Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров Кыргызской Республики от 13 января 2023 года № 13 "О признании утратившими силу некоторых решений Правительства Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2023-01-13.
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ 2021-жылдын 17-февралы № 48
"Кыргыз Республикасынын салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. "Кыргыз Республикасынын салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри - Экономика жана финансы министри аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр
У.А. Марипов
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Кыргыз Республикасынын салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу 1-берене. Кыргыз Республикасынын салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2018-ж., № 7-8, 490-бер.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 130-беренесинде:
а) 1-бөлүгү "тигил же бул" деген сөздөрдөн кийин "айыл аймакта жана" деген сөздөр менен толукталсын;
б) 3-бөлүгүнүн биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү жалпы мамлекеттик маанидеги жер казыналарынын участокторунун реестрине кирген кен чыккан жерлер боюнча чегерүүлөр төмөнкүдөй тартипте жүргүзүлөт:";
в) 4-бөлүгүндөгү "Алтындын запасы 50 тоннадан азды түзгөн" деген сөздөр "Жалпы мамлекеттик маанидеги жер казыналарынын участокторунун реестрине кирбеген" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
г) 5-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын.
2-берене. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү алты айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 5 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (5)
- КР Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 30-сентябрындагы № 4881-VI ""Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын…Постановление · 30.09.2021 · № 4881-VI
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 25-октябрындагы № 230 ""Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү…Постановление · 25.10.2021 · № 230
- КР Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 27-октябрындагы № 4961-VI "Кыргыз Республикасынын салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз…Постановление · 27.10.2021 · № 4961
- Постановление Жогорку Кенеша Кыргызской Республики от 10 ноября 2021 года № 5000-VI "О принятии Закона Кыргызской Республики "О внесении изменений в Кодекс Кыргызской Республики…Постановление · 10.11.2021 · № 5000-VI
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 13.01.2023 · № 13
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 13.01.2023 · № 13
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Салыктык эмес кирешелер жөнүндөКодекс · 10.08.2018 · № 90
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон