# КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 4-декабрындагы № 594 "Терроризм актысынын натыйжасында жабыр тарткан адамдарды реабилитациялоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 4-декабрындагы № 594 "Терроризм актысынын натыйжасында жабыр тарткан адамдарды реабилитациялоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 594
- Кабыл алынган күнү: 04.12.2020
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.12.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/157888>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-20644/edition/1077499/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/157888.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.12.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 4-декабрындагы № 594 "Терроризм актысынын натыйжасында жабыр тарткан адамдарды реабилитациялоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому (04.12.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/157888

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ 2020-жылдын 4-декабры № 594 Терроризм актысынын натыйжасында жабыр тарткан адамдарды реабилитациялоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу Терроризм актысынын натыйжасында жабыр тарткан адамдарды реабилитациялоо жана аларды кадимки жашоо-тиричиликке кайтаруу максатында, "Терроризмге каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Терроризм актысынын натыйжасында жабыр тарткан адамдарды реабилитациялоо тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Терроризм актысынын натыйжасында жабыр тарткан адамдарды реабилитациялоого тартылган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары ушул токтомдон келип чыгуучу бардык зарыл чараларды көрүшсүн.

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2021-жылдын 5-январындагы № 1 (3180) жарыяланды

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр

А.Э. Новиков
