Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 26-апрелиндеги № 242 „Шайлоо жана референдумду өткөрүү мезгилине Кыргыз Республикасынын аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынын төрагаларына, катчыларына, мүчөлөрүнө сый акынын өлчөмдөрүн белгилөө жөнүндө“ токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ 2020-жылдын 8-июну № 309 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 26-апрелиндеги № 242 "Шайлоо жана референдумду өткөрүү мезгилине Кыргыз Республикасынын аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынын төрагаларына, катчыларына, мүчөлөрүнө сый акынын өлчөмдөрүн белгилөө жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 8-августундагы № 116 конституциялык Мыйзамынын 3-беренесин, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 8-августундагы № 117 Мыйзамынын 1-беренесин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 26-апрелиндеги № 242 "Шайлоо жана референдумду өткөрүү мезгилине Кыргыз Республикасынын аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынын төрагаларына, катчыларына, мүчөлөрүнө сый акынын өлчөмдөрүн белгилөө жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Шайлоо жана референдумду өткөрүү мезгилине аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынын төрагаларына, катчыларына, мүчөлөрүнө жана ишке тартылган операторлорго ай сайын төлөнүүчү сый акынын өлчөмдөрү тиркемеге ылайык белгиленсин.";
2) жогоруда аталган токтомдун тиркемесинде:
- аталашы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Шайлоо жана референдумду өткөрүү мезгилине аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынын төрагаларына, катчыларына, мүчөлөрүнө жана ишке тартылган операторлорго ай сайын төлөнүүчү сый акынын өлчөмдөрү";
- төмөнкүдөй мазмундагы 6 жана 7-пункттар менен толукталсын:
"
6
Участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү (шайлоо жана референдум өткөрүүдө жарандарды идентификациялоо боюнча жабдуулардын операторлору)
3000
7
Кыргыз Республикасында шайлоо жана референдум өткөрүүдө жарандарды идентификациялоо боюнча техникалык кызмат көрсөтүүлөрдү камсыздаган Борбордук шайлоо комиссиясынын ишке тартылган операторлору
3000
".
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 8-декабрындагы № 645 "Кыргыз Республикасында шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүүдө шайлоо участокторунда техникалык кызмат көрсөтүүлөрдү камсыздоо жана жарандарды идентификациялоо үчүн тартылган адамдарга компенсациянын жана акы төлөөнүн өлчөмдөрүн белгилөө жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2020-жылдын 10-февралынан тартып күчүнө кирет.
Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр
К.А. Боронов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 3
Цитата келтиргендер (2)
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 26-апрелиндеги № 242 "Шайлоо жана референдумду өткөрүү мезгилине Кыргыз Республикасынын аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынын төрагаларына…Постановление · 26.04.2017 · № 242
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 8-декабрындагы № 645 "Кыргыз Республикасында шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүүдө шайлоо участокторунда техникалык кызмат көрсөтүүлөрдү камсыздоо…Постановление · 08.12.2016 · № 645 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (5)
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 26-апрелиндеги № 242 "Шайлоо жана референдумду өткөрүү мезгилине Кыргыз Республикасынын аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынын төрагаларына…Постановление · 26.04.2017 · № 242
- Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын…Закон · 08.08.2019 · № 116
- Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралууЗакон · 08.08.2019 · № 117
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 8-декабрындагы № 645 "Кыргыз Республикасында шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүүдө шайлоо участокторунда техникалык кызмат көрсөтүүлөрдү камсыздоо…Постановление · 08.12.2016 · № 645 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (3)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 2-июлундагы № 68 "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Конституциялык…Конституционный Закон · 02.07.2011 · № 68
- Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндөЗакон · 14.07.2011 · № 98
- Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндөЗакон · 31.10.2016 · № 173 · Күчүн жоготкон