Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн 2020 жылдында 28 майындагы № 276 «2020-жылдын 7-майында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы «Келечек үчүн билим берүү» долбоору боюнча каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө»
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2020 жылдын 28 майы № 276 "2020-жылдын 7-майында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы "Келечек үчүн билим берүү" долбоору боюнча каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине жана 80-беренесинин 2-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 68-беренесине, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр жактырылсын:
-"2020-жылдын 7-майында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы "Келечек үчүн билим берүү" долбоору боюнча каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору; -2020-жылдын 7-майында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы "Келечек үчүн билим берүү" долбоору боюнча каржылоо жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен аталган мыйзамдын долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
4. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр
К.А. Боронов
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2020-жылдын 7-майында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы "Келечек үчүн билим берүү" долбоору боюнча каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу 1-берене. 2020-жылдын 7-майында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы "Келечек үчүн билим берүү" долбоору боюнча каржылоо жөнүндө макулдашуу ратификациялансын. 2-берене. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясына (Дүйнөлүк банк) жогоруда көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө кабарласын. 3-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 28-майындагы № 276 токтому менен жактырылган
2020-жылдын 7-майында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы "Келечек үчүн билим берүү" долбоору боюнча каржылоо жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ 2020-жылдын 7-майында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы "Келечек үчүн билим берүү" долбоору боюнча каржылоо жөнүндө макулдашуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын ченемдерине шайкеш келет жана Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге каршы келбейт. "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жогоруда аталган Макулдашууга кол коюлганга чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин профилдик комитеттери: Бюджет жана финансы боюнча комитети, Эл аралык иштер, коопсуздук жана коргоо боюнча комитети, Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети менен макулдашылган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 4-майындагы № 159-б буйругу менен жактырылган жана 2020-жылдын 7-майында Кыргыз Республикасынын Финансы министри Б.Ж.Жеенбаева тарабынан кол коюлган. Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын "Келечек үчүн билим берүү" долбоору мектепке чейинки жана мектептик билим берүүнү күчөтүүгө багытталган негизги реформаларды колдоого жана жүзөгө ашыруу боюнча иш-чараларды камтыйт: мектепке даярдоо, мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу, окуу программаларын санариптештирүү жана окуучулардын билимин баалоону өркүндөтүү. Жогоруда аталган Макулдашууну ратификациялоо кыска мөөнөттөгү 500гө чейин жаңы мектепке чейинки билим берүү уюмдарын түзүүгө жана жабдууга, башталгыч класстардын жана табигый-математикалык циклдеги предметтердин мугалимдерине окуу программаларын иштеп чыгууга, 1200 мектепти IT-платформалары, электрондук китепканалар, мультимедиа класстары жана компьютердик техника менен камсыз кылууга, окуучуларды окутуунун жыйынтыктарын баалоо куралдарын өркүндөтүүгө, ошондой эле окуу материалдарын санарип форматта иштеп чыгууга жана ылайыкташтырууга, мугалимдердин компьютердик сабаттуулугун жогорулатууга мүмкүнчүлүк берет. Ушул Макулдашуунун негизги милдети - бул 2024-жылда Окуучулардын жетишкендиктерин баалоочу эл аралык программасына (PISA) Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү мектептеринин окуучуларынын катышуусун даярдоо жана каржылоо. Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы Кыргыз Республикасына мектепке чейинки жана мектептик билим берүү системаларын өнүктүрүүгө 50 млн. АКШ доллары өлчөмүндө финансылык жардам берет, анын ичинде 25 млн. АКШ доллары өлчөмүндө кредит жана 25 млн. АКШ доллары өлчөмүндө грант. Ушул финансы каражаттары Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы тарабынан 38 жылга берилүүдө, анын ичинен 6 жыл - жеңилдетилген мезгил, пайыздык ставкасы - жылына 0,75%. Аталган Макулдашууну ратификациялоо финансы-экономикалык жана башка кесепеттерге алып келбейт, ошондой эле республикалык бюджеттен кошумча чыгымдарды талап кылбайт.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- КР Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 11-июнундагы № 3859-VI "2020-жылдын 7-майында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын…Постановление · 11.06.2020 · № 3859-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 11-июнундагы № 3860-VI "2020-жылдын 7-майында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын…Постановление · 11.06.2020 · № 3860-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 11-июнундагы № 3861-VI "2020-жылдын 7-майында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын…Постановление · 11.06.2020 · № 3861-VI
Шилтеме берет (5)
- Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндөЗакон · 24.04.2014 · № 64
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 4-майындагы № 159-б (Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы “Келечек үчүн билим берүү” долбоору боюнча каржылоо…Распоряжение · 04.05.2020 · № 159-р
- 2019-жылдын 3-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы "Борбордук Азиядагы региондук жол катнаштарын…Закон · 16.11.2019 · № 129
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндөЗакон · 25.11.2011 · № 223 · Күчүн жоготкон