Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигине караштуу Геология жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик агенттиги жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна)
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров Кыргызской Республики от 24 декабря 2021 года № 338 "О вопросах подведомственных подразделений Министерства природных ресурсов, экологии и технического надзора Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2021-12-24.
КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 338 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
3-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-мартындагы № 80 токтомуна)
Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигине караштуу Геология жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик агенттиги жөнүндө жобо
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигине караштуу Геология жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик агенттиги геология жана жер казынасын пайдалануу жаатында мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы болуп саналат.
2. Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигине караштуу Геология жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик агенттиги (мындан ары - Агенттик) геология жана жер казынасын пайдалануу жаатында мамлекеттик саясатты ишке ашыруу функциясы боюнча Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин укук улантуучусу болуп саналат.
3. Агенттик өз ишин Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, ченемдик укуктук актыларга, эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерине жана ченемдерине, Кыргыз Республикасы катышкан эл аралык келишимдерге, ошондой эле ушул Жобого ылайык жүргүзөт.
4. Агенттик Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин (мындан ары - Министрлик) ведомстволук бөлүмү болуп саналат.
5. Агенттик юридикалык жактын статусуна ээ, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өз алдынча балансы жана ага ыкчам башкаруу укугунда бекитилип берилген мүлкү, алыш-бериш жана башка эсептери бар.
6. Агенттиктин Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн, мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы жазылган мөөрү, башка мөөрлөрү, штамптары, белгиленген үлгүдөгү бланктары бар.
7. Агенттиктин ишин Министрлик контролдойт.
8. Агенттиктин түзүмүн жана штаттык ырааттамасын белгиленген чектүү штаттык сандын чегинде Министрлик бекитет.
Агенттиктин толук расмий аталышы:
- мамлекеттик тилде: Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигине караштуу Геология жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик агенттиги;
- расмий тилде: Государственное агентство геологии и недропользоваиия при Министерстве энергетики и промышленности Кыргызской Республики.
Юридикалык дареги: 720040, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Эркиндик бульвары, 2.
9. Агенттик өз ишин юридикалык жана жеке жактар менен өз ара аракеттенүүдө жүргүзөт.
10. Агенттик жана анын ведомстволук уюмдары пайдалуу кендердин запастарын кеңейтүүдөн жана толуктоодон баштап, аларды казып алууга жана кайра иштетүүгө чейин жер казынасын натыйжалуу пайдалануунун бирдиктүү системасын камсыз кылат. Жер казынасын изилдөө боюнча изилдөөчүлүк жана методикалык иштерди аткаруу республикалык бюджеттин жана башка булактардын эсебинен ишке ашырылат.
2-глава. Агенттиктин максаты
11. Агенттиктин ишинин максаттары болуп төмөнкүлөр саналат:
- геология жана жер казынасын пайдалануу жаатында бирдиктүү мамлекеттик саясатты ишке ашыруу;
- Кыргыз Республикасынын жер казынасын сарамжалдуу пайдаланууну камсыз кылуу.
3-глава. Агенттиктин милдеттери
7. Агенттиктин милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- жер казынасын системалуу комплекстик геологиялык изилдөө;
- жер казынасын пайдалануу жана жер казынасынын мамлекеттик фондун башкаруу системасын өркүндөтүү маселелерин мамлекеттик жөнгө салуу;
- пайдалуу кен чыккан жерлерди геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүдө жана иштетүүдө жер казынасын жана айлана-чөйрөнү коргоо;
- кен казуу өнөр жайын өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү.
