# КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 30-февралындагы № 637 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 8-февралындагы № 39 "Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен аскердик-техникалык кызматташуусун андан ары өнүктүрүү үчүн керектүү нормативдик укуктук документтерди бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 30-февралындагы № 637 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 8-февралындагы № 39 "Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен аскердик-техникалык кызматташуусун андан ары өнүктүрүү үчүн керектүү нормативдик укуктук документтерди бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 637
- Кабыл алынган күнү: 30.12.2020
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.12.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/158033>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-20753/edition/1062949/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/158033.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.12.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 30-февралындагы № 637 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 8-февралындагы № 39 "Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен аскердик-техникалык кызматташуусун андан ары өнүктүрүү үчүн керектүү нормативдик укуктук документтерди бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому (30.12.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/158033

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ 2020-жылдын 30-декабры № 637

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 8-февралындагы № 39 "Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен аскердик-техникалык кызматташуусун андан ары өнүктүрүү үчүн керектүү нормативдик укуктук документтерди бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы "Бишкек штамптоочу заводу" мамлекеттик ишканасынын Кыргыз Республикасында аскердик багыттагы продукцияны экспорттук контролдоо тартибин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо менен тышкы экономикалык ишти жүргүзүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 8-февралындагы № 39 "Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен аскердик-техникалык кызматташуусун андан ары өнүктүрүү үчүн керектүү нормативдик укуктук документтерди бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасы аскердик багыттагы (№ 1 тизме) продукцияларды берүүгө (экспорт) уруксат болгон өлкөлөрдүн тизмеси:

- төмөнкүдөй мазмундагы он биринчи позиция менен толукталсын:

"

Афганстан Ислам Республикасы

".

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр

А.Э. Новиков
