Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнун «Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 24 июня 2022 года № 335 "О признании утратившими силу некоторых решений Правительства Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-06-24.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 335 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ 2021-жылдын 27-январы № 31 "Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. "Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин орун басары аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын
Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр
А.Э. Новиков
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ "Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу 1-берене. "Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2014-ж., № 7, 672-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 19-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2) атайылап жасаган кылмыш үчүн соттуулугу бар, ал алып салынгандыгына же жоюлгандыгына карабастан;";
2) 20-беренесинин 3-бөлүгүнүн экинчи сүйлөмүндөгү "анын кабыл алынган күнүнөн тартып бир айдын ичинде сотко" деген сөздөр "административдик иш жана административдик жол-жоболор чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
3) 21-беренесинин 4-бөлүгүнүн биринчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
4) 2-главасы төмөнкүдөй мазмундагы 21-1-берене менен толукталсын:
"21-1-берене. Лицензиянын дубликаты Лицензия жоголгон (бузулган) учурда адвокат лицензиянын дубликатын берүү жөнүндө арыз менен Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине кайрылууга укуктуу. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги арыз алынган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде лицензиянын жоголгондугу (бузулгандыгы) жөнүндө маалыматты өзүнүн расмий сайтына жайгаштырылган Адвокаттардын мамлекеттик реестринде жарыялайт. Лицензиянын дубликаты арыз алынган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги тарабынан берилет.";
5) 22-беренеси төмөнкүдөй мазмундагы 2-1-бөлүк менен толукталсын:
"2-1. Ушул берененин 2-бөлүгүнүн 5 жана 6-пункттарында көрсөтүлгөн учурлардан сырткары, лицензиянын колдонулушун токтото туруу үчүн адвокат Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине арыз берет, ага лицензияны (лицензиянын дубликатын) тиркейт, ап эми лицензия (лицензиянын дубликаты) жоголгон учурда бул тууралуу арызда көрсөтөт.";
6) 23-беренеси төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"23-берене. Адвокаттардын мамлекеттик реестри
1. Адвокаттардын саны жана персоналдык курамы жөнүндө ишенимдүү маалыматтарды чогултуу, сактоо, эсепке алуу жана камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги Адвокаттардын мамлекеттик реестрин кагаз жана электрондук түрдө жүргүзүүнү камсыздайт.
2. Адвокаттардын мамлекеттик реестри адвокаттын фамилиясын, атын, атасынын атын, анын дарегин, лицензия берилген датаны, лицензиянын номерин, Адвокатурага кирүү датасын, адвокаттык мекеменин аталышын жана юридикалык дарегин, белгиленген тартипте даярдалган мөөрүнүн үлгүсүн камтууга тийиш.
Адвокаттардын мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
3. Мамлекет тарабынан кепилденген юридикалык жардам берүү тутумунун алкагында квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүү боюнча адвокаттардын мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартиби мамлекет тарабынан кепилденген юридикалык жардам берүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.";
7) 24-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктундагы "административдик укук бузуулар жөнүндө" деген сөздөр "бузуулар жөнүндө" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
8) 25-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пунктундагы "административдик укук бузуулар жөнүндө" деген сөздөр "бузуулар жөнүндө" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
9) 29-беренесинин 5-бөлүгүндөгү "административдик укук бузуулар жөнүндө" деген сөздөр "бузуулар жөнүндө" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2-берене.
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү алты айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндөЗакон · 14.07.2014 · № 135
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 335 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 24.06.2022 · № 335
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон