# КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 17-февралындагы № 238 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 21-июнундагы № 238 "Кыргыз аккредитациялоо борборунун маселелери" жөнүндө токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 17-февралындагы № 238 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 21-июнундагы № 238 "Кыргыз аккредитациялоо борборунун маселелери" жөнүндө токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 47
- Кабыл алынган күнү: 17.02.2021
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 29.08.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/158056>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-20773/edition/1185207/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/158056.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.08.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 17-февралындагы № 238 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 21-июнундагы № 238 "Кыргыз аккредитациялоо борборунун маселелери" жөнүндө токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому (29.08.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/158056

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-августундагы № 474 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ 2021-жылдын 17-февралы № 47 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 21-июнундагы № 238 "Кыргыз аккредитациялоо борборунун маселелери" жөнүндө токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу

Мамлекеттик органдын ведомстволук мекемелеринин тейлөөчү кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттарын өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 21-июнундагы № 238 "Кыргыз аккредитациялоо борборунун маселелери" жөнүндө токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинин 10-пунктундагы "2500" деген цифралар "5000" деген цифралар менен алмаштырылсын.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2021-жылдын 23-февралындагы № 14 (3193) жарыяланды

Премьер-министр

У.А. Марипов
