# КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 1-декабрындагы № 585 "Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигине караштуу "Кыргызаэронавигация" мамлекеттик ишканасынын уставын бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 1-декабрындагы № 585 "Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигине караштуу "Кыргызаэронавигация" мамлекеттик ишканасынын уставын бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 585
- Кабыл алынган күнү: 01.12.2020
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 19.05.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/157969>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-20714/edition/1186998/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/157969.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.05.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 1-декабрындагы № 585 "Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигине караштуу "Кыргызаэронавигация" мамлекеттик ишканасынын уставын бекитүү жөнүндө" токтому (19.05.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/157969

---

КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 19-майындагы № 351 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2020-жылдын 1-декабры № 585 Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Кыргызаэронавигация" мамлекеттик ишканасынын уставын бекитүү жөнүндө (КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 346, 2022-жылдын 12-июлундагы № 381 токтомдорунун редакцияларына ылайык) Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 87-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин алдындагы "Кыргызаэронавигация" мамлекеттик ишканасынын уставы тиркемеге ылайык бекитилсин.

(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 346, 2022-жылдын 12-июлундагы № 381 токтомунун редакциясына ылайык)

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 24-июлундагы № 450 "Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигине караштуу "Кыргызаэронавигация" мамлекеттик ишканасынын уставын бекитүү жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр

А.Э. Новиков