4-глава. Агенттиктин функциялары
8. Агенттик төмөнкү функцияларды аткарат:
1) тармактык саясатты ишке ашыруу функциялары:
- геология жана жер казынасын пайдалануу жаатында бирдиктүү мамлекеттик саясатты ишке ашырат;
- геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүгө жана кен казуу өнөр жайына түздөн-түз чет өлкөлүк жана ата мекендик инвестицияларды тартат;
- геологияны жана жер казынасын пайдаланууну натыйжалуу өнүктүрүү үчүн ченемдик укуктук актыларды, стратегияларды, программаларды, пландарды, келишимдерди иштеп чыгууга сунуштарды киргизет жана катышат;
- минералдык-чийки зат базасын пайдалануу, андан ары кеңейтүү жана сапаттуу жакшыртуу стратегиясын, бул максаттар үчүн зарыл болгон материалдык-техникалык жана финансылык ресурстардын көлөмүн аныктайт;
- пайдалуу кендердин дүйнөлүк рыногунун конъюнктурасын изилдейт жана экспорттун жана минералдык чийки затты ички керектөөнүн түзүмүн өнүктүрүү боюнча сунуштарды белгиленген тартипте киргизет;
- белгиленген тартипте жана Министрлик менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын тиешелүү ченемдик укуктук актыларында жана Кыргыз Республикасы катышкан эл аралык келишимдерде каралган тартипте жана учурларда Агенттиктин компетенциясына байланышкан маселелер боюнча мамлекеттер аралык башкаруу органдарында жана эл аралык уюмдарда Кыргыз Республикасынын өкүлчүлүгүн жүзөгө ашырат;
- жер казынасын изилдөө жана минералдык-чийки зат ресурстарын өздөштүрүү боюнча мамлекеттер аралык программаларды жана эл аралык келишимдерди түзүүгө жана ишке ашырууга катышат;
- жаңы пайдалуу кен чыккан жерлерди аныктоо жана божомолдоо, илимий-колдонмо маанидеги маселелерди чечүү максатында Кыргыз Республикасынын аймагын геологиялык изилдөөнү системалуу жүргүзүүнү камсыз кылат;
- гидрогеологиялык, инженердик-геологиялык жана башка адистештирилген иштерди жүргүзүү, жер астындагы тузсуз жана термалдык-минералдык суулардын режимин жана абалын, калкка жана өндүрүштүк-социалдык комплекстерге коркунуч жараткан кооптуу экзогендик геологиялык процесстердин динамикасын изилдөө аркылуу суу чарбасы менен камсыздоо проблемаларын чечет;
- өзүнүн компетенциясына кирген маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын колдонуу практикасын жалпылайт, аларды өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгат;
- согуш убагындагы шарттарда экономиканын, калктын жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн муктаждыктарын камсыздоо үчүн минералдык чийки заттын жана жер астындагы суу булактарынын запастарын болжолдойт;
- чет өлкөлүк донорлордун финансы-техникалык колдоосу менен ишке ашырылуучу конвенциялар, долбоорлор, программалар боюнча жер казынасын пайдалануу жана айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү милдеттенмелерди аткарат;
- жер казынасын изилдөө жана пайдалануу жана кен өнөр жайы комплексинин ишканаларын өнүктүрүү боюнча сунуштарды киргизет;
- кен өндүрүшү жана геология чөйрөлөрүндө жаңы технологияларды киргизүүгө көмөктөшөт;
- тескөөчү чөйрөлөрдө эмгек ресурстарына болгон керектөөлөрдүн болжолун иштеп чыгат;
2) жөнгө салуу функциялары:
- Кыргыз Республикасынын жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияларды берет, мөөнөтүн узартат, токтото турат жана кайра сурап алат, лицензиялык макулдашуулардын шарттарынын аткарылышына мониторинг жүргүзөт;
- пайдалуу кен чыккан жерлердин экономикалык баалуулугу бүткөн жана жоготкон запастарын белгиленген тартипте эсептен чыгарат;
- жер казынасын коргоо бөлүгүндө тоо-кен, геологиялык-издөө жана чалгындоо иштеринин долбоорлоруна, анын ичинде кен казуу тармагынын объектилерин консервациялоо жана жоюу долбоорлоруна экспертиза жүргүзөт;
- жер казынасын коргоо бөлүгүндө тоо-кен, геологиялык-издөө жана чалгындоо иштерин өнүктүрүүнүн жылдык отчетторун жана программаларын (пландарын), анын ичинде кен казуу тармагынын объектилерин консервациялоо жана жоюу долбоорлорун белгиленген тартипте макулдашат;
- жер казынасын пайдалануу укугуна конкурска жана/же аукционго катышуу үчүн жыйымдардын, жер казынасын пайдалануу укугун берүү үчүн жыйымдардын, жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны кармап туруу үчүн жыйымдардын эсептерин жүргүзөт;
3) координациялоо, мониторинг жүргүзүү жана контролдоо функциялары:
- мамлекеттик заказ боюнча жер казынасын геологиялык изилдөө программаларын каржылоону белгиленген тартипте координациялайт, бөлүнгөн каражаттардын сарамжалдуу пайдаланылышын (ведомстволук уюмдар тарабынан) контролдойт;
- Кыргыз Республикасынын аймагынын геологиялык изилденишине, пайдалуу кендерди казуу жана кайра иштетүү боюнча ишканалардын минералдык чийки заттын запастары менен камсыздалышына мониторинг жүргүзөт;
- жер казынасын пайдаланууга байланышкан жумуштарды аткарууга бекитилген техникалык долбоорлордун жана башка документтердин болушун текшерет;
- пайдалуу кендердин запастарынын абалы жана өзгөрүүлөрү жөнүндө геологиялык жана башка баштапкы документтердин мазмунунун аныктыгын текшерет;
- геологиялык маалымат фонддоруна жер казынасы жөнүндө мамлекеттик отчетторду, ошондой эле геологиялык жана башка маалыматтарды берүүнүн белгиленген тартибинин сакталышын текшерет;
- жер казынасын андан ары изилдөөдө, пайдалуу кен чыккан жерлерди чалгындоодо жана иштетүүдө, ошондой эле жер казынасын пайдалуу кендерди казуу менен байланышпаган максаттарда пайдаланууда пайдаланылышы мүмкүн болгон геологиялык жана техникалык документтердин, рудалардын жана тоо тектеринин, кернанын үлгүлөрүнүн, пайдалуу кендердин сынамдарынын дубликаттарынын сакталышына мониторинг жүргүзүүнү камсыздайт;
- пайдалуу кендердин запастарынын мамлекеттик балансына пайдалуу кендердин запастарын коюу жана аларды мамлекеттик баланстан эсептен чыгаруу үчүн жер казынасын пайдалануучулар тарабынан берилүүчү материалдардын аныктыгын жана негиздүүлүгүн текшерет;
- Агенттиктин компетенциясына кирген маселелер боюнча юридикалык жана жеке жактар менен өз ара аракеттенет;
- жер казынасынын мамлекеттик фондун түзөт, пайдалуу кен чыккан жерлерди эсепке алат, алардын кыймылына жана өзгөрүүсүнө туруктуу байкоо жүргүзүү менен пайдалуу кендердин запастарынын мамлекеттик балансын жүргүзөт, кен чыккан жерлердин жана пайдалуу кендердин көрүнүштөрүнүн кадастрларын түзөт;
- "Жер астындагы суулар" бөлүмү боюнча мамлекеттик кадастрды жүргүзөт;
- жер казынасынын булганышынын алдын алуу максатында тиешелүү мамлекеттик органдар менен биргеликте зыяндуу заттарды, өндүрүш калдыктарын көмүү жана агынды сууларды чыгаруу мүмкүнчүлүгүн жана шарттарын аныктоого катышат;
- кен казуу тармактарынын ачык-айкындуулук демилгесин ишке ашырууну координациялоону камсыз кылат;
- жер казынасын пайдалануу укугуна конкурска жана/же аукционго катышуу үчүн жыйымдардын, жер казынасын пайдалануу укугун берүү үчүн жыйымдардын, жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны кармап туруу үчүн жыйымдардын туура эсептелишине, толук жана өз убагында төлөнүшүнө контроль жүргүзөт;
4) кызматтарды көрсөтүү функциялары:
- Агенттиктин компетенциясына кирген маселелер боюнча жарандардын жана юридикалык жактардын кайрылууларын, арыздарын, даттанууларын белгиленген тартипте карайт;
- жеке жана юридикалык жактарга Агенттиктин компетенциясына кирген маселелер боюнча маалыматтык-консультативдик көмөк көрсөтүүнү камсыздайт;
- Кыргыз Республикасынын аймагынын геологиялык түзүлүшүнүн ар кандай маселелери боюнча минералдык-чийки зат базасы жана пайдалуу кен чыккан жерлер жөнүндө маалыматтарды белгиленген тартипте берет;
- ар кандай курулмаларды куруу болжолдонгон аянттарда пайдалуу кен чыккан жерлердин бар же жок экендиги жөнүндө корутунду берет;
- минералдык чийки затты лабораториялык жана диагностикалык изилдөө жүргүзөт;
- аналитикалык изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары ташылып чыгуучу рудалардын жана тоо тектеринин үлгүлөрүнүн, концентраттардын, өндүрүштүк калдыктардын жана лабораториялык сынамдардын келип чыгышы жөнүндө корутунду берет;
- коллекциялык материал катары Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары ташып чыгуучу тоо тектеринин жана рудалардын үлгүлөрүнүн келип чыгышы жөнүндө корутунду берет;
5) колдоо функциялары:
- жер казынасын геологиялык изилдөө жана пайдалануу чөйрөсүндө эл аралык жана ата мекендик уюмдар менен кызматташат жана иштейт;
- геологиялык тармакты өнүктүрүү боюнча сунуштарды белгиленген тартипте даярдайт;
- Кыргыз Республикасынын пайдалуу кендердин запастары боюнча мамлекеттик комиссиясынын ишин уюштурат;
- геологиялык маалымат фонддорунун бирдиктүү мамлекеттик системасынын иштешин камсыз кылат, Мамлекеттик геологиялык фондго берилүүгө тийиш геологиялык жана башка маалыматтардын формасын жана мазмунун аныктайт;
- Агенттиктин бардык деңгээлдеринде кадрдык ресурстарды башкаруу системасын, анын ичинде окутуу жана кайра даярдоо системасын түзөт жана практикага киргизет;
- тармактар аралык окуу борбору жана башка окуу борборлору аркылуу иши кооптуу өндүрүш объекттери менен байланышкан бардык менчик формаларындагы уюмдар үчүн инженердик-техникалык кызматкерлерди жана негизги кесиптердин жумушчуларын даярдоону жана кайра даярдоону жүзөгө ашырат;
- улуттук жана эл аралык илимий-техникалык мекемелер жана уюмдар менен байланыштарды түзөт жана биргелешкен изилдөө иштерин жүргүзөт, Агенттиктин компетенциясынын чегинде кызматташуу жөнүндө зарыл болгон макулдашууларга, протоколдорго жана башка документтерге кол коёт;
- республикалык, региондук жана мамлекеттер аралык маалыматтык системалардын алкагында маалымат алмашууга көмөк көрсөтөт;
- Агенттиктин компетенциясына тиешелүү маселелер боюнча маалыматтык-маалымдама жана башка адабияттарды даярдоону жана басып чыгарууну уюштурат;
- Агенттиктин ишинин чөйрөсүнө тиешелүү улуттук стандарттарга, эл аралык (региондук) стандарттарга, ошондой эле техникалык регламенттерге экспертиза жүргүзүү боюнча комиссиялардын (топтордун) ишине катышат;
- жер казынасын пайдалануу жана коргоо боюнча республиканын минералдык-чийки зат базасын өнүктүрүү программаларынын долбоорун иштеп чыгууга катышат;
- геология боюнча долбоордук-издөө жана илимий-изилдөө иштерин уюштурат жана башкарат;
- тармактык илимдерди жайылтууга багытталган иш-чараларды өткөрүүгө көмөк көрсөтөт;
- мобилизациялык даярдык боюнча иш-чараларды жүргүзөт.
5-глава. Агенттиктин укуктары
14. Агенттик өз компетенциясынын чегинде төмөнкүлөргө укуктуу:
- менчигинин түрүнө карабастан кен казуу өнөр жайынын жана геологиялык тармактын ишканаларынын ар айлык, кварталдык жана жылдык өндүрүштүк-чарбалык иштери жөнүндө маалыматтарды белгиленген тартипте суроого;
- контролдоо-көзөмөлдөө функцияларын жүзөгө ашыруу боюнча атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардан жер казынасын пайдалануучуларды текшерүү материалдарын (жыйынтыктарын) алууга;
- мамлекеттик органдардан, ишканалардан, уюмдардан, мекемелерден жана жарандардан Агенттиктин функцияларын жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон жер казынасын геологиялык изилдөө жана пайдалануу маселелери боюнча материалдарды, сунуштарды жана корутундуларды суроого;
- баш ийүүсү боюнча уюмдардын өндүрүштүк-чарбалык ишинин жыйынтыктары жөнүндө отчетторду угууга жана алардын ишин жакшыртуу боюнча сунуштарды киргизүүгө;
- ведомстволук уюмдар үчүн баа түзүү, долбоордук-издөө, долбоордук-конструктордук жана башка иштер, анын ичинде геологиялык чалгындоо иштерин каржылоо иштери боюнча актыларды белгиленген тартипте бекитет;
- негизги фонддордон, жүгүртүлүүчү каражаттардан, башка материалдык баалуулуктардан жана финансылык ресурстардан турган, Агенттикке бекитилип берилген мүлктү белгиленген тартипте пайдаланууга жана тескөөгө;
- Кыргыз Республикасынын жана башка мамлекеттердин ишканалары, уюмдары менен кызматташуу жөнүндө келишимдерди жана макулдашууларды белгиленген тартипте түзүүгө;
- өзүнө жүктөлгөн милдеттерди аткаруу максатында белгиленген тартипте макулдашууларды/эл аралык келишимдерди түзүүгө жана Кыргыз Республикасынын жана чет мамлекеттердин мамлекеттик органдары менен ар кандай ассоциацияларга кирүүгө;
- чет мамлекеттерде жана эл аралык уюмдарда Агенттиктин адистеринин квалификациясын үзгүлтүксүз жогорулатууну, тренингдерди өткөрүүнү, тажрыйба алмашууну камсыз кылууга;
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте жана учурларда эл аралык уюмдардын тиешелүү органдарында Кыргыз Республикасынын атынан чыгууга, колдонуудагы мыйзамдардан келип чыгуучу Кыргыз Республикасынын милдеттенмелерин аткарууга багытталган чараларды көрүүгө, ошондой эле эл аралык кызматташуу боюнча иш-чараларды жүргүзүүгө;
- мамлекеттик заказдарды эске алуу менен Агенттиктин бюджетин түзүүгө катышууга жана сунуштарды киргизүүгө:
- жер казынасын пайдалануучулардан изилдөө жана пайдалануу, анын ичинде бүткөн запастардын кыймылы, жер казынасынан пайдалуу кендерди жана минералдык чийки затты кайра иштетүүдө, өндүрүүдө пайдалуу компоненттерди алуу, товардык продукцияны сатуу, жаратылыш ресурстарын пайдалануу үчүн салыктардын төлөнгөнү жөнүндө маалыматтарды алууга;
- тейлеген иш чөйрөсүндө маалыматтарды жарыялоо, Агенттиктин компетенциясына тиешелүү маселелер боюнча башка материалдарды жайгаштыруу үчүн белгиленген тартипте жалпыга маалымдоонун басма сөз каражаттарын түзүүгө;
- Агенттиктин ишинин чөйрөсүнө тиешелүү маселелерди иштеп чыгуу үчүн илимий жана башка уюмдарды, окумуштууларды жана адистерди белгиленген тартипте тартууга;
- тейлеген иш чөйрөсүндө координациялык жана кеңешүүчү органдарды, фонддорду, анын ичинде ведомстволор аралык фонддорду түзүү боюнча сунуштарды киргизүүгө;
- юридикалык жана жеке жактарга карата жер казынасын пайдалануунун белгиленген тартибинин сакталышын текшерүүгө.
6-глава. Агенттиктин ишин уюштуруу
15. Агенттикти Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министринин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кызмат ордуна дайындалуучу жана кызмат ордунан бошотулуучу директор - министрдин орун басары башкарат.
16. Директор Агенттикке жүктөлгөн милдеттердин аткарылышы жана тейлеген иш чөйрөсүндө мамлекеттик саясаттын жүзөгө ашырылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат.
17. Агенттиктин штатында Агенттиктин директорунун эки орун басарынын кызмат орундары каралган.
18. Агенттиктин кызматкерлерин кызмат ордуна дайындоо, кызмат ордунан бошотуу тартиби, функциялары жана ыйгарым укуктары мамлекеттик жарандык кызмат жөнүндө жана эмгек жөнүндө мыйзамдар менен аныкталат.
19. Директордун орун басарлары мамлекеттик жарандык кызмат жөнүндө мыйзамдарга ылайык белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министри тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
Агенттиктин директорунун орун басарлары түздөн-түз директорго баш ийишет жана аларга жүктөлгөн милдеттердин жана ыйгарым укуктардын чегинде Агенттиктин ишин уюштурушат.
20. Директор:
- Агенттиктин, борбордук аппаратынын жана ведомстволук уюмдарынын ишин жалпы жетектейт;
- Кыргыз Республикасынын аймагында Кыргыз Республикасынын жана чет мамлекеттердин мамлекеттик органдары, ишканалары, мекемелери жана уюмдары менен болгон мамилелерде Агенттиктин атынан чыгат, өз ыйгарым укуктарынын чегинде сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт жана Министрлик менен макулдашуу боюнча белгиленген тартипте Агенттиктин компетенциясына тиешелүү маселелер боюнча өз ара аракеттенүү жана кызматташуу жөнүндө эл аралык келишимдерге кол коёт;
- Агенттиктин ишин уюштуруу боюнча буйруктарды чыгарат;
- Агенттиктин кызматкерлерин белгиленген тартипте кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот;
- Агенттиктин борбордук аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрү жөнүндө жобону бекитет;
- Агенттиктин системасынын кызматкерлерине жана жумушчуларына карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген сыйлоо жана тартиптик жаза чараларынын түрлөрүн колдонот;
- Агенттиктин түзүмүн жана штаттык ырааттамасын бекитүү боюнча Министрликке сунуштарды киргизет;
- Агенттиктин атынан ишеним каттарды берет, белгиленген тартипте Агенттиктин атынан чыгат;
- Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык келишимдерди/бүтүмдөрдү түзөт;
- Агенттиктин жана Агенттиктин карамагындагы түзүмдөрдүн кызматкерлерин, белгиленген чөйрөдө иш жүргүзгөн башка адамдарды белгиленген тартипте ардак наамдарын ыйгарууга жана мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоого сунуштайт;
- Агенттиктин ведомстволук түзүмдөрүнө тапшырмаларды берет жана алардын аткарылышын контролдойт;
- эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында чечимдерди жокко чыгаруунун башка тартиби белгиленбесе, ведомстволук түзүмдөрдүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келген чечимдерин жокко чыгарат;
- кызмат орду боюнча Агенттиктин жарандык коргонуусунун начальниги болуп саналат;
- оперативдик, уюштуруучулук-штаттык, кадрдык, финансылык, өндүрүштүк-чарбалык жана Агенттиктин компетенциясына тиешелүү башка маселелерди чечүү боюнча Агенттиктин системасынын кызмат адамдарынын ыйгарым укуктарын белгилейт;
- директордун орун басарларынын ортосунда милдеттерди бөлүштүрөт;
- Агенттиктин банктардагы алыш-бериш эсептериндеги, атайын жана башка эсептердеги акча каражаттарын тескейт;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат.
21. Директордун орун басарлары алардын компетенциясына кирген маселелер боюнча чечимдерди өз алдынча кабыл алышат.
22. Агенттиктин алдында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү жобого ылайык иштөөчү Кыргыз Республикасынын пайдалуу кендердин запастары боюнча мамлекеттик комиссиясы иштейт.
23. Агенттикте Илимий-техникалык кеңеш түзүлөт. Илимий-техникалык кеңештин жеке курамы жана ал жөнүндө жобо Агенттиктин директору тарабынан бекитилет.
24. Агенттиктин ишине коомдук мониторинг жүргүзүү максатында консультативдик-байкоочу орган түрүндөгү, коомдук башталышта иштеген коомдук кеңеш түзүлөт.
7-глава. Корутунду жоболор
25. Агенттиктин чыгымдарын каржылоо республикалык бюджеттин, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык түзүлүүчү атайын каражаттардын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка булактардын эсебинен ишке ашырылат.
26. Агенттикти кайра уюштуруу жана жоюу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.
27. Агенттиктин иши токтотулган учурда, анын документтери "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат жана пайдаланылат.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 338 "Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин…Постановление · 24.12.2021 · № 338
- Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндөЗакон · 22.11.1999 · № 125
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-мартындагы № 80 "Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 05.03.2021 · № 80 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон