# КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-марты № 75 "Айрым мамлекеттердин жарандары үчүн 60 күнгө чейинки мөөнөткө визасыз режим киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-марты № 75 "Айрым мамлекеттердин жарандары үчүн 60 күнгө чейинки мөөнөткө визасыз режим киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 75
- Кабыл алынган күнү: 05.03.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 05.03.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/158080>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-20797/edition/1046706/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/158080.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.03.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-марты № 75 "Айрым мамлекеттердин жарандары үчүн 60 күнгө чейинки мөөнөткө визасыз режим киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө" токтому (05.03.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/158080

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ 2021-жылдын 5-марты № 75

"Айрым мамлекеттердин жарандары үчүн 60 күнгө чейинки мөөнөткө визасыз режим киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. "Айрым мамлекеттердин жарандары үчүн 60 күнгө чейинки мөөнөткө визасыз режим киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.

2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.

Премьер-министр

У.А. Марипов

Долбоор

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ "Айрым мамлекеттердин жарандары үчүн 60 күнгө чейинки мөөнөткө визасыз режим киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу 1-берене. "Айрым мамлекеттердин жарандары үчүн 60 күнгө чейинки мөөнөткө визасыз режим киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2012-ж., № 7, 2732-бер.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) төмөнкүдөй мазмундагы 1-1-берене менен толукталсын:

"1-1-берене. Бириккен Улуттар Уюмунун паспортунун ээлери (United Nations Laisser-Passer кызыл түстөгү паспорт) - чет мамлекеттердин жарандары үчүн 60 күнгө чейинки мөөнөткө визасыз режим бир тараптуу тартипте киргизилсин.";

2) төмөнкүдөй мазмундагы 1-2-берене менен толукталсын:

"1-2-берене. Улуттук коопсуздукту, коомдук тартипти сактоо, коомдун саламаттыгын жана адеп-ахлагын сактоо, Кыргыз Республикасында жашаган адамдардын укуктарын жана эркиндигин коргоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бирдиктүү визалык саясатты камсыздоо жана ишке ашыруу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органынын сунушу боюнча Кыргыз Республикасына визасыз кирүү режимин колдонууну толугу менен же жарым-жартылай токтотууга укуктуу.";

3) жарандарына карата 60 күнгө чейинки мөөнөткө бир тараптуу визасыз режим киргизилген мамлекеттердин тизмеги төмөнкүдөй мазмундагы 53-61-пункттар менен толукталсын:

"53. Албания Республикасы

54. Болгария Республикасы

55. Вьетнам Социалисттик Республикасы

56. Израиль Мамлекети

57. Кипр Республикасы

58. Түндүк Македония Республикасы

59. Румыния Республикасы

60. Таиланд Королдугу

61. Мексика Кошмо Штаттары".

2-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти
