөрдү контролдойт жана көзөмөлдөйт:
пайдалуу кен чыккан жерлерди чалгындоодо жана иштетүүдө, иштелип бүткөн тоо-кен өндүрүүлөрүн жана чарбалык керектөөлөр үчүн жер алдындагы табигый көңдөйлөрдү пайдаланууда маркшейдерлик жана геологиялык иштерди жүргүзүү эрежелеринин сакталышын; жер казынасын пайдаланууга байланышкан иштерди коопсуз жүргүзүү талаптарынын сакталышын; уюмдардын, тоо-кен-куткаруу түзүлүштөрүнүн, газ-куткаруу жана авариялык-куткаруу кызматтарынын мүмкүн болгон авариялардын кесепеттерин жоюуга даярдыгын; жардыруу иштеринде колдонулуучу өнөр жайлык жарылуучу материалдарды, жөнөкөй жарылуучу заттарды, жабдууларды жана приборлорду иштеп чыгууну, өндүрүүнү, сыноону, сактоону, эсепке алууну, колдонууну жана жок кылууну; жер алдындагы транспорттук жана гидротехникалык объекттерди курууну жана эксплуатациялоону, калдык, гидроотвал жана шлам чарбаларын эксплуатациялоону; өнөр жай коопсуздугунун ведомстволук кызматтарын туура уюштурууну (өндүрүштүк контроль), ушул кызматтардын кызматкерлеринин квалификациялык талаптарга ылайык келүүсүн, ошондой эле алар жүргүзгөн иштин толуктугун; өнөр жай коопсуздугу жаатындагы техникалык регламенттерди, ченемдик укуктук актыларды (документтерди) сактоо жана коопсуздукту камсыз кылууга, тоо-кен өндүрүүлөрүнүн урап түшүүсүн болтурбоого байланышкан сактоочу тирөөч бардык түрлөрүнүн параметрлерин белгилөө бөлүгүндө тоо-кен, геологиялык чалгындоо, бургулоо иштеринин жана жардыруу иштеринин бардык түрлөрүн туура жүргүзүүнү; чарбалык муктаждыктар үчүн иштелип бүткөн өндүрүүлөрдү жана жер алдындагы табигый көңдөйлөрдү пайдаланууну; тоо-кен жана жардыруу иштерин коопсуз жүргүзүүнүн, ошондой эле шахталарга жана кен чыккан жерлерге суунун жырып кирүүсүнүн алдын алуу боюнча иш-чараларды аткаруунун тууралыгын; кен казуучу ишканалардын объекттерин коопсуз эксплуатациялоону жана руданы кайра иштетүүчү өндүрүштөрдүн өнөр жайлык калдыктарынын топтолушун;
3) жер казынасын коргоо жаатында мамлекеттик контролдоо жана көзөмөлдөө функцияларын:
- белгиленген тартипте төмөнкүлөрдү контролдойт жана көзөмөлдөйт:
пайдалуу кен чыккан жерди издөө, геологиялык изилдөөнү чалгындоо, өнөр жайлык өздөштүрүү баскычтарында, ошондой эле минералдык чийки затты казып алууда жана кайра иштетүүдө жер казынасын сарамжалдуу пайдаланууну жана коргоону; геологиялык, тоо-кен жана жер бөлүү чек араларында жер казынасын коргоону; жер казынасын изилдөөдө жана өнөр жайлык өздөштүрүүдө жер казынасын сарамжалдуу пайдаланууну жана коргоону; пайдалуу кен чыккан жерлерди издөөдө, чалгындоодо, иштетүүдө маркшейдерлик жана геологиялык иштерди жүргүзүүнүн эрежелерин сактоону; геологиялык изилдөөлөрдүн баштапкы материалдарынын сакталышын; кен чыккан жердин өнөр жайлык баалуулугун төмөндөтүү, пайдалуу кендерди казып алууда жана кендердин минералдык чийки затын кайра иштетүүдө пайдалуу компоненттердин ченемден ашыкча жоготууларынын пайда болуусу менен кен чыккан жерлердин сарамжалсыз жана тандап иштетилишине, кен чыккан жерлердин запастарынын бузулушуна жол бербөөнү; техникалык-экономикалык негиздемеге (эсептөөгө) жана техникалык долбоорго ылайык жер казынасынан негизги запастарды жана аны менен катар жайгашкан пайдалуу кендерди толук бөлүп алууну камсыз кылууну; жер казынасын пайдалануу укугуна лицензиянын лицензиялык макулдашуусунда, техникалык долбоорлордо, тоо-кен иштерин өнүктүрүүнүн пландарында жана жумуштарды аткаруу үчүн башка документтерде камтылган жер казынасын пайдалануу шарттарынын аткарылышын; жер казынасындагы казылып алынган жана бүткөн пайдалуу кендердин запастарын жана аларды казып алуудагы жоготууларды; пайдалуу кен чыккан жерлерди суу каптоодон, суу басып кетүүдөн, өрттөн жана пайдалуу кендердин сапатын, кен чыккан жердин өнөр жай баалуулугун төмөндөтүүчү же аларды иштетүүнү татаалдаштыруучу башка факторлордон сактоону; жер астындагы, термоминералдык жана дары суулардын азайышына жана булганышына, максаттуу багыты боюнча пайдаланылбагандыгына, кийин эксплуатациялоо үчүн жарактуу болгон гидрогеологиялык скважиналардын жок кылынышын, бузулушун же сакталышы камсыздалбагандыгына жол бербөөнү; тоо-кен иштерин колдонууда билинген минералдык чийки затты казып алууда жана кайра иштетүүдө, жер казынасында запастарды жайгаштыруунун жаратылыштык шарттарына жана пайдалуу кендердин сапаттык мүнөздөмөлөрүнө ылайык келбеген минералдык чийки затты кайра иштетүү технологияларынын сакталышын; жер казынасын геологиялык изилдөөдө, пайдалуу кен чыккан жерлерди иштетүүдө, жер астындагы сууларды тандоодо, пайдалуу кендерди иштетүүгө байланышпаган жер астындагы курулуштарды курууда жана эксплуатациялоодо жер участокторун рекультивациялоого, каражаттарды топтоо боюнча талаптардын, ошондой эле жер участокторун рекультивациялоонун аткарылышын; пайдалуу кен чыккан жерлерди, жер астындагы сууларды иштетүүдө жана геодезиялык жана маркшейдерлик белгилердин бузулушунда гидрогеологиялык, геологиялык жана маркшейдерлик камсыздоо эрежелеринин сакталышын; жер казынасын өздөштүрүүдө эсепке алуу жана геологиялык-маркшейдерлик камсыздоо эрежелеринин, запастардын абалынын жана кыймылынын, эсепке алууну жүргүзүүнүн жоготууларынын жана кунарсыздандыруунун эрежелеринин сакталышын; пайдалуу кендердин чалгындалган жана бүткөн запастары боюнча отчеттордун аныктыгын камсыздоону; геологиялык, тоо-кен техникалык жана технологиялык документтерди жүргүзүүнүн белгиленген эрежелерин сактоону; жер казынасын пайдалануучу тарабынан өткөн жылга отчетторду жана кийинки жылга тоо-кен иштерин өнүктүрүүнүн пландарын берүү мөөнөттөрүнүн сакталышын; пайдалуу кендердин запастарынын бүтүшүн жана эсептен чыгарылышын геологиялык-маркшейдерлик эсепке алуунун эрежелерде жана башка ченемдик укуктук актыларда белгиленген стандарттарынын сакталышын; техникалык долбоордо белгиленген ченемден ашыкча казып алууда алтындын жана башка баалуу металлдардын ченемден ашыкча жоготууларына жол бербөөнү; баалардын жана өнөр жай технологияларынын аталган деңгээлинде өз алдынча иштетүү пайдалуу болбогон, иштелип бүтпөгөн участоктордун тоо-кен тилкесинин чегинде жана чегинен тышкары калышына жол бербөөнү; жер казынасынан пайдалуу кендерди казып алуунун геологиялык-маркшейдерлик эсебин бурмалоолорго жол бербөөнү; пайдалуу кендерди казып алууда ченемден ашык жоготуулардын пайда болушуна жол бербөөгө жана мамлекетке келтирилген экономикалык зыяндын рыноктук наркын аныктайт; кайра иштетүүдө техникалык долбоор менен белгиленген ченемдерден ашыкча технологиялык казып алуунун бузулушуна жол бербөөгө жана жоголгон пайдалуу кендин рыноктук наркын аныктайт; Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда жана тартипте мамлекеттик зыяндын ордун толтурууга жана экономикалык маанисин жоготкон резервдердин санына жана баалуулугуна ылайык жоготуулардын өлчөмүн аныктайт; жер казынасын пайдалануучу жалпы мамлекеттик маанидеги объекттер боюнча лицензиялоонун шарттарында каралган объекттерди эксплуатацияга берүү мөөнөттөрүнүн бузулушуна жол бербөөгө;
- жер казынасынан пайдалуу кендерди казып алуунун геологиялык-маркшейдерлик же статистикалык эсепке алууну бурмалоодон келип чыккан зыянды жана экономикалык зыяндын рыноктук наркын аныктайт;
- өндүрүү учурунда жана товардык баланста бурмалоонун көлөмү боюнча алтындын наркын аныктайт;
- Кыргыз Республикасынын аймагынан ташып чыгууда жана Кыргыз Республикасынын аймагына ташып кирүүдө баалуу металлдарды жана кошо иргелип алынуучу металлдарды камтыган руданын, концентраттардын жана калдыктардын документте декларацияланып көрсөтүлгөндөр менен шайкеш келүүсүнө контролдук текшерүү жүргүзөт;
- лицензиялык макулдашуу боюнча лицензиялык аянттын бурчтук чекиттеринин координатынын пайдалуу кендерди издөөдө, чалгындоодо жана иштетүүдө иштерди жүргүзүүнүн анык орду менен шайкештигинин тууралыгын текшерет жана жер казынасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга тийиштүү сунуштарды киргизет;
- пайдалуу кендердин запасын мамлекеттик баланска коюуда курамы, саны, абалы жөнүндө геологиялык отчеттордун жана башка документтердин же пайдалуу кендерди казып алуучу ишканаларды куруу жана эксплуатациялоо үчүн шарттардын тууралыгын, алар тарабынан геологиялык документтердин, дубликаттардын, жер казынасын жана кен чыккан жерди андан аркы геологиялык изилдөөдө пайдалуу кендердин жана керндердин сынамдарынын сакталышын текшерет;
- рудалардын жана баалуу металлдардын концентраттарынын камтылышы боюнча контролдук талдоо жүргүзөт;
4) өнөр жай коопсуздугу жаатындагы мамлекеттик контролдоо жана көзөмөлдөө функциялары:
- белгиленген тартипте төмөнкүлөрдү контролдойт жана көзөмөлдөйт:
кооптуу өндүрүштүк объекттерди курууда, монтаждоодо, кеңейтүүдө, реконструкциялоодо, техникалык жактан кайра жабдууда, эксплуатациялоодо, консервациялоодо же жоюуда, кооптуу өндүрүштүк объекттерде колдонулуучу техникалык түзүлүштөрдү даярдоодо, монтаждоодо, жөндөөдө, тейлөөдө жана оңдоодо, кооптуу өндүрүштүк объекттерде кооптуу заттарды ташууда өнөр жай коопсуздугунун талаптарын сактоону; басым алдында иштеген буу казандарын (а.и. электроддук) жана идиштерди, суу ысыткыч казандарын, газдаштырылган казандарды, буу жана ысык суу үчүн I, II, III категориядагы өткөргүч түтүктөрдү, мунай продуктуларын жана газдарды сактоочу жана берүүчү жабдууларды жана каражаттарды, шаарлардагы, шаар тибиндеги поселкалардагы жана айыл жерлериндеги газ менен камсыздоочу системаларды даярдоодо, курууда, диагностикалоодо, реконструкциялоодо, монтаждоодо, ишке киргизүү-жөнгө салууда, оңдоодо жана эксплуатациялоодо, ошондой эле табигый жана суюлтулган (пропан-бутан) газдарды, суюк хлорду жана аммиакты, баллондорду кычкылтек, көмүр кислотасы, аргон, ацетилен менен толтуруучу станцияларды, суутек станцияларын, металлдарды газ жалыны менен иштетүүчү постторду, стационардык түрдө орнотулган жүк көтөргүч механизмдерди, лифттерди (аз жүк көтөрүүчүлөрдөн башкасын), аттракциондорду, эскалаторлорду, фуникулерлорду, жүргүнчүлөрдү жана жүк ташуучу асма жолдорду ташуу, сактоо жана пайдалануу менен байланышкан иштерди жүргүзүүдө коопсуздук боюнча талаптарды сактоону; ведомстволук өнөр жай коопсуздугу боюнча кызматтарды туура уюштурууну (өндүрүштүк контроль), ушул кызматтардын кызматкерлеринин квалификациялык талаптарга шайкештигин, ошондой эле алардын ишинин толуктугун;
