Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 4 августундагы № 411 «»Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана оруктагы эмгекчилер жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2020-жылдын 4 августу № 411 "Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана оруктагы эмгекчилер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу жөнүндө "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.Н.Шыкмаматов, Н.В.Никитенко тарабынан демилгеленген "Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана оруктагы эмгекчилер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министр
К.А. Боронов
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 4-августундагы № 411 токтому менен жактырылган
"Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана оруктагы эмгекчилер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.Н.Шыкмаматов, Н.В.Никитенко тарабынан демилгеленген ''Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана оруктагы эмгекчилер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун (мындан ары - мыйзамдын долбоору) карап чыгып, төмөнкүдөй корутундуга келди.
1. Мыйзамдын долбоорунун 1-беренеси менен ''Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана оруктагы эмгекчилер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 25-беренесинин 21-пунктун жаңы редакцияда баяндоо сунушталууда, ага ылайык "Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон жана/же дайынсыз жоголгон аскер кызматчысынын коюлган жери табылган учурда, анын үй-бүлөсү (жакын туугандары) (бирок, аларды коштоого зарыл болгон эки кишиден ашык эмес) Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин каражаттарынын эсебинен көмүлгөн жерге барууга жана кайра келүүгө укуктуу. Улуу Ата Мекендик согушта дайынсыз жоголгон аскер кызматчысынын жакын туугандары (аларды коштогон адам), эгерде алар социалдык жактан аярлуу калктын катмарына таандык болсо, көмүлгөн жерге барууга жана кайра келүүгө укуктуу".
Мыйзамдын долбоорунун негиздеме-маалым катына ылайык Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында дайынсыз жоголгон кыргызстандыктардын саны 56 миңге жакын. Мында мыйзамдын долбоорунун негиздеме-маалым катында бул Мыйзамдын долбоорун кабыл алуу республикалык бюджеттен кошумча каржылоону талап кылбай тургандыгы белгиленген. Бирок аталган мыйзамдын долбоорун кабыл алуу республикалык бюджеттин эсебинен жабылуучу кошумча финансылык чыгымдарды болжолдой тургандыгын белгилей кетүү зарыл, анткени аскер кызматчысынын көмүлгөн жерине барууга жана кайра келүүгө байланышкан чыгымдарды каржылоого кошумча каражаттар талап кылынат. Алсак, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдын ала эсептөөлөрүнө ылайык, бир адамга кетүүчү чыгым (эки тарапка авиа учуу, виза, камсыздандыруу, Германия Федеративдик Республикасында жашоо) орточо 170800 сомду түзгөн. Ушуга байланыштуу, мыйзамдын долбоорунун негиздеме-маалым катын мыйзамдын долбоору кабыл алынган учурда зарыл болгон финансылык эсептер менен толуктоо зарыл деп эсептейбиз, анткени колдонуудагы мыйзамдарда республикалык бюджеттен ушул сыяктуу чыгымдар каралган эмес. Муну менен бирге Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык мамлекеттик бюджеттин эсебинен жабылуучу чыгымдарды көбөйтүүнү караган мыйзам долбоорлору Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан каржылоо булагы аныкталгандан кийин Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынышы мүмкүн экендигине көңүл буруу керек. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 5-беренесине ылайык мамлекеттин каржылык милдеттенмелерин өзгөртүү жөнүндө, республикалык бюджеттен каржылануучу бюджет чыгашаларын көбөйүү жөнүндө, же болбосо анын ресурстарын кыскартууну караган мыйзамдардын долбоорлору Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн макулдугу менен гана кабыл алынат. "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 26-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык жүзөгө ашыруу мамлекеттик бюджеттен каржылоого алып келүүчү ченемдик укуктук актылар алар боюнча каржылоо булагы аныкталганга чейин кабыл алынбоого тийиш. Мында мыйзамдын долбоорунда көрсөтүлгөн максаттарга финансылык каражаттар "Кыргыз Республикасынын 2020-жылга республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралбаганын эске алуу керек. Ушуну менен бирге өлкөнүн экономикасына коронавирустук инфекциянын (COVID-2019) тийгизген терс таасирин эске алуу менен, бүгүнкү күндө аталган мыйзамдын долбоорун ишке ашыруу үчүн каржылоо булагын аныктоо мүмкүн эмес.
2. Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин үчүнчү жана төртүнчү абзацтарында Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органынын аталышы колдонулат.
Мында Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык Кыргыз Республикасында аткаруу бийлигин Өкмөт ага баш ийген министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар ишке ашыра тургандыгын белгилей кетүү керек. Өкмөт аткаруу бийлигинин жогорку органы болуп эсептелет, министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациянын органдарынын ишин жетектейт. "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 11-беренесине ылайык Өкмөт конституциялык Мыйзамда көрсөтүлгөн ыйгарым укуктарга негизденүү менен аларды ишке ашыруу боюнча милдеттерди министрликтердин мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын ортосунда бөлүштүрөт. Функцияларды бөлүштүрүү жогоруда аталган мамлекеттик органдар жөнүндө укуктук статусун, уюштурулушун, иш тартибин, алардын укугун, милдеттерин, жоопкерчиликтерин деталдуу регламенттөөчү, ошондой эле алардын башка органдар, мекемелер жана жарандар менен өз ара аракеттенүүсүн аныктоочу жоболорду бекитүү аркылуу жүзөгө ашырылат. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө баш ийген аткаруу бийлигинин органдарынын ишине, ыйгарым укуктарына жана функцияларына тиешелүү кандайдыр бир ченемдерди мыйзамдык деңгээлде бекитүү "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө'' Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын жогоруда аталган беренесине каршы келет, ушуга байланыштуу мыйзамдын долбоорунда аткаруу бийлигинин системасына кирген мамлекеттик органдардын аталышын көрсөтүүнү максатка ылайыксыз деп эсептейбиз. Жогоруда баяндалгандардын негизинде, ошондой эле бюджеттик ресурстардын чектелүүлүгүнө, республикалык бюджеттин олуттуу дефицит болушуна жана кирешелердин түшүшүнүн төмөндөшүнө байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бүгүнкү күндө жогоруда аталган мыйзамдын долбоорун кабыл алууну максатка ылайыксыз деп эсептейт.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 6 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (6)
- Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана оруктагы эмгекчилер жөнүндөЗакон · 08.05.1996 · № 14
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөЗакон · 20.07.2009 · № 241
- Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексиКодекс · 16.05.2016 · № 59
- Кыргыз Республикасынын 2020-жылга республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндөЗакон · 23.12.2019 · № 143
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон