Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн 2021-жцылдын 22-январындагы № 2 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 27-январындагы № 32 „Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин органдарындагы Кыргыз Республикасынын атайын укуктуу туруктуу өкүлдөрүнүн ишкердигин жана болушун камсыздоо жөнүндө“ токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ 2021-жылдын 22-январы № 21 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 27-январындагы № 32 "Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин органдарындагы Кыргыз Республикасынын атайын укуктуу туруктуу өкүлдөрүнүн ишкердигин жана болушун камсыздоо жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 32 жана 33-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасымын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 27-январындагы № 32 "Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин органдарындагы Кыргыз Республикасынын атайын укуктуу туруктуу өкүлдөрүнүн ишкердигин жана болушун камсыздоо жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- преамбуласындагы ", "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кызмат орундарынын реестрин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин Указына жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2004-жылдын 7-майындагы № 158 "Ч.Ибраимова жөнүндө" Указына ылайык" деген сөздөр алып салынсын;
- 1-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
- экинчи абзацынын 3-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын Экономика жана каржы министрлиги" деген сөздөр тийиштүү жөндөмөдө "Мамлекеттик финансыны башкаруу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 4-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
- 5-пунктундагы "30" деген цифралар "10" деген цифралар менен алмаштырылсын;
- 6-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын Экономика жана каржы министрлиги Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен бирдикте" деген сөздөр "мамлекеттик финансыны башкаруу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 7-пунктундагы:
биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Мамлекеттик финансыны башкаруу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган"; экинчи абзацындагы "Тышкы иштер министрлигинин" деген сөздөр алып салынсын;
- 8-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын Экономика жана каржы министрлигине" деген сөздөр тийиштүү жөндөмөдө "Мамлекеттик финансыны башкаруу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- жогоруда аталган токтомдун тиркемеси күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2021-жылдын 2-февралындагы № 8 (3187) жарыяланды
Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр
А.Э. Новиков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (4)
- Постановление Правительства КР от 27 января 2003 года № 32 "Об обеспечении деятельности и пребывания постоянных полномочных представителей Кыргызской Республики при органах…Постановление · 27.01.2003 · № 32
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөЗакон · 20.07.2009 · № 241
- КР Президентинин 2004-жылдын 7-майындагы ПЖ № 158 "Ч.Ибраимова жөнүндө" жарлыгыУказ · 07.05.2004 · № 158
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.