# КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 9-апрелиндеги № 198 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 10-ноябрындагы № 633 “Региондорду өнүктүрүү фонддорун түзүүнүн тартиби жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 9-апрелиндеги № 198 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 10-ноябрындагы № 633 “Региондорду өнүктүрүү фонддорун түзүүнүн тартиби жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 198
- Кабыл алынган күнү: 09.04.2020
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.04.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/157950>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-20697/edition/1114342/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/157950.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.04.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 9-апрелиндеги № 198 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 10-ноябрындагы № 633 “Региондорду өнүктүрүү фонддорун түзүүнүн тартиби жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому (09.04.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/157950

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ 2020-жылдын 9-апрели № 198 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 10-ноябрындагы № 633 “Региондорду өнүктүрүү фонддорун түзүүнүн тартиби жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын аймагында коронавирустук инфекциянын жайылышын минимумдаштыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 34-беренесине жана “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17 - беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 10-ноябрындагы № 633 “Региондорду өнүктүрүү фонддорун түзүүнүн тартиби жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Региондорду өнүктүрүү фонддорун түзүүнүн тартиби жөнүндө типтүү жободо:

- 11-пунктунун 1-пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы он экинчи абзац менен толукталсын:

«- өзгөчө кырдаал учурунда эпидемиялык жагдайдын пайда болушуна жол бербөөгө байланыштуу иш-чараларга, бирок региондорду өнүктүрүү фонддоруна келип түшүүчү жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдү өнүктүрүүгө жана күтүүгө чегерүүлөрдүн жалпы көлөмүнүн 30 %нан ашпашы керек;”;

- 11-пунктунун 2-пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын:

«- өзгөчө кырдаал учурунда эпидемиялык жагдайдын пайда болушуна жол бербөөгө байланыштуу иш-чараларга, бирок региондорду өнүктүрүү фонддоруна келип түшүүчү жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдү өнүктүрүүгө жана күтүүгө чегерүүлөрдүн жалпы көлөмүнүн 30 %нан ашпашы керек;”.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министр

М.Д. Абылгазиев
