# КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 17-февралы № 48 "Кыргыз Республикасынын салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 17-февралы № 48 "Кыргыз Республикасынын салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 48
- Кабыл алынган күнү: 17.02.2021
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.01.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/158059>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-20776/edition/1257567/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/158059.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.01.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 17-февралы № 48 "Кыргыз Республикасынын салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө" токтому (13.01.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/158059

---

КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ 2021-жылдын 17-февралы № 48

"Кыргыз Республикасынын салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. "Кыргыз Республикасынын салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.

2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.

3. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри - Экономика жана финансы министри аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.

Премьер-министр

У.А. Марипов

Долбоор

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Кыргыз Республикасынын салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу 1-берене. Кыргыз Республикасынын салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2018-ж., № 7-8, 490-бер.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 130-беренесинде:

а) 1-бөлүгү "тигил же бул" деген сөздөрдөн кийин "айыл аймакта жана" деген сөздөр менен толукталсын;

б) 3-бөлүгүнүн биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү жалпы мамлекеттик маанидеги жер казыналарынын участокторунун реестрине кирген кен чыккан жерлер боюнча чегерүүлөр төмөнкүдөй тартипте жүргүзүлөт:";

в) 4-бөлүгүндөгү "Алтындын запасы 50 тоннадан азды түзгөн" деген сөздөр "Жалпы мамлекеттик маанидеги жер казыналарынын участокторунун реестрине кирбеген" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

г) 5-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын.

2-берене. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү алты айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти
