Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «»2020-жылдын 11-августундагы кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Евразиялык өнүктүрүү банкынын ортосундагы COVID-19 пандемиясынын шарттарында бюджетти колдоо үчүн Евразиялык турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун каражаттарынан финансылык кредит берүү жөнүндө макулдашууну ратификациалоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ 2020-жылдын 24-августу № 435 "2020-жылдын 11-августунда кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Евразиялык өнүктүрүү банкынын ортосундагы COVID-19 пандемиясынын шарттарында бюджетти колдоо үчүн Евразиялык турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун каражаттарынан финансылык кредит берүү жөнүндө макулдашууну ратификациалоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине жана 80-беренесинин 2-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Төмөнкү тиркелгендер жактырылсын:
1) "2020-жылдын 11-августунда кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Евразиялык өнүктүрүү банкынын ортосундагы COVID-19 пандемиясынын шарттарында бюджетти колдоо үчүн Евразиялык турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун каражаттарынан финансылык кредит берүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
2) 2020-жылдын 11-августунда кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Евразиялык өнүктүрүү банкынын ортосундагы COVID-19 пандемиясынын шарттарында бюджетти колдоо үчүн Евразиялык турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун каражаттарынан финансылык кредит берүү жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен аталган мыйзамдын долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министри аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр
К.А. Боронов
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2020-жылдын 11-августунда кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Евразиялык өнүктүрүү банкынын ортосундагы COVID-19 пандемиясынын шарттарында бюджетти колдоо үчүн Евразиялык турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун каражаттарынан финансылык кредит берүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу 1-берене. 2020-жылдын 11-августунда кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Евразиялык өнүктүрүү банкынын ортосундагы COVID-19 пандемиясынын шарттарында бюджетти колдоо үчүн Евразиялык турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун каражаттарынан финансылык кредит берүү жөнүндө макулдашуу ратификациялансын. 2-берене. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Евразиялык өнүктүрүү банкына жогоруда көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө белгиленген тартипте кабарласын. 3-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
К.А. Боронов
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 24-августундагы № 435 токтому менен жактырылган
2020-жылдын 11-августунда кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Евразиялык өнүктүрүү банкынын ортосундагы COVID-19 пандемиясынын шарттарында бюджетти колдоо үчүн Евразиялык турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун каражаттарынан финансылык кредит берүү жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ 2020-жылдын 11-августунда кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Евразиялык өнүктүрүү банкынын ортосундагы COVID-19 пандемиясынын шарттарында бюджетти колдоо үчүн Евразиялык турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун каражаттарынан финансылык кредит берүү жөнүндө макулдашуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келет. "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык макулдашуунун долбоорлору кол коюлганга чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин профилдик комитеттери: Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети, Бюджет жана финансы боюнча комитети менен макулдашылган жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 7-июлундагы № 241-б буйругу менен жактырылган. Экономиканын бардык негизги секторлорунда экономикалык активдүүлүктүн олуттуу басаңдашы, анын ичинде 2020-жылдын 22-мартынан тартып өзгөчө кырдаалдар режими киргизилгендигине байланыштуу, үчүнчү өлкөлөрдөн жана Евразия экономикалык бирлигигин өлкөлөрүнөн алынуучу импорт салыгы менен катар эле ички салыктар боюнча кирешелердин түшүшүнө алып келди. Салыктын бул түрлөрү боюнча түшүүлөрдүн кыскарышы республикалык гана эмес, ошону менен бирге жергиликтүү бюджеттердин аткарылышына терс таасир этип, негизги социалдык милдеттенмелерди аткаруу боюнча олуттуу бюджеттик тобокелдиктерди жаратууда. Түзүлгөн кырдаалга байланыштуу 2020-жылдын республикалык бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүү зарылчылыгы келип чыкты. Мисалы, 2020-жылга республикалык бюджетке толуктоолорду киргизүү боюнча мыйзамда республикалык бюджеттин жалпы кирешелери бекитилген бюджетке салыштырмалуу 28,4 млрд сомго же 17,3%га азайып, 135,3 млрд сом өлчөмүндө аныкталган. Бюджеттин тартыштыгын жабуу үчүн, Евразиялык стабилдүүлүк жана өнүгүү фонду 100,0 млн. АКШ доллары өлчөмүндө каржылык жардамды 20 жылдык мөөнөткө берүүгө ниеттенүүдө, анын ичинде: 10 жыл - жеңилдетилген мезгил, жылдык пайыздык ставкасы - 1%. Кредиттик каражаттарды жабуу ушул Макулдашуунун шарттарына ылайык республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат. Макулдашууну ратификациялоо кандайдыр бир финансы-экономикалык жана башка терс кесепеттерге алып келбейт.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- КР Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 3-сентябрындагы № 4080-VI "2020-жылдын 11-августунда кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Евразиялык өнүктүрүү банкынын ортосундагы COVID-19…Постановление · 03.09.2020 · № 4080-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 3-сентябрындагы № 4081-VI "2020-жылдын 11-августунда кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Евразиялык өнүктүрүү банкынын ортосундагы COVID-19…Постановление · 03.09.2020 · № 4081-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 3-сентябрындагы № 4082-VI "2020-жылдын 11-августунда кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Евразиялык өнүктүрүү банкынын ортосундагы COVID-19…Постановление · 03.09.2020 · № 4082-VI
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндөЗакон · 24.04.2014 · № 64
- 2020-жылдын 11-августунда кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Евразиялык өнүктүрүү банкынын ортосундагы COVID-19 пандемиясынын шарттарында бюджетти колдоого Евразиялык…Закон · 19.09.2020 · № 145
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон