# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 9-мартындагы № 82 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 19-майындагы № 256 "Кыргыз Республикасынын жарандарынын, чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын өздүгүн күбөлөндүрүүчү документтер менен калкты камсыздоо маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 9-мартындагы № 82 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 19-майындагы № 256 "Кыргыз Республикасынын жарандарынын, чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын өздүгүн күбөлөндүрүүчү документтер менен калкты камсыздоо маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 82
- Кабыл алынган күнү: 09.03.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.03.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/158088>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-20805/edition/1052263/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/158088.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.03.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 9-мартындагы № 82 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 19-майындагы № 256 "Кыргыз Республикасынын жарандарынын, чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын өздүгүн күбөлөндүрүүчү документтер менен калкты камсыздоо маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (09.03.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/158088

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2021-жылдын 9-марты № 82 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 19-майындагы № 256 "Кыргыз Республикасынын жарандарынын, чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын өздүгүн күбөлөндүрүүчү документтер менен калкты камсыздоо маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын камсыздоо жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 19-майындагы № 256 "Кыргыз Республикасынын жарандарынын, чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын өздүгүн күбөлөндүрүүчү документтер менен калкты камсыздоо маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 1-пунктунун 1 жана 2-пунктчалары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1) Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жүргөн же барган жарандар үчүн 2020-жылдын 1-январынан тартып 2021-жылдын 31-августуна чейинки мезгилде колдонуу мөөнөтү бүткөн Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү паспорту, 2021-жылдын 1-сентябрына чейин;

2) 2020-жылдын 1-январынан тартып 2021-жылдын 31-августуна чейинки мезгилде колдонуу мөөнөтү бүткөн Кыргыз Республикасынын жаранынын 2006-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспорту 2021-жылдын 1-сентябрына чейин, Кыргыз Республикасынын 16 жашка чыга элек жаранынын паспортунан тышкары;";

- 2-пунктунун 1 жана 2-пунктчалары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1) колдонуу мөөнөтү узартылган жогоруда аталган паспортторду Кыргыз Республикасына кирүү (кайтып келүү) жана чыгуу үчүн чет өлкөлүк мамлекеттик чек арадан өтүү максатында колдонууга боло тургандыгы;

2) Кыргыз Республикасынын жарандары зарыл болгон учурда 2020-жылдын 1-январынан тартып 2021-жылдын 31-августуна чейинки мезгилде колдонуу мөөнөтү бүткөн Кыргыз Республикасынын жаранынын 2006-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспортун 2021-жылдын 1-сентябрына чейин колдонууну узартуу жөнүндө тиешелүү белгини койдуруу үчүн калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмдөрүнө, Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгүнө же консулдук мекемесине кайрыла алыша тургандыгы;".

2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрсүн, анын ичинде форс-мажордук жагдайларга байланыштуу убактылуу көрүлгөн чаралар жөнүндө чет мамлекеттерге кабарласын.

3. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрсүн.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнө, курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.

5. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2021-жылдын 1-январынан тартып колдонулат.

Премьер-министр

У.А. Марипов
