# КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 15-январындагы № 5 "Республикалык бюджетти колдоо үчүн депозиттик эсепке түшүүчү акча каражаттарын чегерүү, эсепке алуу жана пайдалануу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 15-январындагы № 5 "Республикалык бюджетти колдоо үчүн депозиттик эсепке түшүүчү акча каражаттарын чегерүү, эсепке алуу жана пайдалануу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 5
- Кабыл алынган күнү: 15.01.2021
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 03.11.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/158008>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-20734/edition/1040406/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/158008.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.11.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 15-январындагы № 5 "Республикалык бюджетти колдоо үчүн депозиттик эсепке түшүүчү акча каражаттарын чегерүү, эсепке алуу жана пайдалануу жөнүндө" токтому (03.11.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/158008

---

КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-ноябрындагы № 585 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ 2021-жылдын 15-январы № 5 Республикалык бюджетти колдоо үчүн депозиттик эсепке түшүүчү акча каражаттарын чегерүү, эсепке алуу жана пайдалануу жөнүндө Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетин колдоо үчүн юридикалык жана жеке жактардан түшүүчү ыктыярдуу акча каражаттарын топтоо жана максаттуу пайдалануу максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 105-беренесинин 6-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Республикалык бюджетти колдоо үчүн депозиттик эсепке түшүүчү акча каражаттарын чегерүү, эсепке алуу жана пайдалануу жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Бирдиктүү казыналык эсептин алкагында республикалык бюджетти колдоого түшүүчү акча каражаттарын эсепке алуу жана пайдалануу үчүн депозиттик эсеп ачсын.

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр

А.Э. Новиков
