# КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-июнундагы № 291 "Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Лебединовка айыл аймагындагы жерлерди "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которуу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-июнундагы № 291 "Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Лебединовка айыл аймагындагы жерлерди "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которуу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 291
- Кабыл алынган күнү: 03.06.2020
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.06.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/157935>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-20683/edition/1112921/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/157935.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.06.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-июнундагы № 291 "Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Лебединовка айыл аймагындагы жерлерди "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которуу жөнүндө" токтому (03.06.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/157935

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ 2020-жылдын 3-июну № 291 Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Лебединовка айыл аймагындагы жерлерди "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Лебединовка айыл аймагындагы калктуу конуштардын аймактарын кеңейтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-беренесине, "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине жана "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө", "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 2-августундагы № 79 Мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2019-жылдын 24-июлундагы № ЭА-05-427 корутундусун, Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясынын 2019-жылдын 20-майындагы № 155-б буйругун, Аламүдүн районунун Лебединовка айылдык кеңешинин 2008-жылдын 13-июнундагы № 17 токтомун, Аламүдүн районунун Лебединовка айыл өкмөтүнүн 2009-жылдын 27-апрелиндеги № 170 токтомун эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Лебединовка айыл аймагындагы № 218 контурунда жайгашкан жеке менчиктеги 18,4 га сугат айдоо жерлери "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которулсун.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү, Чүй облусунун Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясы, Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Лебединовка айыл өкмөтү инфратүзүмдү камсыз кылуу менен байланышкан чыгымдар "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык ушул токтомдун 1-пунктунда аталган которулуучу (трансформациялануучу) жерлердин менчик ээсине жүктөлө тургандыгын көңүлгө алышсын.

3. Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясы төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:

- жерлерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү;

- ушул токтомдун 1-пунктунда аталган жерлерди максаттуу багыты боюнча пайдаланууну.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө, уюштуруу-инспектордук иштер жана региондук өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.

5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр

К.А. Боронов
