Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү, алкоголдук продукцияны, сергитүүчү алкоголсуз жана алкоголу аз ичимдиктерди чекене сатууну жана керектөөнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ 2021-жылдын 18-январы № 7 "Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү, алкоголдук продукцияны, сергитүүчү алкоголсуз жана алкоголу аз ичимдиктерди чекене сатууну жана керектөөнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу жөнүндө "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Алтыбаева А.Т., Осмонова А.Ш., Карашев А.А., Аскарова А.А., Мамашова А.Т., Мавлянова М.Э., Жамалдинов З.И., Строкова Е.Г., Никитенко Н.В., Орозова К.Б., Каримов Н.Т., Момбеков Р.Ч. жана Алимбеков Н.К. тарабынан демилгеленген "Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү, алкоголдук продукцияны, сергитүүчү алкоголсуз жана алкоголу аз ичимдиктерди чекене сатууну жана керектөөнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр
А.Э. Новиков
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 18-январындагы № 7 токтому менен жактырылган
"Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү, алкоголдук продукцияны, сергитүүчү алкоголсуз жана алкоголу аз ичимдиктерди чекене сатууну жана керектөөнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.Т.Алтыбаева, А.Ш.Осмонова, А.А.Карашев, А.А.Аскарова, А.Т.Мамашова, М.Э.Мавлянова, З.И.Жамалдинов, Е.Г.Строкова, Н.В.Никитенко, К.Б.Орозова, Н.Т.Каримов, Р.Ч.Момбеков жана Н.К.Алимбеков тарабынан демилгеленген "Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү, алкоголдук продукцияны, сергитүүчү алкоголсуз жана алкоголу аз ичимдиктерди чекене сатууну жана керектөөнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун (мындан ары - Мыйзам долбоору) карап чыгып, төмөнкүдөй корутундуга келди.
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары демилгелеген Мыйзам долбоору менен Кыргыз Республикасынын аймагында сергитүүчү алкоголу аз ичимдиктерди өндүрүүгө жана жүгүртүүгө тыюу салуу сунушталган.
Бирок 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин (мындан ары - ЕАЭБ жөнүндө келишим) 28-беренесине ылайык ички рыноктун иштөө алкагында мүчө мамлекеттер товарлар менен өз ара соода жүргүзүүдө ташып кирүү жана ташып чыгуу бажы алымдарын (башка алымдарды, эквиваленттүү колдонулган салыктарды жана жыйымдарды), тарифтик эмес жөнгө салуунун чараларын, атайын коргоочу, демпингге каршы жана компенсациялык чараларды колдонушпайт. ЕАЭБдин алкагында товарларды жылдырууда алар бажылык контролдоого алынбайт. Буга байланыштуу ЕАЭБ өлкөлөрүнөн сергитүүчү алкоголу аз ичимдиктерди ташып келүүнү жөнгө салуу маселеси чечилбей келүүдө. Ошол эле учурда ЕАЭБ жөнүндө келишимдин 29-беренесине ылайык мүчө мамлекеттер товарлар менен өз ара соода жүргүзүүдө чектөөлөрдү (мындай чаралар себепсиз басмырлоонун же сооданы жашыруун чектөөнүн каражаттары болуп саналбаган шартта) колдонууга укуктуу экендигин белгилөө керек, бирок мындай чектөөлөр адамдын өмүрүн жана ден соолугун, айлана-чөйрөнү, жаныбарларды жана өсүмдүктөрдү коргоо үчүн зарыл болуусу шарттуу. ЕАЭБ жөнүндө келишимдин № 7 тиркемесинин II бөлүгүнө ылайык Бирликтин аймагында үчүнчү өлкөлөр менен соода жүргүзүүдө тарифтик эмес жөнгө салуунун бирдиктүү чаралары колдонулат. Тарифтик эмес жөнгө салууну киргизүү, колдонуу, узартуу жана жоюу тууралуу чечим Евразия экономикалык комиссиясы тарабынан кабыл алынат. ЕАЭБ жөнүндө келишимдин № 7 тиркемесинин X бөлүмүнө ылайык ЕАЭБ жөнүндө келишимдин № 7 тиркемесинин VII жана VIII бөлүмдөрүндө каралган негиздер боюнча өзгөчө шарттарда, мүчө өлкөлөр үчүнчү өлкөлөр менен соода жүргүзүүдө бир жактуу тартипте, анын ичинде ЕАЭБ жөнүндө келишимдин № 7 тиркемесинин III жана IV бөлүмдөрүндө көрсөтүлгөн айырмаланган негиздер боюнча убактылуу чараларды киргизүүгө укуктуу. Убактылуу чара киргизген ЕАЭБге мүчө өлкө алдын-ала, бирок аны киргизген күнгө чейин 3 календардык күндөн кечиктирбей ЕЭК Комиссиясына бул тууралуу кабарлайт жана мындай чараны ЕАЭБдин аймагына киргизүү жөнүндө сунушун берет. Бирликтин аймагына убактылуу чара киргизүү тууралуу чечим кабыл алынбаган учурда Комиссия убактылуу чара киргизген өлкөгө жана мүчө өлкөлөрдүн бажы органдарына убактылуу чараны киргизген күндөн тартып 6 айдан ашпаган мезгилге колдонула тургандыгын маалымдайт. Республиканын аймагында 2017-жылдын 12-августунан тартып Бажы бирлигинин "Тамак-аш продуктуларынын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламенти (ББ 021/2011 ТР) колдонулат, анын жөнгө салуучу объектиси сергитүүчү ичимдиктер болуп саналат, алар алкоголсуз ошондой эле алкоголу аз болушу мүмкүн. ЕАЭБ жөнүндө келишимдин 51-беренесине ылайык Бирликтин техникалык регламенттери Бажы бирлигинин (мындан ары - Бирлик) аймагында түздөн-түз колдонулат. Техникалык регламенттер менен продуктуларга карата колдонуу жана аткаруу үчүн бирдиктүү талаптар белгиленет. ЕАЭБ жөнүндө келишимдин 53-беренесине ылайык Бирликтин аймагында жүгүртүлүүгө чыгарылган продуктулар коопсуз болууга тийиш. Бирликтин техникалык регламенти күчүнө кирген Бирликтин техникалык регламентинде белгиленген шайкештикти баалоонун керектүү жол-жоболорунан өткөн шартта продуктулар Бирликтин аймагында жүгүртүүгө чыгарылат. Мүчө мамлекеттер Бирликтин техникалык регламентинде камтылган талаптарга кошумча талаптарды койбостон жана шайкештикти баалоонун кошумча жол-жоболорун өткөрбөстөн мындай продуктулардын жүгүртүүгө чыгарылышын камсыздашат. ББ 021/2011 ТР ылайык сергитүүчү ичимдиктер - бул "алкоголсуз жана алкоголу аз, сергитүүчү заттарды (компоненттерди), анын ичинде чай, кофе жана алардын негизиндеги ичимдиктерден тышкары адамдын организмине сергитүүчү таасирди камсыз кылуу үчүн жетиштүү сандагы өсүмдүктөн алынган заттарды камтыган ичимдиктер"; "Сергитүүчү ичимдиктер (анын ичинде энергетикалык) алкоголсуз жана алкоголу аз ичимдиктер катары өндүрүлөт (даярдалат). Сергитүүчү заттардын (компоненттердин) булактары катары кофеинди жана аны камтыган өсүмдүктөрдү (өсүмдүк экстракттары), чай, кофе, гуаранды, матени, ошондой эле дары өсүмдүктөрүн жана алардын сергитүүчү таасир берүүчү экстракттарын (женьшень, левзея, гүлгүн родиола, лимонник, элеутрекокк) колдонууга жол берилет. Сергитүүчү алкоголсуз ичимдиктердин курамына экиден ашпаган сергитүүчү затты (компонентти), бирден ашпаган сергитүүчү алкоголу аз ичимдиктерди кошууга жол берилет. Сергитүүчү ичимдиктерди өндүрүүдө (даярдоодо) минералдык заттарды, жеңил сиңүүчү көмүртектерди витаминдерди жана витаминге окшош заттарды, субстраттарды жана энергетикалык алмашуунун стимуляторлорун колдонууга жол берилет. Сергитүүчү ичимдиктерде кофеинди камтуу 400 мг/дм3 ашпоого тийиш". (9-берене). Мындан тышкары алкоголу аз ичимдиктер 2022-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирүүчү "Алкоголдук продукциялардын коопсуздугу жөнүндө" (ЕАЭБ 047/2018 ТР) Евразия экономикалык бирлигинин жөнгө салуучу объектиси болуп саналат. ЕАЭБ 047/2018 ТР ылайык алкоголу аз ичимдиктер алкоголдук продуктуларга кирет, мында даяр продуктуда этил спиртинин болушу 7 пайыздан кем болбоого тийиш. Мындай продукт коопсуз болуп саналат жана шайкештикти баалоо боюнча документи болгон учурда ЕАЭБдин аймагына жүгүртүүгө чыгарууга жол берилет. Мыйзамдын долбооруна карата негиздеме-маалым катка ылайык курамында 9% этил спирти бар "Ягуар" энергетигин өндүрүү жана жүгүртүүгө тыюу салуу болжолдонууда. Ушуга байланыштуу продуктунун бул түрү ББ 047/2018 ТР ылайык алкоголу аз продуктуларга кирбей тургандыгын белгилейбиз. Айтылгандардын негизинде Мыйзам долбоорунун биринчи бөлүгүнүн экинчи абзацын төмөнкүдөй редакцияда баяндоону сунуштайбыз: "- даяр продуктуда 7 пайыздан ашык этил спиртин (күчтүү) камтыган алкоголу аз сергитүүчү ичимдиктерди өндүрүүгө жана сатууга". Мыйзам долбооруна тиркелген жөнгө салуу таасирин талдоодо энергетикалык алкоголдук ичимдиктердин жаш муунга тийгизген терс таасири жана калкынын саламаттыгына тынчсызданган көптөгөн өлкөлөрдүн реакциясы кеңири баяндалган. Ошондой эле Кыргыз Республикасында сергитүүчү алкоголу аз ичимдиктердин сатылышына толук мамлекеттик контролдоо мүмкүн эместиги көптөгөн көйгөйлөрдү жаратууда. Натыйжада аталган ичимдиктерди керектөөнүн көлөмү көбөйүүдө. Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен 18 жашка чыга элек адамдарга сергитүүчү алкоголу аз ичимдиктерди сатууга тыюу салынган. Жөнгө салуу таасирин талдоодо аталган талаптардын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин аймактык бөлүмдөрү тарабынан жүргүзүлөт деп көрсөтүлгөн. 2019-жылдын ноябрь айынан тартып бул функция Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматына (мындан ары - МСК) берилген. Республикада сергитүүчү алкоголу аз ичимдиктерди өндүрүүгө жана сатууга тыюу салуу өлкөбүздө жаштар тарабынан аларды керектөөнү кыскартууга, ошону менен өсүп келе жаткан муундун саламаттыгын сактап калууга, жаштар, мектеп окуучулары жана студенттер арасында алкоголизмдин жаралышынын алдын алууга мүмкүндүк берет.
2. Жөнгө салуу таасирин иштеп чыккандар берген талдоонун, экономикалык талдоо жүргүзүү бөлүгүндө акциздик салыктардын келип түшүүлөрү жөнүндө маалыматтар келтирилген:
- 2018-жыл - 25,4 млн. сом;
- 2019-жыл - 16,3 млн. сом.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 26-декабрындагы № 711 токтомуна ылайык алкоголу аз ичимдиктер акциздик салыгынын ставкасы 1 литр үчүн 70 сомдон 200 сомго чейин жогорулатылган. 2020-жылдын январь-май айларында алкоголу аз ичимдиктер акциздик салыгы төлөнгөн эмес, ошол эле учурда бир субъект тарабынан гана ташылып келген факт бар, ал бул үчүн 2019-жылы акциздик салык төлөгөн. Кыргыз Республикасында алкоголу аз ичимдиктер өндүрүлбөйт. Ошондой эле салыкчылар алкоголу аз ичимдиктерди сатууга толук тыюу салынган учурда аталган продукцияны мыйзамсыз жүгүртүү тобокелдиги жаралышы мүмкүндүгүн белгилеген. Демек, сергитүүчү алкоголу аз ичимдиктер өндүрүүгө жана сатууга тыюу салынган учурда республика жылына 20 миллион сомго жакын жоготот.
3. Жөнгө салуу таасирине талдоо жүргүзүүдө төмөнкүдөй талаптар бузулган.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 30-сентябрындагы № 559 токтому менен бекитилген Ишкер субъекттердин ишине ченемдик укуктук актылардын жөнгө салуучу таасирин талдоонун методикасына ылайык "көйгөйлөрдү аныктоо", "күтүлгөн кесепеттерди баалоо", "коомдук талкуулоонун жыйынтыктары" пункттарында кызыкдар тараптардын жөнгө салуунун варианттары боюнча чагылдырылуучу маалыматтарын көрсөтүү зарыл. Аталган Методикага ылайык кызыкдар тараптар - изилдөөгө алынган көйгөйлөр жана/же сунушталуучу мамлекеттик жөнгө салуу таасири тийген юридикалык жактар, жеке жактар жана алардын бирикмелери, мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары. Ошол эле учурда жумушчу топтун курамына юриспруденция, финансы жана экономика жаатындагы жөнгө салууну киргизип жаткан чөйрөнүн адистери кирген. Ушуга байланыштуу жумушчу топтун курамына ушул чөйрөдөгү кызыкдар бизнес түзүмдүн өкүлдөрү, атап айтканда алкоголу аз продукцияны ташып келүү жана сатуу менен түздөн-түз алектенген ишкердик субъекттер киргизилиши зарыл.
4. Мындан тышкары Мыйзам долбоорунун 2-беренесинин редакциясын ЕАЭБдин тийиштүү органдарына, Кыргыз Республикасынын милдеттенмелеринин чегинде, өтмө жоболор жана кабарлоо тууралуу маселелерди регламенттөө боюнча кошумча талдоо жүргүзүүнүн зарылдыгын билдиребиз.
5. "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренесине ылайык ишкердик ишти жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылар расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күндөн эрте күчүнө кирбейт. Ушуга байланыштуу Мыйзам долбоорунун 2-беренесин жогоруда аталган Мыйзамдын 30-беренесине ылайык келтирүү зарыл.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул корутундуда баяндалган сын пикирлерди жана сунуштарды эске алуу менен жогоруда аталган Мыйзам долбоорун кабыл алуу мүмкүн деп эсептейт.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 2
Шилтеме берет (5)
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөЗакон · 20.07.2009 · № 241
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 30-сентябрындагы № 559 "Ишкер субъекттердин ишине ченемдик укуктук актылардын жөнгө салуучу таасирин талдоонун методикасын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 30.09.2014 · № 559 · Күчүн жоготкон
- Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү, алкоголдук продукцияны, сергитүүчү алкоголсуз жана алкоголу аз ичимдиктерди чекене сатууну жана керектөөнү…Закон · 20.10.2017 · № 177 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 26-декабрындагы № 711 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 26.12.2019 · № 711 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндөЗакон · 13.10.2009 · № 269 · Күчүн жоготкон
- "Ишкер субъекттердин ишине ченемдик укуктук актылардын жөнгө салуучу таасирин талдоонун Методикасы" (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 30-сентябрындагы № 559 токтому…Методика · 30.09.2014 · № 559 · Күчүн жоготкон