# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 26-февралындагы № 64 "Кыргыз Республикасында Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасы аркылуу автомобилдик өткөрүү пункттарында мамлекеттик контролдун түрлөрүн жүргүзүүнүн айрым маселелери жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 26-февралындагы № 64 "Кыргыз Республикасында Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасы аркылуу автомобилдик өткөрүү пункттарында мамлекеттик контролдун түрлөрүн жүргүзүүнүн айрым маселелери жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 64
- Кабыл алынган күнү: 26.02.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.04.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/158065>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-20782/edition/1044772/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/158065.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.04.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 26-февралындагы № 64 "Кыргыз Республикасында Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасы аркылуу автомобилдик өткөрүү пункттарында мамлекеттик контролдун түрлөрүн жүргүзүүнүн айрым маселелери жөнүндө" токтому (12.04.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/158065

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ 2021-жылдын 26-февралы № 64 Кыргыз Республикасында Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасы аркылуу автомобилдик өткөрүү пункттарында мамлекеттик контролдун түрлөрүн жүргүзүүнүн айрым маселелери жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 178 токтомунун редакциясына ылайык)

Кыргыз Республикасында Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагында жайгашкан автомобилдик өткөрүү пункттары аркылуу товарларды, жаныбарларды жана транспорт каражаттарын ташып өтүүдөгү процесстерди оптималдаштыруу жана экспорттук дараметти стимулдаштыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасында Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагында жайгашкан автомобилдик өткөрүү пункттарындагы экспорттук бажы жол-жобосуна ылайык Евразиялык экономикалык бирликтин бажы аймагынан чыгып жаткан товарларга, жаныбарларга жана транспорт каражаттарына карата төмөнкү мамлекеттик контролдун түрлөрүн:

- радиациялык контролдоону;

- чек аралык контролдоону;

- транспорттук (автомобилдик) контролдоону;

- бажылык контролдоону кошпогондо, мамлекеттик контролдун түрлөрүн жүргүзүүгө тыюу салуу белгиленсин.

2. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 178 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

3. Кыргыз Республикасында Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасы аркылуу автомобилдик өткөрүү пункттарында мамлекеттик контролдун түрлөрүн жүзөгө ашырган Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары ушул токтомдон келип чыккан чараларды белгиленген тартипте көрсүн.

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тийиштүү бөлүмдөрүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

У.А. Марипов
