# КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 10-майындагы № 243 "Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 10-майындагы № 243 "Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 243
- Кабыл алынган күнү: 10.05.2020
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.08.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/157905>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-20657/edition/1082996/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/157905.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.08.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 10-майындагы № 243 "Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (18.08.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/157905

---

КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 18-августундагы № 146 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ 2020-жылдын 10-майы № 243 Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 134 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун маселелери" жөнүндө токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун жобосунда:

11-пунктунун тогузунчу абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "- Фонддун борбордук аппаратынын жана анын карамагындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун алдындагы "Аукциондук борбор" мамлекеттик мекемесинин түзүмүн жана штаттык ырааттамасын аныкталган штаттык санынын чегинде бекитет;".

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 16-декабрындагы № 681 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун алдындагы "Аукциондук борбор" мамлекеттик мекемеси жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун алдындагы "Аукциондук борбор" мамлекеттик мекемеси жөнүндө жободо:

19-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "19. Мамлекеттик мекеменин түзүмүн, штаттык ырааттамасын жана кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттарын Фонддун төрагасы бекитет."; 21-пунктунун тогузунчу абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "- Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык үстөк белгилейт, кызматкерлерди сыйлоо жөнүндө жобону бекитет;".

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 19-майындагы № 39 (3111) жарыяланды

Премьер-министр

М.Д. Абылгазиев
