# КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 10-августундагы № 415 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 10-августундагы № 415 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 415
- Кабыл алынган күнү: 10.08.2020
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.12.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/157947>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-20694/edition/1113389/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/157947.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.12.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 10-августундагы № 415 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому (20.12.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/157947

---

КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 20-декабрындагы № 776 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ 2020-жылдын 10-августу № 415 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы № 185, 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомдорунун редакциясына ылайык)

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы № 185 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 30-майындагы № 264 "Кыргыз Республикасынын балдар-өспүрүмдөр спорттук мектеби, олимпиялык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектеби, балдар-өспүрүмдөр спорттук-адаптациялык мектеби, паралимпиадалык резервдеги балдар-өспүрүмдөр мектеби жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын балдар-өспүрүмдөр спорттук мектеби, олимпиялык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектеби, балдар-өспүрүмдөр спорттук-адаптациялык мектеби, паралимпиадалык резервдеги балдар-өспүрүмдөр мектеби жөнүндө типтүү жободо: 14-пунктунда:

- биринчи абзацындагы "Олимпиадалык резервдин республикалык окуу жайына (мындан ары - РУОР)" деген сөздөр "Республикалык спорттук колледжге (мындан ары - РСК)" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- экинчи жана төртүнчү абзацтарындагы "РУОР" деген аббревиатура "РСК" деген аббревиатура менен алмаштырылсын, "окуу жайда" деген сөздөр "колледжде" деген сөз менен алмаштырылсын.

3. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министри

К.А. Боронов
