# КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 27-январындагы № 25 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 23-мартындагы № 178 "Коронавирус инфекциясы пандемиясына байланыштуу калкты дары каражаттары жана медициналык буюмдар менен камсыздоо боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 27-январындагы № 25 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 23-мартындагы № 178 "Коронавирус инфекциясы пандемиясына байланыштуу калкты дары каражаттары жана медициналык буюмдар менен камсыздоо боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 25
- Кабыл алынган күнү: 27.01.2021
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.12.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/158029>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-20751/edition/1086336/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/158029.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.12.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 27-январындагы № 25 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 23-мартындагы № 178 "Коронавирус инфекциясы пандемиясына байланыштуу калкты дары каражаттары жана медициналык буюмдар менен камсыздоо боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (13.12.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/158029

---

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ 2021-жылдын 27-январы № 25 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 23-мартындагы № 178 "Коронавирус инфекциясы пандемиясына байланыштуу калкты дары каражаттары жана медициналык буюмдар менен камсыздоо боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын аймагында коронавирус инфекциясы (COVID-19) менен байланышкан эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу калкты зарыл болгон дары каражаттары жана медициналык буюмдар менен үзгүлтүксүз камсыздоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 23-мартындагы № 178 "Коронавирус инфекциясы пандемиясына байланыштуу калкты дары каражаттары жана медициналык буюмдар менен камсыздоо боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 1-пунктунда:

биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "1. 2021-жылдын 1-июлуна чейин фармацевттик иш-аракеттер субъекттерине төмөнкүлөргө уруксат берилсин:"; жетинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;

- 1-1-пунктунун биринчи абзацындагы "2020-жылдын 31-декабрына чейин" деген сөздөр "2021-жылдын 1-июлуна чейин" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 3-пунктундагы "Мамлекеттик чек ара кызматы" деген сөздөр "Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

2. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2021-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр

А.Э. Новиков
