Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
постановление Правительства КР «О внесении изменений в некоторые решения Правительства Кыргызской Республики по вопросам деятельности подведомственных подразделений государственных органов исполнительной власти Кыргызской Республики»
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2021-жылдын 2-апрели № 129
Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын ведомстволук бөлүмдөрүнүн ишинин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрү киргизүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин , 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын ведомстволук бөлүмдөрүнүн ишин өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине, 18-беренесинин 2-бөлүгүнүн 27-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 6-июнундагы № 211 "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик комитеттеринин, администрациялык ведомстволорунун жана аткаруу бийлигинин башка органдарынын ведомстволук бөлүмдөрүн түзүү жана мамлекеттик ишканаларды түзүү маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик комитеттеринин, администрациялык ведомстволорунун жана аткаруу бийлигинин башка органдарынын ведомстволук бөлүмдөрү (мындан ары - ведомстволук бөлүмдөр) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана буйруктарын ишке ашыруунун алкагында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдери менен, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин, Кыргыз Республикасынын Өкмөт мүчөлөрүнүн, Кыргыз Республикасынын администрациялык ведомстволорунун жана аткаруу бийлигинин башка органдарынын жетекчилеринин сунуштары боюнча түзүлөөрү белгиленсин. Ведомстволук бөлүмдөр:
- юридикалык жак статусу менен Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик комитеттеринин, администрациялык ведомстволорунун жана аткаруу бийлигинин башка органдарынын иштерин натыйжалуу уюштуруу максатында түзүлөт жана алардын функцияларынын бөлүгү берилет;
- Кыргыз Республикасынын министрликтерине, мамлекеттик комитеттерине, администрациялык ведомстволоруна жана аткаруу бийлигинин башка органдарына отчет беришет.
Ведомстволук бөлүмдөр жөнүндө жоболор Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик комитеттеринин, администрациялык ведомстволорунун жана аткаруу бийлигинин башка органдарынын сунуштары боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишин жөнгө салган Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик комитеттеринин, администрациялык ведомстволорунун жана аткаруу бийлигинин башка органдарынын сунуштары боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишин жөнгө салган Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда төмөнкүлөрдү кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот:
- ведомстволук бөлүмдөрдүн жетекчилерин;
- мамлекеттик агенттик, мамлекеттик кызмат, мамлекеттик инспекция жана фонд түрүндө түзүлгөн ведомстволук бөлүмдүн жетекчилеринин орун басарларын.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик комитеттеринин, администрациялык ведомстволорунун жана аткаруу бийлигинин башка органдарынын жетекчилерине төмөнкүлөрдү кызмат ордуна дайындоо жана кызмат ордунан бошотуу боюнча ыйгарым укукту өткөрүп берүүгө укуктуу:
- ведомстволук бөлүмдөрдүн жетекчилерин;
- мамлекеттик агенттик, мамлекеттик кызмат, мамлекеттик инспекция жана фонд түрүндө түзүлгөн ведомстволук бөлүмдөрдүн жетекчилеринин орун басарларын.".
2. (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана административдик ведомстволорунун жетекчилери белгиленген тартипте бир айлык мөөнөттө ушул токтомдон келип чыккан чечимдердин долбоорлорун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизишсин.
4. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматына бир айлык мөөнөттө белгиленген тартипте "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органынын мамлекеттик агенттик, мамлекеттик кызмат, мамлекеттик инспекция жана фонд түрүндө түзүлгөн ведомстволук бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин орун басарларын өзгөчө (конкурстан тышкары) тартипте Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматынын административдик мамлекеттик кызмат орундарына дайындоо бөлүгүндө тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү караган Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизүү сунушталсын.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри
У.Марипов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (3)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 6-июнундагы № 211 "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик комитеттеринин, администрациялык ведомстволорунун жана…Постановление · 06.06.2007 · № 211
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин…Постановление · 13.12.2023 · № 675
- "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлигинин аткаруу бутагындагы мамлекеттик жарандык кызматтын айрым административдик кызмат орундарына өзгөчө (конкурстан тышкары) тартипте…Правила · 10.02.2017 · № 96 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 6-июнундагы № 211 "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик комитеттеринин, администрациялык ведомстволорунун жана…Постановление · 06.06.2007 · № 211
- Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндөЗакон · 27.10.2021 · № 125
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин…Постановление · 13.12.2023 · № 675
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндөЗакон · 30.05.2016 · № 75 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 10-февралындагы № 96 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлигинин аткаруу бутагындагы мамлекеттик жарандык кызматтын айрым административдик кызмат…Постановление · 10.02.2017 · № 96 · Күчүн жоготкон