# КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 21-августундагы № 431 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-февралындагы № 56 "Акылдуу шаар" долбоорунун "Коопсуз шаар" компонентин ишке ашыруунун алкагында аппараттык-программалык комплексти колдонуу менен фиксацияланган Жолдо жүрүүнүн жана транспорт каражаттарын эксплуатациялоонун эрежелерин бузуу үчүн өндүрүлгөн айыптардын суммаларын түзүү жана пайдалануу тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 21-августундагы № 431 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-февралындагы № 56 "Акылдуу шаар" долбоорунун "Коопсуз шаар" компонентин ишке ашыруунун алкагында аппараттык-программалык комплексти колдонуу менен фиксацияланган Жолдо жүрүүнүн жана транспорт каражаттарын эксплуатациялоонун эрежелерин бузуу үчүн өндүрүлгөн айыптардын суммаларын түзүү жана пайдалануу тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 431
- Кабыл алынган күнү: 21.08.2020
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.06.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/157974>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-20718/edition/1175331/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/157974.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.06.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 21-августундагы № 431 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-февралындагы № 56 "Акылдуу шаар" долбоорунун "Коопсуз шаар" компонентин ишке ашыруунун алкагында аппараттык-программалык комплексти колдонуу менен фиксацияланган Жолдо жүрүүнүн жана транспорт каражаттарын эксплуатациялоонун эрежелерин бузуу үчүн өндүрүлгөн айыптардын суммаларын түзүү жана пайдалануу тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому (06.06.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/157974

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 6-июнундагы № 299 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ 2020-жылдын 21-августу № 431 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-февралындагы № 56 "Акылдуу шаар" долбоорунун "Коопсуз шаар" компонентин ишке ашыруунун алкагында аппараттык-программалык комплексти колдонуу менен фиксацияланган Жолдо жүрүүнүн жана транспорт каражаттарын эксплуатациялоонун эрежелерин бузуу үчүн өндүрүлгөн айыптардын суммаларын түзүү жана пайдалануу тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу Саламаттык сактоо уюмдары үчүн медициналык тез жардам автомашиналарын сатып алуу менен байланышкан маселелерди ыкчам чечүү максатында, "Акылдуу шаар" долбоорунун "Коопсуз шаар" компонентин ишке ашыруунун алкагында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-февралындагы № 56 "Акылдуу шаар" долбоорунун "Коопсуз шаар" компонентин ишке ашыруунун алкагында аппараттык-программалык комплексти колдонуу менен фиксацияланган Жолдо жүрүүнүн жана транспорт каражаттарын эксплуатациялоонун эрежелерин бузуу үчүн өндүрүлгөн айыптардын суммаларын түзүү жана пайдалануу тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Акылдуу шаар" долбоорунун "Коопсуз шаар" компонентин ишке ашыруунун алкагында аппараттык-программалык комплексти колдонуу менен фиксацияланган Жолдо жүрүүнүн жана транспорт каражаттарын эксплуатациялоонун эрежелерин бузуу үчүн өндүрүлгөн айыптардын суммаларын түзүү жана пайдалануу тартибинде: 10-пунктунун экинчи абзацындагы "Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна" деген сөздөр "Саламаттык сактоо министрлигине" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

2. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2020-жылдын 5-августунан тартып күчүнө кирет.

Премьер-министр

К.А. Боронов
