Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Терроризм актысынын натыйжасында жабыр тарткан адамдарды реабилитациялоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ 2020-жылдын 4-декабры № 594 Терроризм актысынын натыйжасында жабыр тарткан адамдарды реабилитациялоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу Терроризм актысынын натыйжасында жабыр тарткан адамдарды реабилитациялоо жана аларды кадимки жашоо-тиричиликке кайтаруу максатында, "Терроризмге каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Терроризм актысынын натыйжасында жабыр тарткан адамдарды реабилитациялоо тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Терроризм актысынын натыйжасында жабыр тарткан адамдарды реабилитациялоого тартылган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары ушул токтомдон келип чыгуучу бардык зарыл чараларды көрүшсүн.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2021-жылдын 5-январындагы № 1 (3180) жарыяланды
Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр
А.Э. Новиков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- Терроризимге каршы аракеттенүү жөнүндөЗакон · 08.11.2006 · № 178 · Күчүн жоготкон