# КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 27-июлундагы № 396 "2017-жылдын 9-июнунда Астана шаарында кол коюлган Шанхай кызматташтык уюмунун Экстремизмге каршы аракеттенүү боюнча конвенциясын аткарууга жооптуу Кыргыз Республикасынын компетенттүү органдары жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 27-июлундагы № 396 "2017-жылдын 9-июнунда Астана шаарында кол коюлган Шанхай кызматташтык уюмунун Экстремизмге каршы аракеттенүү боюнча конвенциясын аткарууга жооптуу Кыргыз Республикасынын компетенттүү органдары жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 396
- Кабыл алынган күнү: 27.07.2020
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.08.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/157904>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-20656/edition/1080755/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/157904.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.08.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 27-июлундагы № 396 "2017-жылдын 9-июнунда Астана шаарында кол коюлган Шанхай кызматташтык уюмунун Экстремизмге каршы аракеттенүү боюнча конвенциясын аткарууга жооптуу Кыргыз Республикасынын компетенттүү органдары жөнүндө" токтому (18.08.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/157904

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ 2020-жылдын 27-июлу № 396 2017-жылдын 9-июнунда Астана шаарында кол коюлган Шанхай кызматташтык уюмунун Экстремизмге каршы аракеттенүү боюнча конвенциясын аткарууга жооптуу Кыргыз Республикасынын компетенттүү органдары жөнүндө (КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 18-августундагы № 143 токтомунун редакциясына ылайык) "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 32-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. 2017-жылдын 9-июнунда Астана шаарында кол коюлган Шанхай кызматташтык уюмунун Экстремизмге каршы аракеттенүү боюнча конвенциясын аткарууга жооптуу компетенттүү органдар катары Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы (макулдашуу боюнча), Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы аныкталсын.

(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 18-августундагы № 143 токтомунун редакциясына ылайык)

2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Шанхай кызматташтык уюмунун катчылыгына жогоруда аталган Конвенцияны аткарууга жооптуу компетенттүү органдар тууралуу белгиленген тартипте кабарласын.

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 11-августундагы № 63 (3135) жарыяланды

Премьер-министр

К.А. Боронов
