Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 29-сентябрындагы № 628 „Турукташтыруу режимин колдонуу тартиби жана шарттары жөнүндө жобону бекитүү тууралуу“ токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ 2020-жылдын 7-декабры № 597 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 29-сентябрындагы № 628 "Турукташтыруу режимин колдонуу тартиби жана шарттары жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Турукташтыруу режимин колдонуу тартиби жана шарттары жөнүндө жобону ишке ашыруу маселелерин сапаттуу иштеп чыгуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 29-сентябрындагы № 628 "Турукташтыруу режимин колдонуу тартиби жана шарттары жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Турукташтыруу режимин колдонуу тартиби жана шарттары жөнүндө жободо:
- 10-пунктунун биринчи абзацындагы "10 иш күнүнөн" деген сөздөр "14 иш күнүнөн" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 11-пунктундагы "10 иш күнүнөн" деген сөздөр "60 (алтымыш) календардык күндөн" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2021-жылдын 5-январындагы № 1 (3180) жарыяланды
Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр
А.Э. Новиков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (2)
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 29-сентябрындагы № 628 "Турукташтыруу режимин колдонуу тартиби жана шарттары жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 29.09.2017 · № 628
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон