Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «2017-жылдын 9-июнунда Астана шаарында кол коюлган Шанхай кызматташтык уюмунун Экстремизмге каршы аракеттенүү боюнча конвенциясын аткарууга жооптуу Кыргыз Республикасынын компетенттүү органдары жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ 2020-жылдын 27-июлу № 396 2017-жылдын 9-июнунда Астана шаарында кол коюлган Шанхай кызматташтык уюмунун Экстремизмге каршы аракеттенүү боюнча конвенциясын аткарууга жооптуу Кыргыз Республикасынын компетенттүү органдары жөнүндө (КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 18-августундагы № 143 токтомунун редакциясына ылайык) "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 32-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. 2017-жылдын 9-июнунда Астана шаарында кол коюлган Шанхай кызматташтык уюмунун Экстремизмге каршы аракеттенүү боюнча конвенциясын аткарууга жооптуу компетенттүү органдар катары Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы (макулдашуу боюнча), Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы аныкталсын.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 18-августундагы № 143 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Шанхай кызматташтык уюмунун катчылыгына жогоруда аталган Конвенцияны аткарууга жооптуу компетенттүү органдар тууралуу белгиленген тартипте кабарласын.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 11-августундагы № 63 (3135) жарыяланды
Премьер-министр
К.А. Боронов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндөЗакон · 24.04.2014 · № 64
2 ичинен 1 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.