Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «2019-жылдын 9-августунда Чолпон-Ата шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагы аркылуу кооптуу калдыктарды трансчек аралык өткөрүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ 2020-жылдын 2-майы № 231 "2019-жылдын 9-августунда Чолпон-Ата шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагы аркылуу кооптуу калдыктарды трансчек аралык өткөрүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 74 жана 80-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 68-беренесине, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Төмөнкү тиркелгендер жактырылсын:
- "2019-жылдын 9-августунда Чолпон-Ата шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагы аркылуу кооптуу калдыктарды трансчек аралык өткөрүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз 'Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
- 2019-жылдын 9-августунда Чолпон-Ата шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагы аркылуу кооптуу калдыктарды трансчек аралык өткөрүү жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Төмөнкү мамлекеттик органдар аталган Макулдашууну ишке ашыруу үчүн жооптуу болуп аныкталышсын:
- кооптуу калдыктарды экспорттоого, импорттоого жана транзит менен алып өтүүгө эксперттик корутунду берүү жана кооптуу калдыктарды трансчек аралык ташуу жөнүндө билдирүүнү берүү үчүн - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги;
- кооптуу калдыктарды экспорттоого жана импорттоого лицензия берүү үчүн - Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директору аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри
М.Д. Абылгазиев
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2019-жылдын 9-августунда Чолпон-Ата шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагы аркылуу кооптуу калдыктарды трансчек аралык өткөрүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралу 1-берене. 2019-жылдын 9-августунда Чолпон-Ата шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагы аркылуу кооптуу калдыктарды трансчек аралык өткөрүү жөнүндө макулдашуу ратификациялансын. 2-берене. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Евразия экономикалык комиссиясына жогоруда көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө кабарласын. 3-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 2-майындагы № 231 токтому менен жактырылган
2019-жылдын 9-августунда Чолпон-Ата шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагы аркылуу кооптуу калдыктарды трансчек аралык өткөрүү жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ 2019-жылдын 9-августунда Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттеринин өкмөт башчылары кол койгон Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагы аркылуу кооптуу калдыктарды трансчек аралык өткөрүү жөнүндө макулдашуунун (мындан ары - Макулдашуу) максаты кооптуу калдыктарды трансчек аралык өткөрүү менен байланышкан мамилелерди жөнгө салуу болуп саналат. Бул Макулдашуу кооптуу калдыктарды мыйзамсыз жүгүртүүгө бөгөт коюуга, Евразия экономикалык бирлигинин (мындан ары - ЕАЭБ) мүчө мамлекеттеринин ортосунда кооптуу калдыктардын өткөрүлүшүн контролдоону күчөтүүгө, ЕАЭБдин мүчө мамлекеттеринин ортосунда өз ара аракеттенүүнү жана маалымат алмашууну камсыздоо жана ЕАЭБдин мүчө мамлекеттеринин ортосунда кооптуу калдыктарды өткөрүүнүн бирдиктүү тартибин белгилөө боюнча жагымдуу шарттарды түзүүгө жөндөм берет. Макулдашуунун жоболоруна ылайык калдыктарды трансчек аралык өткөрүү Евразия экономикалык комиссиясынын чечими менен бекитилген бирдиктүү форма боюнча компетенттүү орган тарабынан берилүүчү корутундунун (уруксат берүүчү документтин) негизинде ишке ашырылат. Макулдашуунун ченемдери жана жоболору 1989-жылдын 22-мартындагы Кооптуу калдыктарды трансчек аралык ташууну жана аларды жок кылууну контролдоо жөнүндө Базель конвенциясынын негизги принциптерине жана талаптарына шайкеш келет. Макулдашуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерине шайкеш келет жана Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин ченемдерине каршы келбейт. Макулдашуу Кыргыз Республикасынын кызыкдар мамлекеттик органдары менен макулдашылган жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 4-июлундагы № 277-б буйругу менен жактырылган. Аталган Макулдашууну ратификациялоо республикалык бюджеттен финансылык чыгымдарга, ошондой эле финансы-экономикалык жана башка кесепеттерге алып келбейт.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- КР Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 25-июнундагы № 4029-VI "2019-жылдын 9-августунда Чолпон-Ата шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагы аркылуу кооптуу…Постановление · 25.06.2020 · № 4029-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 2-декабрындагы № 4206-VI "2019-жылдын 9-августунда Чолпон-Ата шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагы аркылуу кооптуу…Постановление · 02.12.2020 · № 4206-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 23-декабрындагы № 4283-VI "2019-жылдын 9-августунда Чолпон-Ата шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагы аркылуу кооптуу…Постановление · 23.12.2020 · № 4283-VI
Шилтеме берет (5)
- Конвенция о контроле за трансграничной перевозкой опасных отходов и их удалением (Кыргызская Республика присоединилась постановлениями ЗС Жогорку Кенеша КР от 18 января 1996 года…Конвенция · 22.03.1989
- Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндөЗакон · 24.04.2014 · № 64
- 2019-жылдын 9-августунда Чолпон-Ата шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагы боюнча кооптуу калдыктарды трансчекаралык өткөрүү жөнүндө макулдашууну…Закон · 22.01.2021 · № 12
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндөЗакон · 25.11.2011 · № 223 · Күчүн жоготкон