КР Өкмөтүнүн Москва шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигинин техникалык регламенттеринде талаптар коюлбаган продукцияны Евразия экономикалык бирлигинин алкагында жүгүртүү тартиби жана мындай продукциянын коопсуздугун камсыз кылуу эрежелери жөнүндө макулдашууну бекитүү тууралуу токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому 2020-жылдын 27-августу № 452 2020-жылдын 3-февралында Москва шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигинин техникалык регламенттеринде талаптар коюлбаган продукцияны Евразия экономикалык бирлигинин алкагында жүгүртүү тартиби жана мындай продукциянын коопсуздугун камсыз кылуу эрежелери жөнүндө макулдашууну бекитүү тууралуу Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. 2020-жылдын 3-февралында Москва шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигинин техникалык регламенттеринде талаптар коюлбаган продукцияны Евразия экономикалык бирлигинин алкагында жүгүртүү тартиби жана мындай продукциянын коопсуздугун камсыз кылуу эрежелери жөнүндө макулдашуу бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги аталган Макулдашууну ишке ашырууга жооптуу ыйгарым укуктуу орган болуп аныкталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Евразия экономикалык комиссиясына аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө кабарласын.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр
К.А. Боронов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндөЗакон · 24.04.2014 · № 64
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.