5) мунай продуктуларынын коопсуздугун камсыздоо жаатындагы мамлекеттик контролдоо жана көзөмөлдөө функциялары:
- мунай продуктуларынын коопсуздугун камсыздоо боюнча милдеттүү талаптар чөйрөсүндөгү мыйзамдардын сакталышын контролдойт жана көзөмөлдөйт;
6) колдоо функциялары:
- өз компетенциясынын чегинде маселелерди чечүүдө юридикалык жана жеке жактар менен өз ара аракеттенет;
- мындан аркы ушул сыяктуу бузуулардын алдын алуу боюнча иш-чараларды иштеп чыгуу менен системалар аралык, системалык, жергиликтүү авариялардын жана энергия системаларынын ишинде технологиялык бузуулардын себептерин жана кесепеттерин ыкчам иликтөөгө жана жоюуга, ошондой эле энергия жабдууларын, энергия ишканаларынын жана керектөөчүлөрдүн электр өткөргүч линияларын эксплуатацияга киргизүүгө катышат;
- менчигинин түрүнө жана ведомстволук таандыгына карабастан энергия менен жабдуучу уюмдардын жетекчилеринин жана керектөөчүлөрдүн энергиялык коопсуздук маселелери боюнча билимдерин текшерет (мезгилдүү жана кезексиз тартипте);
- өзүнүн чечими менен менчигинин түрүнө жана ведомстволук таандыгына карабастан энергия менен жабдуучу уюмдардын кызматкерлеринин жана керектөөчүлөрдүн энергиялык коопсуздук маселелери боюнча билимин текшерүү боюнча комиссиянын ишине катышат;
- натыйжалуу жана ишеничтүү эксплуатациялоонун, ошондой эле тейлөө коопсуздугунун талаптарына жооп бербеген электр жана жылуулук колдонуучу жабдууларды өндүрүштөн алып салуу тууралуу чечим кабыл алат;
- өндүрүштөгү кырсыктардын себептерин жана жагдайларын белгиленген тартипте изилдейт, өндүрүштөгү кырсыктарды териштирүү боюнча комиссиянын ишин уюштурат;
- Кыргыз Республикасынын энергияны иштеп чыгуучу, өткөрүп берүүчү жана бөлүштүрүүчү компанияларынын жабдууларындагы бузуулар боюнча териштирүүлөргө материалдарды чогултат жана бузууларды иликтөө актылары боюнча жыйынды отчетту түзөт;
- энергия компаниялары тарабынан белгиленген тартипте берилген энергия - 16 формасы боюнча отчетторду жыйнайт жана Кыргыз Республикасынын энергия системасынын энергияны өндүрүүчү, өткөрүп берүүчү жана бөлүштүрүүчү уюмдарынын иштеринде бузууларды териштирүү жана эсепке алуу эрежелеринин энергия - 16 формасы боюнча жыйынды отчетту түзөт;
- курулушу аяктаган пайдаланууга берилүүчү объектини электр тармактарына кошуу жөнүндө ырастоо берет;
- административдик укук бузуулар жөнүндө материалдарды карайт, берилген ыйгарым укуктарынын чегинде юридикалык жана жеке жактарга, кызмат адамдарына жана кызматкерлерге карата айыптарды жана башка административдик жаза чараларын колдонот;
- кен өндүрүшүндөгү жана кооптуу өндүрүштүк объекттердеги авариялардын, кырсыктардын себептерине жана жагдайларына техникалык териштирүү жүргүзөт;
- кооптуу өндүрүштүк объекттерди эксплуатацияга кабыл алуу боюнча жумушчу комиссиялардын ишине катышат;
- кооптуу өндүрүштүк объекттердин жетекчилеринин, адистеринин, инженердик-техникалык кызматкерлеринин жана тейлөөчү персоналдын билимин текшерет;
- кооптуу өндүрүштүк объекттерде колдонулуучу түзүлүштөргө жана жабдууларга белгиленген тартипте техникалык күбөлөндүрүү жүргүзөт;
кооптуу өндүрүштүк объекттерди долбоорлоо боюнча жетекчилерди, башкы адистерди жана адистерди аттестациядан өткөрөт;
- кооптуу өндүрүштүк объектинин тейлөөчү персоналынын билимин текшерүү боюнча комиссиянын ишине катышат;
- көзөмөлгө алынган объекттердеги авариялардын, кырсыктардын себептерине жана жагдайларына техникалык териштирүү жүргүзүүдө комиссиялардын ишине катышат;
- техникалык регламенттер менен аныкталган кооптуу өндүрүштүк объекттерде колдонулуучу кооптуу өндүрүштүк объекттердин жана техникалык түзүлүштөрдүн реестрин жүргүзөт.
5-глава. Маминспекциянын укуктары
10. Маминспекция төмөнкүдөй укуктарга ээ:
- менчигинин түрүнө жана уюштуруу-укуктук формасына карабастан бардык уюмдарда текшерүүлөрдү жүргүзүүгө, ошондой эле көзөмөлдө турган объекттерге тоскоолдуксуз кирүүгө;
- менчигинин түрүнө карабастан жеке жана юридикалык жактарга жаратылыш ресурстарын сарамжалсыз пайдалануунун натыйжасында айлана-чөйрөгө келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча талаптарды (дооматтарды) коюуга;
- адамдардын өмүрүн жана ден соолугун камсыз кылууга байланышкан өзгөчө кырдаалдарда (экологиялык жана техногендик мүнөздөгү авария болгондо же анын коркунучу келип чыкканда) себептерин жана калктын ден соолугунун жана айлана-чөйрөнүн абалына жол берилгис таасир этүүнүн булактарын аныктоо жана аларды жоюу боюнча чара көрүү максатында жазуу жүзүндөгү көрсөтмөнү албастан, күндүн убактысына карабай текшерүүлөрдү токтоосуз жүргүзүүгө;
- менчигинин түрүнө карабастан, юридикалык жана жеке жактарга текшерүү учурунда аныкталган бузууларды жоюу жөнүндө аткаруу үчүн милдеттүү болгон жазма буйруктарды (билдирүүлөрдү, көрсөтмөлөрдү) мамлекеттик органдарга киргизүүгө;
- бузуулардын мүнөзүн эске алуу менен негизделген мөөнөттө бузууларды жоюуну талап кылууга;
- укук бузуулардын материалдарын кароого, берилген ыйгарым укуктарынын чегинде юридикалык, жеке жана кызмат адамдарына карата айыптарды жана башка жаза чараларын колдонууга;
- бузууга жол берген адамдарды жоопкерчиликке тартуу жөнүндө маселени кароо үчүн көзөмөл, сот жана укук коргоо органдарына материалдарды берүүгө;
- өз компетенциясынын чегинде маселелерди кароо үчүн эксперттерден жана адистерден турган жумушчу топторду жана комиссияларды белгиленген тартипте түзүүгө;
- зарыл болгон учурда жабдууларга жана материалдарга контролдук сыноолорду жүргүзүүгө, жумушчу чөйрөнү жана айлана-чөйрөнү контролдук талдоого, ошондой эле колдонуудагы эрежелердин чегинде жабдууларды күбөлөндүрүүгө мамлекеттик башкаруу органдарын, уюмдарды дайындоого;
- республиканын мамлекеттик башкаруу органдары, уюмдары, илимий-изилдөө жана долбоорлоо-конструктордук институттары менен макулдашуу боюнча текшерүүлөрдү, көз карандысыз экспертизаны жана өндүрүштүн, объекттердин жана жумуштардын коопсуздугуна байланышкан иштеп чыгууларды жүргүзүү үчүн алардын адистерин ишке тартууга;
- мамлекеттик башкаруу органдарынын жетекчилеринен жана башка кызмат адамдарынан, юридикалык жана жеке жактардан көзөмөлдөө жана контролдоо функцияларын аткаруу үчүн зарыл болгон документтерди, түшүндүрмөлөрдү, маалыматтарды суратууга жана кайтарымсыз алууга;
