# КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 1-мартындагы № 67 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 1-июлундагы № 398 "Улуттук коргоо, улуттук коопсуздук, мамлекеттик сырды сактоо, маалыматтык коопсуздук жана табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюу менен байланышкан товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу"

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 1-мартындагы № 67 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 1-июлундагы № 398 "Улуттук коргоо, улуттук коопсуздук, мамлекеттик сырды сактоо, маалыматтык коопсуздук жана табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюу менен байланышкан товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу"
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 67
- Кабыл алынган күнү: 01.03.2021
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 01.03.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/158078>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-20795/edition/1196605/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/158078.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.03.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 1-мартындагы № 67 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 1-июлундагы № 398 "Улуттук коргоо, улуттук коопсуздук, мамлекеттик сырды сактоо, маалыматтык коопсуздук жана табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюу менен байланышкан товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" (01.03.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/158078

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-нобрындагы № 641 токтомунун негизинде КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ 2021-жылдын 1-марты № 67 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 1-июлундагы № 398 "Улуттук коргоо, улуттук коопсуздук, мамлекеттик сырды сактоо, маалыматтык коопсуздук жана табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюу менен байланышкан товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугун камсыздоо, Кыргыз Республикасынын аймагында жана анын чегинен тышкары стратегиялык активдер маселелери боюнча мамлекеттин кызыкчылыгын өз убагында, толук жана натыйжалуу коргоо максатында, "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесинин 3-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 1-июлундагы № 398 "Улуттук коргоо, улуттук коопсуздук, мамлекеттик сырды сактоо, маалыматтык коопсуздук жана табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюу менен байланышкан товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Улуттук коргоо, улуттук коопсуздук, мамлекеттик сырды сактоо, маалыматтык коопсуздук жана табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюу менен байланышкан товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу тартибинде:

- төмөнкүдөй мазмундагы 2-2-пункт менен толукталсын:

"2-2. Мамлекеттик кызыкчылыктарды коргоодо улуттук коопсуздукту камсыздоонун алкагында ишке ашырылуучу мамлекеттик сатып алууларга Кыргыз Республикасынын аймагында жана анын чегинен тышкары мамлекеттик стратегиялык активдерди башкаруу үчүн товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу кирет.";

- 4-пункту төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:

"- Кыргыз Республикасынын аймагында жана анын чегинен тышкары мамлекеттик стратегиялык активдерди коргоодо улуттук коопсуздукту камсыздоо менен байланышкан товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу;".

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министр

У.А. Марипов
