# КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 14-сентябрындагы № 483 "2021-2023-жылдарга Кыргыз Республикасынын фискалдык саясатынын негизги багыттары жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 14-сентябрындагы № 483 "2021-2023-жылдарга Кыргыз Республикасынын фискалдык саясатынын негизги багыттары жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 483
- Кабыл алынган күнү: 14.09.2020
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 15.09.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/157906>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-20658/edition/1110093/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/157906.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.09.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 14-сентябрындагы № 483 "2021-2023-жылдарга Кыргыз Республикасынын фискалдык саясатынын негизги багыттары жөнүндө" токтому (15.09.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/157906

---

КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-сентябрындагы № 169 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ 2020-жылдын 14-сентябры № 483 2021-2023-жылдарга Кыргыз Республикасынын фискалдык саясатынын негизги багыттары жөнүндө Республикалык бюджеттин 2021-2023-жылдарга алдыдагы чыгымдарын болжолдоо максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 82-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

1) 2021-2023-жылдарга Кыргыз Республикасынын фискалдык саясатынын негизги багыттары, 1-тиркемеге ылайык;

2) 2021-2023-жылдарга бюджетти түзүү үчүн бюджеттин параметрлери жана контролдук цифралар, 2-тиркемеге ылайык.

2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги "Кыргыз Республикасынын 2021-жылга республикалык бюджети жана 2022-2023-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун даярдоодо жүгүртүлүүчү кассалык накталай акчаны 500,0 млн. сомдон кем эмес өлчөмдө белгилесин.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 12-сентябрындагы № 469 "2020-2022-жылдарга Кыргыз Республикасынын фискалдык саясатынын негизги багыттары жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

К.А. Боронов
