Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 2-сентябрындагы № 446 «Өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу чаралары тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ 2021-жылдын 15-февралы № 43 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 2-сентябрындагы № 446 "Өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу чаралары тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Текшерүүгө алына турган өлчөө каражаттарынын тизмесин жана өлчөө каражаттарын текшерүүнүн ортосундагы аралыкты актуалдаштыруу максатында, "Өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 2-сентябрындагы № 446 "Өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу чаралары тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Текшерилүүгө тийиш болгон өлчөө каражаттарынын тизмеси жана өлчөө каражаттарын текшерүүнүн мезгилдүүлүгүндө:
- 21-25-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
21
Тиричиликтик суу эсептегичтери
- ысык суу үчүн
4 жылда 1 жолу
- муздак суу үчүн
5 жылда 1 жолу
22
Өнөр жай жылуулук эсептегичтери:
- шарттуу өткөрүү диаметри 15-20 мм болгон
4 жылда 1 жолу
- шарттуу өткөрүү диаметри 20 мм ашуун болгон
Жылына 1 жолу
23
Тиричиликтик жылуулук эсептегичтери
4 жылда 1 жолу
24
Өнөр жай газ эсептегичтери:
- Turbo Flow UFG ультра үндүү;
4 жылда 1 жолу
- мембраналык, турбиналык жана башка
Жылына 1 жолу
25
Тиричиликтик газ эсептегичтери
12 жылда 1 жолу
";
- 38-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
38
Деңгээл ченегичтер
Жылына 1 жолу
";
- 46-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
46
Суу агымынын ылдамдыгын ченегичтер
2 жылда 1 жолу
";
- 48-50-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын
"
48
Суунун деңгээлин ченегичтерди текшерүүчү түзүлүштөр
Паспорттогу маалыматтарга ылайык
49
РУГ тибиндеги деңгээл өлчөөчү гидромелиоративдик рейкалар
2 жылда 1 жолу
50
Электрондук корректорлор-газ эсептегичтер
Жылына 1 жолу
";
- 66, 67-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
66
Бурчтук өткөрүүнүн датчиктери
Жылына 1 жолу
67
Суюктуктардын, буунун жана газдын чыгымын ченегичтер жана дифманометрлер (анын ичинде экинчи жолку приборлор)
Жылына 1 жолу
";
- 80, 81-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
80
Ашыкча басым датчиктери
Паспорттогу маалыматтарга ылайык
81
Барометрлер
Жылына 1 жолу
";
- 82 жана 83-пункттары күчүн жоготту деп таанылсын;
- 85-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
85
Бардык типтеги рН-метрлердин комплекттери
Жылына 1 жолу
";
- 91-1-пункту менен толукталсын:
"
91-1
Газдалуунун тиричиликтик сигнализаторлору
Жылына 1 жолу
";
- 101-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
101
Бардык типтеги ион ченегичтер
Жылына 1 жолу
";
- 106-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
106
Биохимиялык анализаторлор
Жылына 1 жолу
Оптикалык өлчөө системасын пайдаланбас-тан толук автоматташтырылган анализаторлордон тышкары (өлчөө функциялары менен техникалык түзүлүштөр)
";
- 108-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
108
Иммуноферменттик анализаторлор
Жылына 1 жолу
Оптикалык өлчөө системасын пайдаланбастан толук автоматташтырылган анализаторлордон тышкары (өлчөө функциялары менен техникалык түзүлүштөр)
";
- 116-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
116
Медициналык термометрлер жана тепловизорлор:
- электрондук, байланышсыз
Жылына 1 жолу
- сымаптык
Өндүрүштөн чыкканда
";
- 126-129-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
126
Электр энергиясынын эсептегичтери үч фазалуу индукциялык жана электрондук
4 жылда 1 жолу
127
Электр энергиясынын эсептегичтери бир фазалуу индукциялык жана электрондук
8 жылда 1 жолу
128
Электр энергиясынын микропроцессордук программаланган эсептегичтери
6 жылда 1 жолу
129
а) 1000 В чейинки токтун жана чыңалуунун трансформаторлору
4 жылда 1 жолу
б) 1000 В жогору токтун жана чыңалуунун трансформаторлору
Оңдолгондон кийин жана өндүрүштөн чыккан учурда
";
- 170-1-пункту менен толукталсын:
"
170-1
Айнектин жарык өткөрүүсүн өлчөгүчтөр
Жылына 1 жолу
".
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр
У.А. Марипов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (3)
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 2-сентябрындагы № 446 "Өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу чаралары тууралуу" токтомуПостановление · 02.09.2019 · № 446
- Өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жөнүндөЗакон · 09.07.2014 · № 118
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон