Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлиги жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна)
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 15 ноября 2021 года № 247 "О вопросах Министерства энергетики Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2021-11-15.
КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 247 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
1-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-мартындагы № 80 токтомуна)
Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлиги жөнүндө жобо
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлиги отун-энергетикалык комплекси, өнөр жай (тамак-аш өнөр жайынан тышкары), геология, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай коопсуздугу жаатындагы мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча функцияларды, ошондой эле энергетика, өнөр жай коопсуздугу, геологиялык иштерди жүргүзүү жана жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү мыйзамдардын, ошондой эле мунайзаттарынын коопсуздугун камсыздоо боюнча милдеттүү талаптардын сакталышына мамлекеттик контролду жана көзөмөлдү ишке ашыруучу Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы болуп саналат.
2. Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлиги (мындан ары - Министрлик) отун-энергетикалык комплекси, өнөр жай (тамак-аш өнөр жайынан тышкары) жаатындагы мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча, ошондой эле геология жана жер казынасын пайдалануу жаатында мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу боюнча функциялар бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин укук улантуучусу болуп саналат.
3. Министрлик өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, ченемдик укуктук актыларды, техникалык регламенттерди жана Кыргыз Республикасы катышкан эл аралык келишимдерди, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
4. Министрлик юридикалык жак болуп саналат, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Гербинин сүрөтү түшүрүлгөн, мамлекеттик жана расмий тилдердеги аталышы жазылган мөөрү, ошондой эле башка мөөрлөрү, штамптары, белгиленген үлгүдөгү бланктары жана казыналык системасында башка эсептери бар.
5. Министрлик өзүнүн атынан жарандык-укуктук мамилелерди түзөт, мамлекеттин атынан жарандык-укуктук мамилелердин тарабы болуп чыгууга укуктуу.
6. Министрликтин толук расмий аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлиги";
- расмий тилде: "Министерство энергетики и промышленности Кыргызской Республики".
Министрликтин кыскартылган аталышы:
- мамлекеттик тилде: "ЭӨМ";
- расмий тилде: "МЭП".
Юридикалык дареги: 720040, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Эркиндик бульвары, 2.
7. Министрлик өз ишин юридикалык жана жеке жактар менен өз ара аракеттенүүдө жүргүзөт.
2-глава. Министрликтин максаты
8. Министрликтин максаты отун-энергетикалык комплекси, өнөр жай, геология, жер казынасын пайдалануу, энергетикалык жана өнөр жай коопсуздугу, ошондой эле жер казынасын коргоо жаатында бирдиктүү мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу болуп саналат.
3-глава. Министрликтин милдеттери
9. Төмөнкүлөр Министрликтин милдеттери болуп саналат:
- отун-энергетикалык комплекси, өнөр жай, геология, жер казынасын пайдалануу, энергетикалык жана өнөр жай коопсуздугу, ошондой эле жер казынасын коргоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик жөнгө салуунун натыйжалуулугун жогорулатуу;
- отун-энергетикалык комплексин, өнөр жайды, геологияны, жер казынасын пайдаланууну, энергетикалык жана өнөр жай коопсуздугун, ошондой эле жер казынасын коргоону өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү;
- керектөөчүлөрдү энергетикалык ресурстар, өнөр жай товарлары жана кызмат көрсөтүүлөр менен ишенимдүү жана үзгүлтүксүз камсыз кылуу үчүн шарттарды түзүү;
4-глава. Министрликтин функциялары
10. Министрлик төмөнкүдөй функцияларды ишке ашырат:
1) тармактык саясат функцияларын:
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында жана Кыргыз Республикасы катышкан эл аралык келишимдерде каралган тартипте жана учурларда Министрликтин компетенциясына кирген маселелер боюнча мамлекеттер аралык башкаруу органдарында жана эл аралык уюмдарда Кыргыз Республикасынын өкүлчүлүгүн ишке ашырат;
- отун-энергетикалык комплекси, өнөр жай, геология, жер казынасын пайдалануу, энергетикалык жана өнөр жай коопсуздугу, ошондой эле жер казынасын коргоо жаатында бирдиктүү мамлекеттик саясатты иштеп чыгат жана ишке ашырат;
- Министрликтин компетенциясына тиешелүү болгон тармактарды натыйжалуу өнүктүрүү үчүн стратегияны, программаларды, пландарды, келишимдерди иштеп чыгат жана ишке ашырат;
- Министрликтин компетенциясына кирген маселелер боюнча ченемдик укуктук актылардын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдеринин долбоорлорун иштеп чыгат жана киргизет;
- чет мамлекеттердин отун-энергетикалык комплекси жана өнөр жай жаатындагы рынокторунун өнүгүү тенденцияларын изилдейт, талдайт жана энергетика тармагын мындан ары өнүктүрүүнү аныктайт;
- отун-энергетикалык комплексине, өнөр жайга, геологияга, жер казынасын пайдаланууга, энергетикалык жана өнөр жай коопсуздугуна, ошондой эле жер казынасын коргоого түз инвестицияларды тартат;
- өзүнүн компетенциясына кирген маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын колдонуу жана аткаруу практикасын жалпылайт, аларды өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгат;
- эл аралык уюмдарды финансылык-техникалык колдоодо ишке ашырылуучу долбоорлор, программалар боюнча Кыргыз Республикасы катышкан эл аралык келишимдерден келип чыгуучу милдеттенмелерди аткарат;
- отун-энергетикалык комплексине, өнөр жайга, геологияга, жер казынасын пайдаланууга, энергетикалык жана өнөр жай коопсуздугуна, ошондой эле жер казынасын коргоого алдыңкы технологияларды киргизүүгө көмөктөшөт;
- энергиянын кайра жаралуу булактарын киргизүү жана пайдалануу боюнча шарттарды түзөт;
- Кыргыз Республикасынын суу-энергетикалык ресурстарын сарамжалдуу пайдалануунун механизмдерин иштеп чыгат;
- өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун камсыз кылуу боюнча талаптарды эске алуу менен өнөр жайдын чарба жүргүзүүчү субъекттеринин, ошондой эле отун-энергетикалык комплексинин өнөр жайлык, илимий-техникалык жана инновациялык ишин мамлекеттик колдоо механизмдерин түзөт;
- отун-энергетикалык комплексинин, өнөр жайдын жана жер казынасын пайдалануунун техникалык-экономикалык көрсөткүчтөрүн талдайт;
- Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен аскердик багыттагы продукцияларды өндүрүү жана аны ишке ашырууну камсыздоо бөлүгүндөгү өнөр жайлык жана аскердик-техникалык кызматташтык чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты түзүү боюнча сунуштарды иштеп чыгат;
- ички керектөөдөгү куралдар жана аскердик техника менен камсыздоо максатында аскердик продукцияны өндүрүү жана экспорттоо бөлүгүндө коргоо профилиндеги ишканаларды жана аскердик техникалык кызматташтык боюнча мамлекеттер аралык мамилелерди өнүктүрүүнүн конверсиялык программаларын иштеп чыгат жана ишке ашырат;
- энергетикалык натыйжалуулук, энергияны үнөмдөө жана энергиянын кайра жаралуу булактарын пайдалануу чөйрөсүндө өбөлгөлөөчү механизмдерди иштеп чыгат;
- "Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы" ачык акционердик коомундагы акцияларды башкаруучу орган катары мамлекеттин атынан чыгат;
- тейлеген тармагынын чөйрөсүндө укуктук пропагандалоо боюнча иш-чараларды өткөрөт;
2) жөнгө салуу функцияларын:
- товарларды, анын ичинде өнөр жай чөйрөсүндөгү атайын продукцияны импорттоого жана экспорттоого эксперттик корутундуларды берет;
- өнөр жай чөйрөсүндө товарларды кайра иштетүүнүн шарттары жөнүндө корутундуларды берет;
- Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын 2015-жылдын 21-апрелиндеги № 30 чечими менен бекитилген Бирдиктүү тизмектин 2.29-позициясына ылайык атайын квотаны белгилөө жана лицензия берүү жөнүндө чечим кабыл алынган ысык таптоо прокатына эксперттик корутундуларды берет;
- Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын 2019-жылдын 4-июнундагы № 90 чечимине ылайык импорттоодо автоматтык лицензиялоо (байкоо) киргизилген болот түтүктөрүнүн айрым түрлөрүнө эксперттик корутундуларды берет;
- лицензиаттын ишинин шарттарынын аскердик багыттагы продукцияны жана кызмат көрсөтүүлөрдү иштеп чыгуу, өндүрүү жана сатуу боюнча белгиленген талаптарга шайкештиги жөнүндө эксперттик корутундуларды берет;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Евразия экономикалык бирлигинин укугуна ылайык өнөр жай чөйрөсүндө товарларды импорттоого же экспорттоого квоталардын көлөмүн тышкы соода ишинин катышуучуларынын ортосунда бөлүштүрөт;
- Кыргыз Республикасынын өнөр жай коопсуздугу чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык жардыруу иштерин жүргүзүү укугуна, тоо-кен иштерин жүргүзүүгө уруксат берет;
- Кыргыз Республикасынын өнөр жай коопсуздугу чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык жардыргыч күбөлүгүн берет;
- кооптуу өндүрүш объекттерин, техникалык түзүлүштүрдү, кооптуу өндүрүш объекттериндеги имараттарды жана курулмаларды курууга, кеңейтүүгө, реконструкциялоого, техникалык кайра жабдууга, консервациялоого жана жоюуга долбоордук документтердин, өнөр жай коопсуздугу жөнүндө декларациялардын жана кооптуу өндүрүш объекттеринде эксплуатациялоого байланышкан башка документтердин өнөр жай коопсуздугуна экспертиза жүргүзөт;
- тоо-кен жана жер алдындагы геологиялык иштерди өнүктүрүүнүн пландарын, иштерди жүргүзүүнүн коопсуздугу боюнча техникалык чечимдер бөлүгүндө аларды жүргүзүү технологияларын өзгөртүүлөрдү макулдашат;
- юридикалык жана жеке жактардын чарбалык иши үчүн зарыл болгон жарылуучу материалдарды жана жардыруу приборлорун даярдоонун санын макулдашат;
- Кыргыз Республикасына (-нан) өнөр жай багытындагы жарылуучу материалдарды жана күчтүү таасир этүүчү уулуу заттарды ташып келүүнү (ташып чыгууну) макулдашат;
- кооптуу жүктөрдү (өнөр жай багытындагы жарылуучу материалдарды жана күчтүү таасир этүүчү уулуу заттарды) коопсуз ташуу шарттарын макулдашат;
- башка уюмдардын кампаларында өнөр жай багытындагы жарылуучу материалдарды сактоону макулдашат;
- кооптуу өндүрүш объекттериндеги аварияларды жоюу пландарын макулдашат;
- кооптуу өндүрүш объектисинин персоналын өнөр жай коопсуздугу маселелери боюнча даярдоо жана кайра даярдоо программасын макулдашат;
- өнөр жай багытындагы жарылуучу материалдардын реестрин жүргүзөт;
- өнөр жай коопсуздугу боюнча эксперттерди аттестациялоону өткөрөт;
- мунай жана мунайзаттарынын индикативдик балансын түзөт жана кол коёт;
- лицензиялоо жана электр энергиясына, жылуулук энергиясына жана жаратылыш газына тарифтерди белгилөө аркылуу отун-энергетикалык комплексинин субъекттеринин ишин мамлекеттик жөнгө салууну ишке ашырат;
- тейлеген чөйрөлөрүндөгү эмгек ресурстарына болгон керектөөлөрдүн болжолун иштеп чыгат;
3) мамлекеттик контролдоо жана көзөмөлдөө функцияларын:
- энергетика, өнөр жай коопсуздугу, геологиялык иштерди жүргүзүү жана жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү мыйзамдардын, ошондой эле мунайзаттарынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча милдеттүү талаптардын сакталышына мамлекеттик контроль жана көзөмөл жүргүзөт;
4) координациялоо жана мониторинг жүргүзүү функцияларын:
- отун-энергетикалык комплексин, өнөр жайды, геологияны жана жер казынасын пайдаланууну комплекстүү өнүктүрүү жана жаңы объекттерин түзүү боюнча бирдиктүү мамлекеттик саясатты ишке ашырууну координациялайт;
- отун-энергетикалык комплекси, өнөр жай, геология жана жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты калыптандыруу боюнча мамлекеттик органдардын ишин тармактар аралык жана региондор аралык координациялоону ишке ашырат;
- отун-энергетикалык комплексинин, өнөр жайдын, геологиянын, жер казынасын пайдалануунун түзүмдөрүн өркүндөтүү боюнча чараларды иштеп чыгууну жана ишке ашырууну координациялайт;
- мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүүдө энергетикалык сектордо техникалык-экономикалык көрсөткүчтөрдүн жана белгиленген максаттуу көрсөткүчтөрдүн аткарылышын белгиленген тартипте контролдойт;
- мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүүдө менчигинин түрүнө карабастан отун-энергетикалык комплексинин ишканаларын, электр, жылуулук энергиясын жана жаратылыш газын өндүрүүгө, берүүгө, бөлүштүрүүгө жана керектөөгө байланышкан кызмат адамдарын жана керектөөчүлөрдү координациялайт жана мониторинг жүргүзөт;
- суу-энергетикалык ресурстардын топтолушуна жана пайдаланылышына мониторинг жүргүзөт;
- мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүүдө өнөр жайда, отун-энергетикалык комплексинде, жер казынасын пайдаланууда максаттуу көрсөткүчтөрдүн аткарылышын белгиленген тартипте контролдойт;
- Министрликтин компетенциясына кирген маселелер боюнча юридикалык жана жеке жактар менен өз ара аракеттенет;
- отун-энергетикалык комплексин, өнөр жайды, геологияны, жер казынасын пайдаланууну өнүктүрүүгө келип түшкөн техникалык жардамды башка мамлекеттик органдар менен биргеликте координациялайт;
- жер казынасынын булганышынын алдын алуу максатында тиешелүү мамлекеттик органдар менен биргеликте зыяндуу заттарды, өндүрүш калдыктарын көмүү жана агынды сууларды чыгаруу мүмкүндүгүн жана шарттарын аныктоого катышат;
5) кызмат көрсөтүү функцияларын:
- Министрликтин компетенциясына кирген маселелер боюнча жарандардын жана юридикалык жактардын кайрылууларын, арыздарын, даттанууларын белгиленген тартипте карайт;
- Министрликтин компетенциясына кирген маселелер боюнча жеке жана юридикалык жактарга маалыматтык-консультациялык көмөк көрсөтүүнү камсыз кылат;
6) колдоо функцияларын:
- эл аралык жана ата мекендик уюмдар, ишканалар жана мекемелер менен кызматташат жана иш жүргүзөт;
- башка өлкөлөрдө отун-энергетикалык комплексинин, өнөр жайдын жана жер казынасын пайдалануунун ата мекендик ишканаларынын кызыкчылыктарын илгерилетүүгө көмөктөшөт;
- отун-энергетикалык комплексин, өнөр жайды, геологияны жана жер казынасын пайдаланууну өнүктүрүү боюнча сунуштарды белгиленген тартипте даярдайт;
- отун-энергетикалык комплексинин ишканаларында экологиялык таза, ресурстук жана энергияны үнөмдөөчү технологияларды ишке киргизүүгө көмөктөшөт;
- Министрликтин бардык деңгээлдеринде окутуу жана кайра даярдоо системасын камтуучу кадрдык ресурстарды башкаруу системасын түзөт жана практикалык ишке киргизүүнү жүргүзөт;
- улуттук жана эл аралык илимий-техникалык мекемелер жана уюмдар менен белгиленген тартипте байланыштарды түзөт жана биргелешкен изилдөө иштерин жүргүзөт, Министрликтин компетенциясынын чегинде зарыл болгон макулдашууларга, келишимдерге жана кызматташтык жөнүндө башка документтерге кол коёт;
- республикалык, региондук жана мамлекеттер аралык маалыматтык системалардын алкагында маалымат алмашууга көмөктөшөт;
- Министрликтин компетенциясына кирүүчү маселелер боюнча маалыматтык-маалымдоо жана башка адабиятты даярдоону жана басып чыгарууну уюштурат;
- Министрликтин иш чөйрөсүнө тиешелүү болгон улуттук стандарттарды, эл аралык (региондук) стандарттарды, ошондой эле техникалык регламенттерди экспертизалоону жүргүзүү боюнча комиссиялардын (топтордун) ишине катышат;
- энергетика, өнөр жай, геология жана жер казынасын пайдалануу боюнча долбоордук-издөө жана илимий-изилдөө иштерин башкарууну уюштурат жана жүргүзөт;
- тармактык илимдерди жайылтууга багытталган иш-чараларды жүргүзүүгө көмөк көрсөтөт;
- аскердик-техникалык, аскердик-экономикалык кызматташтык, Кыргыз Республикасы катышкан эл аралык келишимдер боюнча эл аралык, мамлекеттер аралык комиссиялардын ишине катышат;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мобилизациялык даярдоо боюнча иш-чараларды жүргүзөт.
5-глава. Министрликтин укуктары
11. Министрлик белгиленген иш чөйрөсүндө функцияларды ишке ашыруу максатында төмөнкүлөргө укуктуу:
- Кыргыз Республикасы тарабынан чет өлкөлүк мамлекеттик жана эл аралык уюмдар менен түзүлгөн эл аралык келишимдер боюнча белгиленген тартипте сунуштарды киргизүүгө;
- Кыргыз Республикасынын атынан белгиленген тартипте эл аралык келишимдерге кол коюуга;
- юридикалык жана жеке жактардан Министрликтин иш чөйрөсүнө тиешелүү болгон маалыматтарды белгиленген тартипте суроого жана алууга;
- белгиленген иш чөйрөсүндө жумушчу, техникалык, координациялык жана кеңешүүчү (кеңештерди, комиссияларды, топторду), анын ичинде ведомстволор аралык органдарды түзүүгө жана тартууга;
- энергетика жана өнөр жай маселелери боюнча эл аралык институттардын, эксперттик топтордун, ведомстволор аралык комиссиялардын, конференциялардын, кеңешмелердин материалдарын даярдоого, Кыргыз Республикасындагы жана чет өлкөлөрдөгү ишине катышууга;
- Министрликтин ведомстволук бөлүмдөрү тарабынан аткарууга милдеттүү болгон көрсөтмөлөрдү берүүгө;
- "Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы" ачык акционердик коомунун башкаруу органдарына шайлоо үчүн талапкерлер боюнча сунуштарды киргизүүгө;
- мамлекеттин атынан "Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы" ачык акционердик коомунда акционер катары чыгууга;
- Министрликтин компетенциясына кирген маселелер боюнча эл аралык уюмдарда Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарын коргоого;
- өзүнүн компетенциясынын чегинде эл аралык келишимдерди, макулдашууларды, меморандумдарды, кызматташтык жөнүндө протоколдорду түзүүгө, ошондой эле чет мамлекеттердин мамлекеттик органдары, эл аралык уюмдар, юридикалык жактар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө жана эл аралык келишимдерге кол коюуга;
- Министрликтин компетенциясына кирген иш чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруу үчүн эл аралык уюмдардын жана мекемелердин каражаттарын, донор өлкөлөрдүн гранттарын тартууга;
- инвестициялык долбоорлорду даярдоодо, ишке ашырууда жана илгерилетүүдө инвесторлорго көмөк көрсөтүүгө;
- республиканы энергетикалык жана өнөр жайлык өнүктүрүүгө байланышкан айрым долбоорлорду иштеп чыгуу үчүн мамлекеттик органдардын, илимий-изилдөө жана башка мекемелердин өкүлдөрүн тартууга;
- отун-энергетикалык комплексинин жана өнөр жайдын негизги проблемалары боюнча сунуштарды иштеп чыгуу үчүн жумушчу комиссияларды жана топторду түзүүгө;
- экспертизаларды жана консультацияларды жүргүзүү үчүн мамлекеттик органдардын адистерин, ошондой эле көз карандысыз эксперттерди тартууга;
- Министрликтин кызматкерлерин кесиптик даярдоону, кайра даярдоону, квалификациясын жогорулатууну жана стажировкалоону уюштурууга.
6-глава. Министрликтин ишин уюштуруу
12. Министрликти Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кызмат ордуна дайындалуучу жана кызмат ордунан бошотулуучу Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министри (мындан ары - министр) жетектейт.
13. Министрликте статс-катчынын жогорку администрациялык кызмат орду, ошондой эле министрдин орун басарларынын кызмат орду уюшулган, министрдин орун басарларынын бири геология жана жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси болуп саналат.
14. Статс-катчы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
15. Министр:
- Министрликтин, анын коллегиясынын, борбордук аппаратынын, ведомстволук бөлүмдөрүнүн ишине жалпы жетекчилик кылат жана Министрликке жүктөлгөн милдеттердин аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
- министрдин орун басарларынын ортосунда милдеттерди бөлүштүрөт;
- Министрликтин борбордук аппаратынын жана ведомстволук бөлүмдөрүнүн штаттык ырааттамасын жана түзүмүн бекитет;
- Министрликтин борбордук аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрү жөнүндө жоболорду бекитет;
- Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине министрдин орун басарларын, ведомстволук бөлүмдөрдүн жетекчилерин дайындоого жана бошотууга талапкерлерди сунуштайт;
- статс-катчынын сунушу боюнча Министрликтин кызматкерлерин кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот, аларга карата сыйлоо же тартиптик жаза чараларын колдонот;
- Министрликтин системасынын кызматкерлери милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон буйруктарды чыгарат;
- ведомстволук бөлүмдөр жөнүндө жоболордун долбоорлорун жана мамлекеттик ишканалардын уставдарын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизет;
- Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык бүтүмдөрдү/келишимдерди түзөт;
- белгиленген тартипте эл аралык келишимдерге кол коёт;
- статс-катчынын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызмат жөнүндө мыйзамдарына ылайык Министрликте мамлекеттик кызмат өтөөгө байланышкан маселелерди чечет;
- Министрликтин кызматкерлеринин өкүлчүлүктүү органы менен жамааттык келишимге кол коёт;
- белгиленген тартипте Министрликтин кызматкерлерине класстык чендерди ыйгарат;
- белгиленген тартипте мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоого, ардактуу наамдарды ыйгарууга жана Министрликтин системасынын өзгөчө айырмаланган кызматкерлерин Кыргыз Республикасынын алдында сиңирген өзгөчө эмгеги үчүн пенсияларды чектөөгө көрсөтөт;
- белгиленген тартипте Министрликтин ведомстволук сыйлыктарын уюштурат;
- белгиленген тартипте ведомстволук сыйлыктар жөнүндө жоболорду жана алардын сүрөттөлүштөрүн бекитет;
- Министрликтин ведомстволук бөлүмдөрүнө тапшырмаларды берет жана алардын аткарылышын контролдойт;
- Министрликтин атынан белгиленген тартипте ишеним каттарды берет;
- кызмат орду боюнча Министрликтин жарандык коргонуусунун начальниги болуп саналат жана Министрликте жарандык коргонууну жетектейт;
- эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында чечимдерди жокко чыгаруунун башка тартиби белгиленбесе, Министрликтин ведомстволук бөлүмдөрүнүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келген чечимдерин жокко чыгарат;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка функцияларды ишке ашырат.
16. Статс-катчы жана министрдин орун басарлары иштин өздөрү тейлеген багыттары боюнча иштерди уюштурушат.
17. Министрликте 9 адамдан турган коллегия түзүлөт. Коллегиянын курамына кызмат орду боюнча министр, статс-катчы, министрдин орун басарлары жана Министрликтин системасында иштеген башка кызматкерлер кирет. Коллегиянын курамына милдеттүү түрдө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өкүлү кирет. Коллегиянын өз ишин министр тарабынан бекитилүүчү коллегия жөнүндө жобого ылайык жүргүзөт.
Министрликтин коллегиясынын жеке курамы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрү менен макулдашуу боюнча министр тарабынан бекитилет.
18. Министрликтин коллегиясынын жана борбордук аппаратынын, анын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн ишин уюштуруу жана пландоо, күн тартиби, документтердин өтүү жана контролдоо тартиби, ошондой эле Министрликтин ишинин башка маселелери министр тарабынан бекитилүүчү тиешелүү жоболор менен регламенттелет.
19. Министрликтин алдында Министрликтин жана жарандык коомдун өз ара макулдашылган өз ара аракеттенүүсү максатында түзүлгөн, консультациялык-кеңешүүчү орган болуп саналган Коомдук кеңеш уюшулат. Коомдук кеңештин чечимдери сунуштоочу мүнөзгө ээ.
20. Борбордук аппараттын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жана ведомстволук бөлүмдөрдүн ишин контролдоо белгиленген тартипте Министрлик тарабынан жүргүзүлөт.
7-глава. Корутунду жоболор
21. Министрликтин чыгымдарын каржылоо республикалык бюджеттин жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардын эсебинен жүргүзүлөт.
22. Министрликтин ишин кайра уюштуруу жана токтотуу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
23. Министрликтин иши токтотулган учурда Министрликтин документтери "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат жана пайдаланылат.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 2
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндөЗакон · 22.11.1999 · № 125
- КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 247 "Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 15.11.2021 · № 247
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-мартындагы № 80 "Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 05.03.2021 · № 80 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
- КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 2-ноябрындагы № 234 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 735 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 98, 242…Постановление · 01.11.2021 · № 234 · Күчүн жоготкон