# КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 24-августундагы № 444 "2020-жылдын 14-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган Япония Өкмөтүнүн акысыз жардамынын алкагында "Социалдык-экономикалык өнүктүрүү" программасы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Япония Өкмөтүнүн ортосундагы Алмашуу ноталарын ратификациялоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 24-августундагы № 444 "2020-жылдын 14-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган Япония Өкмөтүнүн акысыз жардамынын алкагында "Социалдык-экономикалык өнүктүрүү" программасы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Япония Өкмөтүнүн ортосундагы Алмашуу ноталарын ратификациялоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 444
- Кабыл алынган күнү: 24.08.2020
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.08.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/157953>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-20700/edition/1116989/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/157953.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.08.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 24-августундагы № 444 "2020-жылдын 14-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган Япония Өкмөтүнүн акысыз жардамынын алкагында "Социалдык-экономикалык өнүктүрүү" программасы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Япония Өкмөтүнүн ортосундагы Алмашуу ноталарын ратификациялоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу" токтому (24.08.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/157953

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ 2020-жылдын 24-августу № 444 2020-жылдын 14-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган Япония Өкмөтүнүн акысыз жардамынын алкагында "Социалдык-экономикалык өнүктүрүү" программасы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Япония Өкмөтүнүн ортосундагы Алмашуу ноталарын ратификациялоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине жана 80-беренесинин 2-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 68-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Төмөнкү тиркелгендер жактырылсын:

- "2020-жылдын 14-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган Япония Өкмөтүнүн акысыз жардамынын алкагында "Социалдык-экономикалык өнүктүрүү" программасы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Япония Өкмөтүнүн ортосундагы Алмашуу ноталарын ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;

- 2020-жылдын 14-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган Япония Өкмөтүнүн акысыз жардамынын алкагында "Социалдык-экономикалык өнүктүрүү" программасы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Япония Өкмөтүнүн ортосундагы Алмашуу ноталарына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.

2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен аталган мыйзамдын долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.

4. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.

5. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жогоруда аталган Алмашуу ноталарын ишке ашырууга жооптуу орган болуп аныкталсын.

Премьер-министр

К.А. Боронов

Долбоор

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2020-жылдын 14-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган Япония Өкмөтүнүн акысыз жардамынын алкагында "Социалдык-экономикалык өнүктүрүү" программасы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Япония Өкмөтүнүн ортосундагы Алмашуу ноталарын ратификациялоо жөнүндө 1-берене. 2020-жылдын 14-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган Япония Өкмөтүнүн акысыз жардамынын алкагында "Социалдык-экономикалык өнүктүрүү" программасы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Япония Өкмөтүнүн ортосундагы Алмашуу ноталары ратификациялансын. 2-берене. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги япон тарапка жогоруда көрсөтүлгөн Алмашуу ноталарынын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө кабарласын. 3-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 24-августундагы № 444 токтому менен жактырылган

2020-жылдын 14-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган Япония Өкмөтүнүн акысыз жардамынын алкагында "Социалдык-экономикалык өнүктүрүү" программасы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Япония Өкмөтүнүн ортосундагы Алмашуу ноталарына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ 2020-жылдын 14-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган Япония Өкмөтүнүн акысыз жардамынын алкагында "Социалдык-экономикалык өнүктүрүү" программасы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Япония Өкмөтүнүн ортосундагы Алмашуу ноталары (мындан ары - Алмашуу ноталары) жалпысынан Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерине ылайык келет жана Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге каршы келбейт. Алмашуу ноталарынын долбоорлору кол коюлганга чейин Кыргыз Республикасынын кызыкдар министрликтери жана административдик ведомстволору, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин профилдик комитеттери: Бюджет жана финансы боюнча комитети, Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо комитети, Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети менен макулдашылган жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 30-июнундагы № 236-б буйругу менен жактырылган. Япония Өкмөтү "Социалдык-экономикалык өнүктүрүү" программасынын алкагында Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо уюмдары үчүн заманбап диагностикалык медициналык жабдууларды япон өндүрүүчүлөрүнөн сатып алууга 500 млн. япон иен өлчөмүндө грант берет. "Социалдык-экономикалык өнүктүрүү" программасын ишке ашыруу мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарынын диагностикалык потенциалын кыйла жогорулатууга, ошондой эле медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртууга жана калк үчүн алардын жеткиликтүүлүгүн камсыздоого мүмкүндүк берет. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги долбоордун аткаруучу агенттиги болуп саналат. Алмашуу ноталарын ратификациялоо кандайдыр бир финансылык-экономикалык жана башка кесепеттерге алып келбейт, ошондой эле мамлекеттик бюджеттен кошумча чыгымдарды талап кылбайт.
