Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 2-майындагы № 202 „Кыргыз Республикасынын жарандык аба кемелеринин реестрине киргизилчү жарандык аба кемелери жөнүндө“ токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому
ПОСТАНОВЛЕНИЕ ПРАВИТЕЛЬСТВА КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ 2020-жылдын 25-февралы № 114 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 2-майындагы № 202 "Кыргыз Республикасынын жарандык аба кемелеринин реестрине киргизилчү жарандык аба кемелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Жарандык авиация жаатындагы иштерди мамлекеттик жөнгө салууну ишке ашыруу жана ата мекендик жарандык авиацияны өнүктүрүү, региондордун калкы үчүн товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын Аба кодексине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 2-майындагы № 202 "Кыргыз Республикасынын жарандык аба кемелеринин реестрине киргизилчү жарандык аба кемелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 1-пунктунун экинчи-бешинчи абзацтары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- чыгарылган датасынан тартып 50 жылдан ашпаган, коммерциялык жүк ташууларга арналган аба кемелеринен тышкары, чыгарылган датасынан тартып 25 жылдан ашкан аба кемелерин Кыргыз Республикасынын жарандык аба кемелеринин мамлекеттик реестрине киргизүүгө;
- чыгарылган датасынан тартып 50 жылдан ашкан жүк ташуучу аба кемелерин эксплуатациялоого;
- чыгарылган датасынан тартып 40 жылдан ашкан, мурда Кыргыз Республикасынын жарандык аба кемелеринин мамлекеттик реестрине киргизилген аба кемелеринде жүргүнчүлөрдү ташууга.";
- 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Учууга жараксыздыгына байланыштуу акыркы 2 жыл ичинде учпай турган аба кемелери Кыргыз Республикасынын жарандык аба кемелеринин мамлекеттик реестринен чыгарылсын.";
- 3-пунктундагы "коммуникациялар" деген сөз "жол" деген сөз менен алмаштырылсын;
- 3-1-пункту күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигине жүктөлсүн.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр
М.Д. Абылгазиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Өкүмөтүнүн 2008-жылдын 2-майындагы № 202 "Кыргыз Республикасынын жарандык аба кемелеринин реестрине киргизилчү жарандык аба кемелери жөнүндө" токтомуПостановление · 02.05.2008 · № 202
- Кыргыз Республикасынын АбаКодекс · 06.08.2015 · № 218
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон