# КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 27-августундагы № 452 2020-жылдын 3-февралында Москва шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигинин техникалык регламенттеринде талаптар коюлбаган продукцияны Евразия экономикалык бирлигинин алкагында жүгүртүү тартиби жана мындай продукциянын коопсуздугун камсыз кылуу эрежелери жөнүндө макулдашууну бекитүү тууралуу токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 27-августундагы № 452 2020-жылдын 3-февралында Москва шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигинин техникалык регламенттеринде талаптар коюлбаган продукцияны Евразия экономикалык бирлигинин алкагында жүгүртүү тартиби жана мындай продукциянын коопсуздугун камсыз кылуу эрежелери жөнүндө макулдашууну бекитүү тууралуу токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 452
- Кабыл алынган күнү: 27.08.2020
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 27.08.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/157956>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-20703/edition/1116997/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/157956.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.08.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 27-августундагы № 452 2020-жылдын 3-февралында Москва шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигинин техникалык регламенттеринде талаптар коюлбаган продукцияны Евразия экономикалык бирлигинин алкагында жүгүртүү тартиби жана мындай продукциянын коопсуздугун камсыз кылуу эрежелери жөнүндө макулдашууну бекитүү тууралуу токтому (27.08.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/157956

---

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому 2020-жылдын 27-августу № 452 2020-жылдын 3-февралында Москва шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигинин техникалык регламенттеринде талаптар коюлбаган продукцияны Евразия экономикалык бирлигинин алкагында жүгүртүү тартиби жана мындай продукциянын коопсуздугун камсыз кылуу эрежелери жөнүндө макулдашууну бекитүү тууралуу Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. 2020-жылдын 3-февралында Москва шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигинин техникалык регламенттеринде талаптар коюлбаган продукцияны Евразия экономикалык бирлигинин алкагында жүгүртүү тартиби жана мындай продукциянын коопсуздугун камсыз кылуу эрежелери жөнүндө макулдашуу бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги аталган Макулдашууну ишке ашырууга жооптуу ыйгарым укуктуу орган болуп аныкталсын.

3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Евразия экономикалык комиссиясына аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө кабарласын.

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр

К.А. Боронов
