# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 20-августундагы № 429 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 9-июлундагы № 376 "2020-2021-окуу жылына мамлекеттик билим берүү гранттарынын негизинде Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларында окутулуучу адистиктердин тизмесин жана окууга кабыл алуу көлөмүн бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 20-августундагы № 429 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 9-июлундагы № 376 "2020-2021-окуу жылына мамлекеттик билим берүү гранттарынын негизинде Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларында окутулуучу адистиктердин тизмесин жана окууга кабыл алуу көлөмүн бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 429
- Кабыл алынган күнү: 20.08.2020
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 20.08.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/157976>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-20720/edition/1119242/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/157976.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.08.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 20-августундагы № 429 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 9-июлундагы № 376 "2020-2021-окуу жылына мамлекеттик билим берүү гранттарынын негизинде Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларында окутулуучу адистиктердин тизмесин жана окууга кабыл алуу көлөмүн бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (20.08.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/157976

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ 2020-жылдын 20-августу № 429 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 9-июлундагы № 376 "2020-2021-окуу жылына мамлекеттик билим берүү гранттарынын негизинде Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларында окутулуучу адистиктердин тизмесин жана окууга кабыл алуу көлөмүн бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Коронавирустук инфекциянын пандемиясынын шарттарында саламаттык сактоо уюмдары үчүн медициналык адистиктер боюнча кадрларды даярдоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 9-июлундагы № 376 "2020-2021-окуу жылына мамлекеттик билим берүү гранттарынын негизинде Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларында окутулуучу адистиктердин тизмесин жана окууга кабыл алуу көлөмүн бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген 2020-2021-окуу жылына мамлекеттик билим берүү гранттарынын негизинде Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларында окутулуучу адистиктердин тизмесинде жана окууга кабыл алуу көлөмүндө:

- "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги" бөлүмүндө:

"320" деген Цифралар "360" деген цифралар менен алмаштырылсын; "210" деген цифралар "240" деген цифралар менен алмаштырылсын; "60" деген цифралар "70" деген цифралар менен алмаштырылсын;

- "Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги" бөлүмүндө "4482" деген цифралар "4532" деген цифралар менен алмаштырылсын;

- "Саламаттык сактоо" позициясында:

"40" деген цифралар "80" деген цифралар менен алмаштырылсын; "20" деген цифралар "30" деген цифралар менен алмаштырылсын; "75" деген цифралар "125" деген цифралар менен алмаштырылсын;

- "Бардыгы" позициясындагы "5705" деген цифралар "5795" деген цифралар менен алмаштырылсын.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 11-сентябрындагы № 76 жарыяланды

Премьер-министр

К.А. Боронов