- уруксаттардын (күбөлүктөрдүн) колдонуу шарттары аткарылбаган учурларда же жазык жоопкерчилигине алып келбеген одоно бузуулар аныкталганда мамлекеттик органдарга (лицензиарларга) лицензиялардын колдонулушун токтото туруу же аны кайра чакыртуу, уруксаттардын жана күбөлүктүн колдонулушун токтото туруу, ошондой эле күбөлүктөрдүн колдонулушун токтото туруу жөнүндө сунуштамаларды белгиленген тартипте киргизүүгө;
- документтерди, шаймандарды (предметтерди) текшерүүгө, кароого, кармоого жана алып коюуга;
- бузуулар боюнча түзүлгөн актылардын эрежелердин жана башка ченемдик актылардын талаптарына шайкештигин жана чарба жүргүзүүчү субъекттер тарабынан чегерилген суммалардын туура эсептелишин текшерүүгө;
- натыйжалуу жана ишенимдүү эксплуатациялоонун, ошондой эле тейлөө коопсуздугунун талаптарын канааттандырбаган электр жана жылуулук колдонуучу жабдууларды өндүрүштөн алып салууга;
- авария, өрт же болбосо адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келтирген бузуулар аныкталганда юридикалык жактардын жетекчилеринен, ошондой эле жеке адамдардан электр, жылуулук колдонуучу, газ жабдууларын токтоосуз өчүрүүнү талап кылууга;
- текшерүүлөрдү жүргүзүү үчүн тиешелүү мамлекеттик органдар жана уюмдар менен макулдашуу боюнча алардын адистерин тартууга;
- жаңы жана реконструкциялануучу электр, газ жана жылуулук колдонуучу орнотмолордун долбоорлорунун колдонуудагы эрежелерге шайкештигин текшерүүгө жана аныкталган бузууларды жоюу жөнүндө жазма буйруктарды берүүгө;
- белгиленген тартипте уруксат кагаздарынын колдонулушун токтото турууга жана аларды чакыртып алууга, жардыргыч материалдарды эсепке алуунун, сактоонун жана пайдалануунун белгиленген тартибин бузган адамдардын күбөлүктөрүнүн колдонулушун токтото турууга;
- ишканалардын, уюмдардын, мекемелердин жана башка чарбалык түзүлүштөрдүн жаңы, реконструкциялануучу электр жана жылуулукту колдонуучу орнотмолорун, ошондой эле жаратылыш газын эсепке алуу түйүндөрүн сыноого жана ишке киргизүүгө байланыштуу маселелерди кароого;
- энергетикалык уюмдар менен керектөөчүлөрдүн ортосунда келип чыккан чыр-чатактарды кароого;
- Маминспекциянын техникалык кеңешинде түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрдүн отчетторун угууга;
- бюджеттик уюмдардын энергетикалык паспортторунун туура толтурулушун текшерүүгө;
- электр жылуулук орнотмолорунун иштин лицензиялануучу түрлөрүн жүргүзүү мүмкүндүгү боюнча ченемдик укуктук актылардын талаптарына шайкеш келишине техникалык текшерүү жүргүзүүгө;
- күзгү-кышкы мезгилде чарбалык субъекттердин кышкы шарттарда иштөөгө даярдыгын текшерүү боюнча комиссиялардын ишине катышууга;
- шайкештиги милдеттүү түрдө ырасталууга тийиш энергетика, өнөр жай жана жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү продукцияны даярдоочуну (аткаруучуну, сатуучуну) белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчиликке тартууга;
- адамдардын, жаныбарлардын өмүрүнө, ден соолугуна жана айлана-чөйрөгө коркунуч келтирген өзгөчө кырдаалдар келип чыккан учурда шайкештиги милдеттүү ырасталууга тийиш продукцияны өндүрүү, сактоо, ташуу, сатуу жана эксплуатациялоо процесстерине толук же жарым-жартылай тыюу салуу (токтото туруу) боюнча чараларды өз алдынча көрүүгө;
- шайкештиги милдеттүү түрдө ырасталууга тийиш өндүрүлүүчү жана (же) сатылуучу кооптуу же контрофакттык (жасалма) продукция жөнүндө кызыкдар жактарга жана потенциалдуу керектөөчүлөргө түздөн-түз же жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу билдирүүгө;
- жооптуу адамдарды кылмыш жоопкерчилигине тартуу маселесин кароо үчүн тиешелүү учурларда материалдарды тергөө органдарына өткөрүп берүүгө;
- зарыл болгон учурда мамлекеттик органдар, уюмдар тарабынан жабдууларды жана материалдарды контролдук сыноолорду, жумушчу жана айлана-чөйрөнү контролдук анализдерди, ошондой эле колдонуудагы эрежелердин чегинде жабдууларды күбөлөндүрүүнү жүргүзүүнү дайындоого;
- кооптуу өндүрүш объектисин курууга, реконструкциялоого, кеңейтүүгө, техникалык кайра жабдууга жана эксплуатациялоого жана өнөр жай коопсуздугунун талаптарын бузуу менен жүргүзүлүүчү башка иштерге тыюу салууга;
- өндүрүштүн, объекттердин жана жумуштардын коопсуздугуна байланыштуу көз карандысыз экспертизаларды жүргүзүү жана иштеп чыгуулар үчүн мамлекеттик органдар, уюмдар, илимий-изилдөө жана долбоордук-конструктордук институттар менен макулдашуу боюнча алардын адистерин тартууга;
- Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлиги менен макулдашуу боюнча эл аралык келишимдердин долбоорлорун иштеп чыгууга катышууга;
- мамлекеттик органдардан, юридикалык жана жеке жактардан энергетикалык, тоо-кен жана өнөр жай коопсуздугунун, жер казынасын коргоонун абалы, өндүрүштүк жаракат алуунун себептери жана жарылуучу материалдардын жана уулуу заттардын кириштелиши, чыгымдалышы, сакталышынын камсыздалышы жана алардын жоголгон учурлары жөнүндө маалымат алууга;
- өзүнүн компетенциясынын чегинде энергетикалык жана өнөр жайлык коопсуздук, ошондой эле жер казынасын пайдалануу маселелери боюнча тиешелүү мамлекеттик органдар, юридикалык жана жеке жактар тарабынан аткарылууга милдеттүү болгон буйруктарды белгиленген тартипте чыгарууга;
- юридикалык жана жеке жактар тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуунун натыйжасында келтирилген зыяндын ордун толтуруу жөнүндө сотко доо арыз берүүгө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын бузулушу боюнча түшүндүрүү үчүн уюмдардын жетекчилерин жана башка кызмат адамдарын, ошондой эле жарандарды чакырууга;
- министрликтердин, ведомстволордун жана уюмдардын жетекчилерине Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын системалуу түрдө бузган кызмат адамдарын тартиптик жоопкерчиликке тартуу жөнүндө сунуштарды киргизүүгө;
- айырмалоо белгилери бар, бекитилген үлгүдөгү форма кийимин кийүүгө;
- коомдук (штаттан тышкаркы) инспекторлор тармагын түзүүгө;
- өзүнүн компетенциясынын чегинде эл аралык кызматташтыкты ишке ашырууга жана эл аралык уюмдарда катышуучу (мүчө) катары белгиленген тартипте чыгууга;
- Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигине төмөнкү сунуштарды киргизүүгө:
контролдоо-көзөмөлдөө ишин өркүндөтүү боюнча; Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, министрликтердин, административдик ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чечимдерин жана башка ченемдик укуктук актыларды жокко чыгаруу жөнүндө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өз компетенциясынын чегинде башка иш-аракеттерди жүргүзүүгө.
6-глава. Маминспекциянын ишин уюштуруу
11. Маминспекцияны Кыргыз Республикасынын энергетика, тоо-кен, өнөр жай коопсуздугу жана жер казынасын коргоо боюнча башкы мамлекеттик инспектор болуп саналган директор башкарат.
12. Маминспекциянын директору Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министринин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызматтан бошотулат.
13. Маминспекциянын түзүмү жана штаттык ырааттамасы Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министри тарабынан бекитилет.
14. Директор:
- Маминспекциянын ишин жетектейт жана Маминспекцияга жүктөлгөн милдеттердин жана функциялардын аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
- Маминспекциянын кызматкерлерин белгиленген тартипте кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот, алардын кызматтык милдеттерин аныктайт, аларга карата тартиптик жаза чараларын колдонот;
- өзүнүн компетенциясынын чегинде мамлекеттик сырды түзгөн маалыматтардын тизмесин аныктоого катышат, аларды коргоону камсыз кылат;
- өзгөчө айырмаланган кызматкерлерди сыйлыктарды ыйгарууга белгиленген тартипте сунуштайт жана кызматкерлерге карата материалдык сыйлоо чараларын колдонот;
- Маминспекциянын түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрү жөнүндө жобону бекитет;
- мамлекеттик жана коомдук уюмдарда, ошондой эле өзүнүн компетенциясынын чегинде эл аралык уюмдарда Маминспекциянын кызыкчылыгын коргойт.
15. Маминспекциянын директорунун эки орун басары болот.
Маминспекциянын директорунун орун басарлары Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министри тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
16. Маминспекциянын мамлекеттик инспекциялоону жүргүзүүгө укук берилген кызматкерлери энергетикалык, тоо-кен, өнөр жай коопсуздугу жана жер казынасын коргоо боюнча мамлекеттик инспекторлор болуп саналат жана аларга жүктөлгөн милдеттердин аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартышат.
17. Маминспекцияда энергетикалык, тоо-кен жана өнөр жай коопсуздугун жөнгө салуу, ошондой эле жер казынасын коргоо, авариялардын, өндүрүштүк жаракаттын алдын алуу жана Маминспекциянын компетенциясына тиешелүү башка маселелер боюнча техникалык кеңеш түзүлөт.
Техникалык кеңештин курамы жана ал жөнүндө жобо Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министри тарабынан бекитилет, Маминспекциянын директору техникалык кеңештин төрагасы болуп саналат.
7-глава. Эсепке алуу жана отчеттуулук
18. Маминспекциянын эсепке алуусу жана отчеттуулугу мыйзамдарда белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
8-глава. Кайра уюштуруу жана жоюу
19. Маминспекциянын чыгымдарын каржылоо республикалык бюджеттин жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардын эсебинен жүргүзүлөт.
20. Маминспекцияны кайра уюштуруу жана жоюу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
21. Маминспекция жоюлган же кайра уюштурулган учурда мүлкүн бөлүштүрүү тартиби Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
22. Маминспекциянын иши боюнча документтер "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 338 "Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин…Постановление · 24.12.2021 · № 338
- Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндөЗакон · 22.11.1999 · № 125
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-мартындагы № 80 "Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 05.03.2021 · № 80 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон