# КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 8-июнундагы № 309 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 26-апрелиндеги № 242 "Шайлоо жана референдумду өткөрүү мезгилине Кыргыз Республикасынын аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынын төрагаларына, катчыларына, мүчөлөрүнө сый акынын өлчөмдөрүн белгилөө жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 8-июнундагы № 309 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 26-апрелиндеги № 242 "Шайлоо жана референдумду өткөрүү мезгилине Кыргыз Республикасынын аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынын төрагаларына, катчыларына, мүчөлөрүнө сый акынын өлчөмдөрүн белгилөө жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 309
- Кабыл алынган күнү: 08.06.2020
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.06.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/157931>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-20679/edition/1118788/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/157931.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.06.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 8-июнундагы № 309 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 26-апрелиндеги № 242 "Шайлоо жана референдумду өткөрүү мезгилине Кыргыз Республикасынын аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынын төрагаларына, катчыларына, мүчөлөрүнө сый акынын өлчөмдөрүн белгилөө жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (08.06.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/157931

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ 2020-жылдын 8-июну № 309 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 26-апрелиндеги № 242 "Шайлоо жана референдумду өткөрүү мезгилине Кыргыз Республикасынын аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынын төрагаларына, катчыларына, мүчөлөрүнө сый акынын өлчөмдөрүн белгилөө жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 8-августундагы № 116 конституциялык Мыйзамынын 3-беренесин, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 8-августундагы № 117 Мыйзамынын 1-беренесин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 26-апрелиндеги № 242 "Шайлоо жана референдумду өткөрүү мезгилине Кыргыз Республикасынын аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынын төрагаларына, катчыларына, мүчөлөрүнө сый акынын өлчөмдөрүн белгилөө жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1. Шайлоо жана референдумду өткөрүү мезгилине аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынын төрагаларына, катчыларына, мүчөлөрүнө жана ишке тартылган операторлорго ай сайын төлөнүүчү сый акынын өлчөмдөрү тиркемеге ылайык белгиленсин.";

2) жогоруда аталган токтомдун тиркемесинде:

- аталашы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Шайлоо жана референдумду өткөрүү мезгилине аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынын төрагаларына, катчыларына, мүчөлөрүнө жана ишке тартылган операторлорго ай сайын төлөнүүчү сый акынын өлчөмдөрү";

- төмөнкүдөй мазмундагы 6 жана 7-пункттар менен толукталсын:

"

6

Участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү (шайлоо жана референдум өткөрүүдө жарандарды идентификациялоо боюнча жабдуулардын операторлору)

3000

7

Кыргыз Республикасында шайлоо жана референдум өткөрүүдө жарандарды идентификациялоо боюнча техникалык кызмат көрсөтүүлөрдү камсыздаган Борбордук шайлоо комиссиясынын ишке тартылган операторлору

3000

".

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 8-декабрындагы № 645 "Кыргыз Республикасында шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүүдө шайлоо участокторунда техникалык кызмат көрсөтүүлөрдү камсыздоо жана жарандарды идентификациялоо үчүн тартылган адамдарга компенсациянын жана акы төлөөнүн өлчөмдөрүн белгилөө жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

3. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2020-жылдын 10-февралынан тартып күчүнө кирет.

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр

К.А. Боронов
