# КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 22-майындагы № 271 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-мартындагы № 163 “Кыргыз Республикасынын аймагында коронавирустук инфекциянын (COVID-19) пайда болуу жана жайылуу коркунучун алдын алуу боюнча чаралар жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 22-майындагы № 271 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-мартындагы № 163 “Кыргыз Республикасынын аймагында коронавирустук инфекциянын (COVID-19) пайда болуу жана жайылуу коркунучун алдын алуу боюнча чаралар жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 271
- Кабыл алынган күнү: 22.05.2020
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.05.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/158000>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-20729/edition/1036705/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/158000.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.05.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 22-майындагы № 271 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-мартындагы № 163 “Кыргыз Республикасынын аймагында коронавирустук инфекциянын (COVID-19) пайда болуу жана жайылуу коркунучун алдын алуу боюнча чаралар жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (22.05.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/158000

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2020-жылдын 22-майы № 271 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-мартындагы № 163 “Кыргыз Республикасынын аймагында коронавирустук инфекциянын (COVID-19) пайда болуу жана жайылуу коркунучун алдын алуу боюнча чаралар жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Чектөө иш-чараларын (карантинди) этабы менен алып салуу жана социалдык-экономикалык чөйрөнүн объекттеринин ишин калыбына келтирүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-мартындагы № 163 “Кыргыз Республикасынын аймагында коронавирустук инфекциянын (COVID-19) пайда болуу жана жайылуу коркунучун алдын алуу боюнча чаралар жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 1-пунктунда:

бешинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: “- кинотеатрлардын иши;”; жетинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министри

М.Д.Абылгазиев
