Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Өзгөчө абал жана өзгөчө кырдаал режиминин шарттарында иш-чараларга тартылган саламаттык сактоонун мамлекеттик жана муниципалдык уюмдарынын кызматкерлеринин өмүрүнө жана ден соолугуна келтирилген зыянды төлөп берүү тартибин бекитүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ 2021-жылдын 11-январы № 1 Өзгөчө абал жана өзгөчө кырдаал режиминин шарттарында иш-чараларга тартылган саламаттык сактоонун мамлекеттик жана муниципалдык уюмдарынын кызматкерлеринин өмүрүнө жана ден соолугуна келтирилген зыянды төлөп берүү тартибин бекитүү жөнүндө Саламаттык сактоонун мамлекеттик жана муниципалдык уюмдарынын кызматкерлеринин өмүрүнө жана ден соолугуна келтирилген зыянды төлөп берүү кепилдигин камсыздоо максатында, "Медицина кызматкеринин статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 111 жана 14-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Өзгөчө абал жана өзгөчө кырдаал режиминин шарттарында иш-чараларга тартылган саламаттык сактоонун мамлекеттик жана муниципалдык уюмдарынын кызматкерлеринин өмүрүнө жана ден соолугуна келтирилген зыянды төлөп берүү тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 4-майындагы № 161-б буйругу күчүн жоготту деп таанылсын
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2021-жылдын 26-январындагы № 6 (3185) жарыяланды
Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр
А.Э. Новиков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- Өзгөчө абал жана өзгөчө кырдаал режиминин шарттарында иш-чараларга тартылган саламаттык сактоонун мамлекеттик жана муниципалдык уюмдарынын кызматкерлеринин өмүрүнө жана ден…Порядок · 11.01.2021 · № 1
- Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2021-жылдын 11-июнундагы № 27 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 11-январындагы № 1 "Өзгөчө абал жана өзгөчө кырдаал…Постановление · 11.06.2021 · № 27
- Постановление Правительства КР от 03 марта 2021 года № 69 "О внесении изменений в постановление Правительства Кыргызской Республики "О создании Службы по борьбе с незаконным…Постановление · 03.03.2021 · № 69
Шилтеме берет (1)
- Медицина кызматкеринин статусу жөнүндөЗакон · 28.05.2013 · № 81 · Күчүн жоготкон