# КР Өкмөтүнун 2021-жылдын 10-февралы № 36 "Кыргыз Республикасынын жайыт жерлеринде мал жаюу ченемин аныктоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнун 2021-жылдын 10-февралы № 36 "Кыргыз Республикасынын жайыт жерлеринде мал жаюу ченемин аныктоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 36
- Кабыл алынган күнү: 10.02.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.02.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/158049>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-20768/edition/1044157/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/158049.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.02.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнун 2021-жылдын 10-февралы № 36 "Кыргыз Республикасынын жайыт жерлеринде мал жаюу ченемин аныктоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому (10.02.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/158049

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ 2021-жылдын 10-февралы № 36

Кыргыз Республикасынын жайыт жерлеринде мал жаюу ченемин аныктоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу

"Жайыттар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын жайыт жерлеринде мал жаюу ченемин аныктоо тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына тийиштүү айыл аймактардын жайыт жерлеринде мал жаюу ченемин тиркемеге ылайык белгилөө сунушталсын.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2021-жылдын 16-февралындагы № 12 жарыяланды

Премьер-министр

У.А. Марипов
